Полиция имараттын ичине киргенде барымтада кармалып отургандардын айрымдары качып чыккан. Маалыматтарга караганда, кафеге чабуул Сидней убактысы боюнча таңга жуук жасалды.
Медиктер айрым адамдарды замбилге салып көтөрүп чыккан.
Полиция чабуулду жергиликтүү маалымат булактары барымтачы 50 жаштагы Ман Харон Монис экенин аныкташкандан кийин жасады. Теги ирандык Монис сексуалдык зордук көрсөткөн жана адам өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып жаткан. Буга чейин тергөө учурунда күрөө төлөп, үйгө чыгарылган экен.
Ал дүйшөмбү таңында Сиднейдин чок ортосундагы кафеде белгисиз сандагы кишини барымтага алган.
Барымтага алуу Австралия бийликтери террор коркунучунун деңгээлин көтөрүп, ага каршы чара көрүп жаткан учурга туш келди.
Полициянын чабуулуна чейин...
Австралиядан түшкөн кабарларга жана жергиликтүү телканалдардын репортаждарына караганда, барымтага кириптер болгондор отурган имараттын айнегинен арабча жазуусу бар кара желек көргөзүлгөн.
Ал желек Сирия менен Ирактын айрым бөлүктөрүн ээлеп турган “Ислам мамлекети” тобунукуна окшош, бирок аныкы эмес.
Австралия премьер-министри Тони Эбботт барымта окуясына байланышкан телекайрылууда калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, барымтачынын аракетинде саясий жүйө болушу мүмкүндүгүн белгиледи:
- Биз кылмышкерлердин мотивациясын биле албай турабыз. Анын аракетинде саясий жүйө бар же жогунан да кабарсызбыз, бирок мунун белгилери бар. Саясий жүйөсү бар кыянатчылыктын көздөгөнү - адамдардын жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуу. Австралия тынчтыкты сүйгөн, ачык жана берешен коом. Муну эч нерсе өзгөртпөшү керек. Андыктан, мен австралиялыктарды бүгүнкү калыбынан жазбоого чакырам.
Сиднейден түшкөн кабарларда барымтачы адам премьер-министр Эбботт менен түз сүйлөштүрүүнү талап кылганы да айтылат, бирок полиция бул маалыматты ырастай элек.
Австралиянын эң ири шаары Сиднейдеги Lindt Australia кафесинде отургандар жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен, саат тогуз жарымдарда барымтага алынган. Аларды куралчан бир адам кармап турат. Барымтада калгандардын так саны белгисиз. Кафе ээлери элүүдөй киши десе, полиция алардын саны 15ке жетпесин айтууда. Кеминде беш киши барымтадан качып чыгууга үлгүргөн.
Сидней курамына кирген Жаңы Түштүк Уэльс штатынын полиция башчысы Эндрю Скипион мындай дейт:
- Биз муну терроризм катары кароого ыктап жатабыз. Азыркы этапта барымтачы менен байланышка чыга элекпиз, аны менен иш жүргүзгөн жокпуз.
Азыркы барымта окуясынан улам Австралия бийликтери Сиднейде көргөн чараларды айрым баяндамачылар 1978-жылы "Хилтон" мейманканасында болгон жарылуудан берки эң ири коопсуздук операциясы катары сыпатташууда.
Сиднейдин каржы жана соода борборундагы кафенин айланасындагы жолдор жабылып, кеңселерден адамдар эвакуацияланды. Ал тегеректе банктар жана дүкөндөр иштеген жок.
Полиция бомба барбы деген шек менен барымтачы ээлеген кафеден көп алыс эмес Сидней опера театрында да тинтүү жүргүздү.
АКШ Сиднейдеги консулдугунан кызматкерлерин эвакуациялады. Шаардын борбордук бөлүгүнүн үстү учуу үчүн жабык аймак деп жарыяланды.
Барымта окуясы Австралия бийликтер өлкөдө антитеррордук чараларды көрүп жаткан учурга туш келди. Быйыл сентябрда өкмөт “террор коркунучунун” деңгээлин көтөрүп, өлкө боюнча рейддерди өткөргөн эле.
Барымтанын жуп алдында полиция Сиднейде ыктымал террордук чабуулду пландоонун жана Австралия жарандарынын Сирияга кетишин иликтөөнүн алкагында бир адам камакка алынганын жарыялаган.
Маалыматтарга караганда, Ирак менен Сирияда 70тей австралиялык согушуп жүрөт жана радикалдашкан жаштардын көбөйүшү өлкө ичинде кол салуу жасалышы мүмкүн деген кооптонууларды күчөткөн.
Австралия “Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган коалициянын мүчөсү.