Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Байыркы балта 44 - 49 миң жылдай мурда Австралияда жасалган. Сизге чай куюп берип, дасторконду жыйнап, идиштерди жууп койчу робот жасалды. Кытайда зымсыз заряддалчу электробустар жүрө баштайт. Такай спорт менен машыккан адамдын эс-тутуму жакшырат.

Дүйнөдөгү байыркы балта

Австралиялык археологдор дүйнөдөгү эң байыркы балтанын уңгусунун сыныгын табышты. Батыш Австралиянын Кимберли районунда табылган уңгунун чоңдугу бармактын тырмагындай. “Табылга 44-49 миң жыл мурдагы таш дооруна таандык, балтаны адамдар Жашыл континентке келгенден көп узабай базальт ташын жылмалап жасашкан. Бул уңгу ага чейин табылган уңгудан 10 миң жылга эски” - деп айтылат Australian Archaelogy (Volume 82, Issue 1, 2016) журналындагы макалада.

“Бул табылга адамдар Австралияга келгенден кийин жаңы жердин байлыктарын пайдалануунун жолдорун издешип, жаңы технологиялар менен эксперимент жүргүзө баштаганын күбөлөйт”, - дейт макаланын автору, Сидней университетинин профессору Питер Хикок (Piter Hiscock).

Таш балта. Москвадагы аспаптар музейи.

Таш балта. Москвадагы аспаптар музейи.

Уңгунун сыныгын алгач 1990-жылдардын баш ченинде Австралия улуттук университетинин профессору Сью О’Коннор (Sue O’Connor) жетектеген археологдор тобу тапкан. Анын айтымында, Жапонияда балта 35000 жылдай мурда жасалган. Ал эми дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө балта 10 000 жыл мурда айыл чарбасы менен кошо пайда болгон.

“Аң уулоочулук кылып, топ-тобу менен жашаган адамдардын коому үчүн жылмаланып жасалган уңгу аябай маанилүү курал болгон,- дейт проф. О’ Коннор. - Адамдар Австралиянын башка аймактарына жайыла баштаганда балта жасоо технологиясы алар менен кошо жайылган эмес. Уңгу тропикалуу түндүктө гана жасалган”.

(Булагы: www.sciencedaily.com, http://www.businessinsider.com.au)

Үй шыпырып, чай куйган робот

АКШнын Alphabet холдингине караштуу Boston Dynamics' компаниясы үй кызматчысынын айрым иштерин аткарган роботту жасады. SpotMini роботунун тулку кадимки кыргыз тайганына окшойт, бирок башы жок. Колдун ордуна кызмат кылган узун моюну жыландын башына окшош жана ал баш оозун ачканда эки жаагы заттарды кычкачтай кыпчып алат. Робот кычкач колу менен чыныны, айнек фужерди дасторкондон алып, идиш жуугучка салып коёт.

Кааласаңыз муздаткычты ачып, калай же желим бөтөлкөдөгү сыраны (пиво), кымызды, коланы же чалапты сизге алып келип берет. Суусундуктардын бошогон идиштерин таштанды салчу челекке алып барып салат. Ордунда туруп, төрт аяктап шылкылдап бийлеп да жиберет. Тепкич менен өйдө-ылдый кадимкидей чыгып түшөт, эгер жолунда стол болсо, анын астынан жөрмөлөп же жойлоп өтүп кетет. Жыгылып калса, моюнуна таянып өзү турат. Бул роботтун салмагы 29,4 килограмм, батареясы 90 мүнөткө жетет. Тулку-бою электр менен иштегендиктен робот кыймылдаганда үн чыкпайт. SpotMini багытын жана кайда жүргөнүн стереоскопикалык камера менен аныктайт, ошондой эле адамдын жана башка нерселердин сөлөкөтүн көрүп, көлөмүн жана аларга чейинки аралыкты билет. Тулку боюндагы чиптер же сенсорлор роботтун денесинин абалын билдирип турат.

Boston Dynamics' компаниясын атактуу Toyota сатып алмакчы болуп жатканы жөнөнүндө маалыматтар бар. Toyota америкалык компанияны сатып алса, анын SpotMini жана башка ушул сыяктуу роботторуна ээ болуп калат. Boston Dynamics' компаниясында төө же ат сымал оор жүктөрдү ташый турган, кыркаяк жана башка курт-кумурскалардай дубалга жабышып чыкчу, бүргөдөй бийикке секирип чыгып кетчү, корумда жана шагылда жүрчү, адам ордуна жашик көтөрчү роботтору да бар. Өкмөттүк каражаттын эсебинен жасалган мындай роботтордун көбүнүн наркы кымбат баалуу автомобилдин баасынан кем болбойт. Ал эми SpotMini роботу, адистердин болжолунда, 10-12 миң доллар болушу ыктымал. (Кеңири маалымат үчүн: http://www.theverge.com/,http://www.techinsider.io, /http://www.simplebotics.com, http://www.theverge.com ж.б. караңыз)

