Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Ооган үй-бүлөсүнүн 11 мүчөсү жардыруудан мүрт кетти


Ооган полициясы
Ооган полициясы

Ооганстандын Лагман провинциясынын Баад Пах районунда белгисиз адам бир үйгө колго жасалган эки гранатаны ыргытып, андан бир үй-бүлөнүн 11 мүчөсү мүрт кетти.

Провинциянын расмий өкүлдөрү кабарлагандай, 19-февралдын түнүндө болгон окуядан набыт болгон жайкын тургундардын арасында аялдар жана балдар да бар. Үй-бүлөнүн үч өкүлү жаракат алганы кабарланды.

Чагымчыл кол салуу Кабул-Жалалабад жолунун түндүгүндөгү Марват Касе аймагында болгон. Аны ким, эмне максатта уюштурганы азырынча айтыла элек.

XS
SM
MD
LG