Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Ажылык сапарга каттоо өлкөнүн 32 жеринде жүргүзүлүп жатат


Кыргызстанда быйылкы ажылыкка барчуларды каттоо өлкөнүн 32 жеринде ачылган атайын пункттарда жүрүп жатат. Муфтияттан кабарлашкандай, каалоочулар 6-мартка чейин облустук, шаардык казыяттарга жана алардын райондук бөлүмдөрүнө кайрылышы керек. Документтерди кабыл алуу 6-февралда башталган.

Ажылыкка бара тургандар РСК банкка 500 сом төлөгөн эсеп-дүмүрчөк менен тизмеге киргизилет. Толук маалымат казыят өкүлдөрүнөн алынат.

Сауд Арабия өкмөтү ажылык үчүн быйыл Кыргызстанга 4585 квота берген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 900гө көп.

Ажылык амалдары Курман айт майрамында жасалат.

Зыяратчыларды ташыганга авиакомпанияларды тандоо сынагы жарыяланган. Ага Кыргызстандын жана Сауд Арабиянын авиакомпаниялары катыша алат. (SE)

XS
SM
MD
LG