Жакында Кытайда зымсыз заряддалчу электробустар жүрө баштайт

Экологияга зыяны жок бул автоунаа өлкө чыгышындагы Шандун провинциясынын Циндао шаарында пайда болот. Канаданын Bombardier компаниясы менен биргеликте ишке ашырылчу бул долбоорго ылайык, эксперимент мезгилинде 20 электробус кыска жана узун каттамга жолоочуларды ташыйт. Электробустар аялдамада орнотулган 200 кВт зымсыз заряддоочу системадан аккумулятордук батареясын заряддап алат. Кубаты 60 киловатт сааттык батарея магниттик талаанын жардамы менен 30 секундда заряддалат. Бул система автобустун салмагын 2 тоннадан көбүрөөк жеңилдетип, энергия керектөөсүн 15 пайызга азайтат. Буга катар электробуска стандарттуу автобуска караганда 12 жүргүнчү көп батат. Стандарттуу автобуска орточо 50 жүргүнчү батат. Бул типтеги электробустар азыр Германиянын Берлин жана Мангейм шаарларында жүргүнчүлөрдү ташыйт. (Булагы: http://english.cri.cn, http://russian.news.cn)

Кытай реактивдүү учакты өзү жасады

Өткөн жумада (21-июнь) толук бойдон кытай инженерлери тарабынан конструкцияланып, жергиликтүү өнөр жайчылар жасаган ARJ21-700 жүргүнчүлөр учагы пайдаланууга берилди. EU6679 каттамындагы учак алгачкы сапарында 70 жүргүнчүнү батыштагы Чэнду шаарынан Шанхайга эки саатта жеткирди. Бул Кытайдын өзүндө жасалган биринчи реактивдүү авиалайнер. Долбоор расмий Бээжиндин өлкөнү дүйнөнүн арзан ишканасынан авиация өнөр жайы, таза энергия технологиясы жана башка алдыңкы технологияга негизделген кирешелүү өндүрүшкө айлантуу стратегиясынын алкагында ишке ашырылды.

(Караңыз: www.thestar.com, http://economictimes.indiatimes.com/)

Эс-тутумуңузду күнүгө чуркап жакшыртыңыз

Күн сайын чуркаган адамдын эс-тутумунун жакшыруусунун бир себеби булчуң клеткалары бөлгөн катепсин В белогунун мээге берилгенине байланыштуу болушу ыктымал. АКШнын Карылык боюнча улуттук институтунун (National Institute on Aging) илимпоздору германиялык кесиптештери (Otto-von-Guericke University жана German Center for Neurodegenerative Diseases) менен кызматташтыкта чычкан, маймыл жана адам чуркагандан кийин алардын канында катепсин В белогу көбөйгөнүн жана ал булчуңдан мээге өтүшү мүмкүн экенин аныкташты.

Бир жумалык эксперимент маалында чычкандар көп козголбогондой абалда кармалган же күнүнө чуркатылып турган. Андан тышкары алар суунун бетинен бир аз төмөндөгү платформага жетиши керек болчу. Дени соо чычкандар андай тапшырманы улам аткарып жатышып, платформаны тез тапканды үйрөнүшкөн. Эң оболу чуркашып, анан платформаны издегени жөнөтүлсө, чуркап көнгөндөрү платформаны кантип тапканды тез эле эстеп калышкан. Ал эми канында катепсин В белогу жок же аз кыймылдаган чычкандар чоң аш табактай бассейндин ичиндеги платформа турган жайды эсинде сактай алан эмес.

Төрт ай бою спорт менен такай машыккан адамдар сыноо маалында элдир-селдир машыгуу жасагандарга салыштырмалуу бир нерсени эске жакшы туткан жана алардын канында катепсин В белогу көбөйгөн. Ошондой эле катепсин В белогун мээ клеткасына салганда, ал жаңы нерв клеткаларынын пайда болчу молекулалардын жаралуусуна өбөлгө түзгөн.

"Физикалык көнүгүүлөрдүн жардамы менен чычкандардын, макак түркүмүндөгү макак-резус маймылдардын жана адамдардын канындагы активдүүлүк жогорулатарын биздин изилдөө далилдеди", - дейт америкалык илимпоз-нейролог Генриетта ван Прааг (Henriette van Praag).

Илимпоздор эми белок гематоэнцефал барьеринен же мээге кантип өтөрүн, ошондой эле жаш улгайганда катепсин В белогун иштеп чыгуу кандай өзгөрөрүн аныктоого тийиш.

Мындай эксперимент Генриетта ван Праагдын айтышынча, такай спорт менен машыккан ден соолукка пайдалуу экенин шардана кылат.

"Канча убакытка чейин жана күнүнө канча саат машыгуу (спорт кылуу) керек?" деп бизден көп сурашат. Бул изилдөө узак мезгил машыкканда организмде олуттуу өзгөрүүлөр болорун ырастады",- дейт илимпоз. (Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://www.medicaldaily.com, http://news.xinhuanet.com/).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG