Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Эң мыкты сүрөт онлайн добуш берүү аркылуу аныкталат.

"Азаттык" радиосу «Ар бир кесип ардактуу» аттуу фотосынак жарыялайт.​

Сынактын максаты - ар бир кесипти даңазалоо жана кандай гана кесип болбосун, ал коомго пайдалуу экенин жеткирүү.

Сынактын шарттары:

- Ар бир катышуучудан бир гана сүрөт кабыл алынат. Фотосүрөт сапаттуу, кимдир бирөөнүн автордук укугуна шек келтирбеген жана башка сайттарда жарыяланбаган болушу керек.

- Жиберилген фотосүрөт кайсы жерде тартылганы көрсөтүлүп, сүрөттөгү каарман тууралуу кыска маалымат тиркелиши зарыл.

- Ошондой эле автор тууралуу да маалымат камтылууга тийиш.

Сүрөттөр 31-декабрга чейин кабыл алынат.

Жеңүүчүлөр 1-январдан 20-январга чейин интернет-добуш берүү аркылуу тандалат.

Эң мыкты сүрөттүн жеңүүчүлөрүнө бир акыркы үлгүдөгү LG G3 уюлдук телефону жана эки wi-fi роутер белекке берилет.

Сынак үчүн материалды 0550 988 -755 WhatsApp номерине жана

jashtar2014@gmail.com дарегине жиберүү керек;

Сурап-билүү телефондору: 31 60 82; 31 61 55; 31 61 63

Сынактын башкы өнөктөшү «O!» уюлдук оператору.

Сынак Адистик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге өткөрүлүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG