Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Айтылуу чабан Таштанбек Акматов кумирим


Таштанбек Акматовдун сүрөтү
Таштанбек Акматовдун сүрөтү

Касиетүү Теңир Тоо аймагы Кыргызстандын кооз жерлеринен эмеспи. Ушул аймагыбызда кыргыз эли үчүн ак кызматын арнаган, көп инсандар өтүшкөн. Үй-бүлөдө өзүнүн келечеги болгон уул-кыздарын тарбиялоодо атамдын орду баа жеткис. Ал биздин турмушка карата болгон көз карашыбызды калыптандырууда, кесипти жөндөмүбүзгө жараша тандоодо, туруктуулукка, чынчылдыкка, эмгекчилдикке максат коюуга жана ага жетүүгө тынымсыз аракет керек экендигине багыт берип үйрөттү. Уул-кыздарын даяр оокатка көндүрбөй, эмгек менен өсүү керек экендигин өзүнүн жасаган иштеринен эле көрсөтө алды. Өзгөчө биздин шартта мал чарбачылыкта адам турмушундагы асылдык эмгектенүү экенине терең маани берип, жашоонун кыйынчылыктарын жеңе билип, көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Жашоодогу адамдын өз алдынчалыгы, өз көз караш жөндөмдүүлүгү адам болуп калыптанышын аныктайт тура. Кыскасы атам, анын жашоосундагы баалулуктары жөнүндө жаза берсем түгөнгүс сөз, чексиз ой, кайталангыс мээр.

Жайкысын Соң Көлдүн кылаасына тигилген апам менен жеңемдин колунан чыккан жасалгалуу 100 баш боз үйдө сый меймандарды күтүү өзүнчө рахат тартуулайт. Кыргыз элинин меймандостугу башка элдердикинен жогору тургандай сезилет, же өзүм кыргыз болгонум үчүнбү? Жайлоону көркүнө чыгарган жумурткадай аппапак боз үйлөр, бээ сааган келишимдүү кыз-келиндер, жүн сабап, кийиз жасаган аялдар, боз үйдүн тегерегинде чүкө атышып ойногон кичинекей балдар, насаат сөздөрдөн сүйлөшүп сыртта, шырдактын үстүндө кымыз ичип отурушкан карыялар, анан баягы эле самоордо кайнаган чайы, казанда кайнаган эти, үйгө кирсең жайылган дасторкондогу боорсогу, каламасы, каттамасы, каймагы, сары майы, чыныларга мелтиреп куюлган кымыз, буркуратып кымыз ачыткан сабасы, анын жогору жагында төрдүн көркү ак элечекчен чоң апамдын отурушу өзүнчө эле керемет. Мына мен өскөн чөйрө. Жайкы каникулда аттын кулагы менен тең ойноп, жайлоодо мал менен чогуу болом. Менин жалгыз хоббим мал багуу. Бирок жогорку билим алуу менин негизги максатым. Азыркы шартта зоотехник, ветеринар өздүк чарба болуп калбадыбы. Менин кумир тутканым - атактуу чабан Таштанбек Акматов. Азыр эң эле көп экономист жана юрист, жогорку билимдүү жаштар шаар көчөсүн таптап же чет жерге чыгып кеткендер арбын. Мал чарбасына жаштар барбай жатат. Бул туура эмес. Өзүмдүн шартыма ылайыктуу мал чарбасына барам. Атамдын жолун жолдоп, фермер болуу бул менин акыркы чечимим.

Мээрим​ Басылакунова, А.Сыдыков атындагы №72 мектеп гимназиясы

XS
SM
MD
LG