Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Жалал-Абадда айрым район акимдери алмашат


Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон жана Аксы райондоруна ушул апта ичи жаны аким дайындалат. Базар-Коргондун район башчысы Таалайбек Долдоев кызматтан кетүүгө арыз жазса, Аксынын мурдагы акими Медетбек Айдаралиев өткөн жылы башка жумушка которулгандыгына байланыштуу орду бош турат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун акимдеринин үстүнөн кылмыш иши козголуп, сотто каралып жатат. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.

Өткөн аптада өкмөт башчынын жарлыгына ылайык Жалал-Абаддын Ноокен, Чүйдүн Кемин, Оштун Ноокат жана Таластын Манас райондорунун акимдери жаңы дайындалган. (RsK)

XS
SM
MD
LG