Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Женевада Сирия боюнча сүйлөшүү өтүүдө


Стаффан де Мистура Женевадагы сүйлөшүү учурунда.
Стаффан де Мистура Женевадагы сүйлөшүү учурунда.

Женевада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы өтүп жатат. Улуттар уюмунун атайын чабарманы Стаффан де Мистура Дамаск өкүлү Башар аль-Жафари жана оппозициянын мүчөсү Наср аль-Харири менен өз-өзүнчө жолугушууда.

Жыйында Сириянын болочок өкмөтүнүн форматы, жаңы Конституциянын долбоору, шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтү талкууланмакчы.

Улуттар уюмунун арачылыгы менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы былтыр апрелде болгон.

Кризистин аскердик өңүтү Астана жолугушууларында талкуулангандыктан Женевада саясий маселелер гана сөз болууда.

Ал тапта сириялык активисттер билдиргендей, өткөн декабарда ок атышуу жарыяланганына карабай, бейшембиде өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулар Дераа жана Хама провинцияларында кармаштарын улантышты.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын март айында башталган. Андан бери БУУнун маалыматы боюнча, 300 миңден көп киши каза болду.

XS
SM
MD
LG