Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Малайзия Пхеньяндагы элчисин чакыртып алды


Ким Чен Нам
Ким Чен Нам

Ким Чен Намдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Түндүк Корея менен Малайзиянын араздашуусу күч алып, 20-февралда Малайзия Пхеньяндагы элчисин чакыртып алды.

Малайзиянын тышкы иштер министрлиги Түндүк Кореянын элчисин сүйлөшүүгө чакырып, “малай өкмөтү сырт күчтөрдүн таасиринде болууда” деген сөзүнө түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Өлкө бийлиги Куала-Лумпур аба майданындагы видео камералар тартып калган кадрларды жарыялады. Анда 13-февралда Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын аталаш агасы Ким Чен Намга эки аялдын кол салуусу тартылган. Ал жүзүнө ууланган жоолук сүртүлгөндөн кийин ооруканага жетпей жан берген.

Малайзиянын саламаттык сактоо министри Субраманиям Сатасивам маркум Ким Чен Намдын эмнеден ууланганын аныктоо үчүн убакыт керектигин билдирди.

Алдын-ала жыйынтыктар 22-февралда чыгары айтылууда. Ким Чен Намга кол салган аял кармалды. Азыр кылмышка шектүү дагы үч киши изделүүдө. Түштүк Корея жана АКШ кол салууну Түндүк Корея чалгынчылары уюштурду деп билдирген. Пхеньян анын өкүлдөрүн катыштырбай сөөктү ачууга каршылык билдирип, маркумду өткөрүп берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG