Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Менин атым Мээрим. Мен борбор шаарыбыздагы бүтүрүүчүлөрдүн “Исито” түрк окуу жайынын бүтүрүүчүсү болом. Тогуз жыл борбор шаарыбыздагы №79 мектебинде билим алдым.

Ар бир кесип ардактуу деп коюшат элибизде. Бир кесипке кичинесинен кызыгып, анын ээси болууну көздөп, кыялданып, көп аракеттенүү менен ошол кесипке жеткен, өз кесибин чындап сүйгөн адамдын колунан көп жакшы нерселер жаралат деген ойдомун. Мен чач тарачтык кесипке кичинемден кызыгам. Куурчактарымдын чачтарын алар үйлөнүү тоюна барчудай кылып жасалгалап, түстүү чүпөрөктөрдөн бантик жасап тагып ойногонду жакшы көрчүмүн. Менден беш жаш кичүү сиңдимдин чачы мен үчүн табылгыс эрмек эле. Анын чачы узун, калың болгондуктан ар түрдүүчө өрүп, кээде жазып алып ар түрдүү тарамдарды жасачумун. Атам менен апамдын "сен чын эле ушуга шыктуусуң, фантазияң дагы күчтүү" деп таңданганы мага ого бетер дем берер эле. Кийинчерээк туулган күн, мектептеги майрамдык кечелердин алдында классташ кыздарымдын чачтарын жасалгалоону адат кылып алгам. Кызыгы, алар менден чачтарын жасалгалап берүүнү суранышчу эмес, чачыңды жасап берейинчи, көпкө кармабайм деп кайра мен аларга жалдырачумун. Шаарыбыздагы жаркыраган сулуулук салондорундагы униформачан адистерди көргөндө мен дагы буюрса ушундай салондорго ишке кирип, белгилүү адис болом деп кыялданам. Кыялдын чеги болчу беле, андан ары алып жөнөйт: мына телефонумдун жанын койбой менин кардарларым чалып жатышат, салон ачылганча ооздо кезек күтүп турган адамдар. Мага алдын ала жазылышыңар керек болчу, менде бүгүн убакыт болбой калат го дейм мен кичипейил үн менен, алар кечке чейин болсо дагы күтүшөрүн айтып, менден саамга убакыт табуумду суранышат....

Аттиң, биздин жашообузда бардыгы мен жазып жаткан саптардай тегиз эмес экендиги, иш жүзүндө бардыгы ойдогудай боло бербестиги кандай өкүнүчтүү. Мен ата-энеме кичинемден эле чач тарач болорумду айтчумун. Мурда алар өзүң бил дегендей мамиле кылышчу. Бирок мектепти аяктаарга жакын үйдөгүлөр, өзгөчө атам бул оюма катуу каршы боло баштады. Кыз киши болгондон кийин сөзсүз жогорку билимге ээ болушуң керек, азыр түшүнбөй жатканың менен кийин мага рахмат айтасың деп кайталагандан жадабайт.

8-март жекшемби күн болчу. Атам кечке жуук мага букет гүл белек кылды. Атам туулган күндөрүмдө, кээде майрамдарда мага оюнчук, китеп жана башка ушуга окшогон белектерди көп эле берчү, бирок мага арнап биринчи жолу гүл алып келиши эле. Гүлдү тапшырып жатып бетимден, чекемден өөп, эң эле олуттуу түр менен кызым, менин сага маанилүү сөзүм бар деди. Сөз менин болочоктогу кесибим тууралуу болорун айттырбай билдим. Анткени жыл жаңыргандан бери күнүнө болбосо дагы күн алыстан менин мектепти бүтүргөндөн кийинки жашоом биздин үй-бүлөбүздөгү эң көп талкууланчу темага айланган. Бирок бул жолу атам мага чоң киши менен сүйлөшүп жаткандай мамиле жасагандыгы мен үчүн күтүүсүз болду. Апам "расмий билдирүү жасачу түрүң бар" деп атамды тамашалап өттү, атам ал тамашага жылмайып да койгон жок. Сиңдим болсо атам ала келген тортту улам карап чыдамы кетип жаткандыгын жашырбайт.

Атам сөзүн өзү тууралуу баян менен баштады. Убагында мугалим болууну каалап жогорку окуу жайга тапшыргандыгын, оюнда окууну бүткөндөн кийин айылда мугалим болуп иштегиси келгенин, бирок союз урап, айылда жашоо өтпөй, аргасыз шаарга көчүп келгендигин, көп жыл шаарыбыздагы банктардын биринде айдоочу болуп иштеп жүргөн убакта өзү иштеген банктагы бош кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын, ага катышып ийгиликтүү өткөндүгүн, акыры сандыкта жаткан диплому бир күнү керекке жарагандыгын, ушул кызматты аркалап бизди багып жаткандыгын, эртеби-кечпи жогорку билимдин пайдасы тиерин айтып келип, "менин сага мындай сунушум бар: мен айткан окуу жайга тапшырып, бухгалтер бол, ошол эле маалда чач тарачтыкты дагы оку, эки жылдык толук эмес экономикалык жогорку билимге ээ бол дагы мен иштеген банкка жумушка кир. Окууңдун калган бөлүгүн сырттан оку, бухгалтердик кесип жакпаса, чач тарач боло бер. Сөздүн маанилүү жери төмөнкүчө: банкка жумушка орношоруң менен насыя алып, сага автоунаа белек кылам, ал насыяны мени менен чогуу төлөшөсүң, башкача айтканда, эки жылдан кийин сен автоунаалуу болуп каласың" деп сөзүн жыйынтыктады.

Ошентип, мен Кыргыз экономикалык университетине документтеримди тапшырууга даярданып жатам. Адам кесибин шыгына, талантына жараша өзү тандашы керек, ал иштеген жумушун канааттануу менен аткарышы керек, жумушун сагынып, иштеген жерине жакшы маанай менен келүү дагы өзүнчө бакыт деп менин кыргыз адабиятынан берген эжейим канча ирет айтканын эстеп турсам да, кесибимди тандоодо атамдын сөзүн угууну туура көрдүм. Мүмкүн мага чындап эле бухгалтердин жумушу жагып калаар. Бир нерсе мени кубандырат, эч болбой калса, сулуулук салонуна орношуп, жумушка өзүмдүн автоунаам менен келип турам.

Сөзүмдү жыйынтыктаар маал дагы келди. Мен бул дилбаянымда жаштар мамлекетти көтөрүшүбүз керек, өлкөбүзгө пайда алып келишибиз керек, өлкөнүн келечеги биздин колубузда деген сымал ураандарды пайдаланган жокмун. Менин оюмча адам мамлекетке пайда алып келерден мурун өзүнө, үй-бүлөсүнө пайда алып келиши керек. Анткени өзүнүн курсагын тойгуза албаган адамды мамлекеттин тагдыры кызыктырарына чоң күмөнүм бар.

Мээрим Жыргалбек кызы

XS
SM
MD
LG