Линктер

logo-print
жекшемби, 30 октябрь, 2016 Бишкек убактысы: 22:52

"Жарым кылым ободо" түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышында "Азаттык" үналгысы ачылар алдында ага түрткү берген окуялар туурасында сөз болот. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Орусиядан чет өлкөлөргө эмиграциялап кетип, ал жакта коммунисттик диктатурага каршы күрөш жүргүзгөн диссиденттик кыймылга 1940-50-жылдары согуштан кийин Батышта калып калган жаңы "советтик мигранттар толкуну" кошулган. Алардын арасында Борбор Азиялык мигранттардын да уюшмалары бар эле.

Мурдагы берүүбүздө айта кеткендей, "Азаттыктын" кыргызча программалары 1953-жылдын 18-март күнү Түркстан редакциясына бириккен казак, өзбек, түркмөн тилдериндеги берүүлөрдүн катарында таратыла баштаган.


Албетте, радио бир эле күндө уюшула калган эмес. Ага чейин 1940-50-жылдары согушта туткунга түшүп, же башка бир тагдыр жазмышы менен Батышта жашап калган советтик мигранттар, диссиденттер өзүлөрү үчүн "темир көшөгө" артында жабылып калган мекениндеги окуяларга кызыгып, 1940-жылдардын аягында Парижде, Берлинде, Мюнхенде, Америкада антибольшевиктик уюмдарга бириге баштаган. Белгилүү орус диссиденттери Александр Керенский, Петр Мельгунов, Борис Николаевский жетектеген ошол уюмдар акырындап Батышта моралдык жана материалдык колдоо таап, аларга Борбор Азиялык илим-билимдүү бозгундар да кошула баштаган.

Ал жылдары Парижде жашап жүргөн Азамат Алтай ошондой чет өлкөлөрдө жашаган Орусиялык эмигранттар менен байланышып-катташып, акырында Германияда түзүлгөн "Түркэли" кыймылынын уюштуруучулары менен таанышып калганын баяндайт:

- Мен советтик зонадан качып кайтып келгенден кийин Францияда көп антибольшевиктик уюшмалар болгон. Ошондой уюмдардын бирин профессор П.Мельгунов башкарчу. Алардын антикоммунисттик аракеттерине катышкан Батма Уланов аттуу калмак бар эле, ал улам Германияга кетип-келип турар эле. Бир күнү ошол кишиден: "Уланов мырза, ал жакта биздикилерден бар бекен?" – деп сурап калдым. Ал: "Бар эмей, мен көрүшүп жүрөм. Казактар, кыргыздар бар, өзбектер толгон, түркмөндөр, каракалпактар да бар", - деп жооп берип калды. "Кайсы биринин ысымын билесизби?" – десем, ооба, алардын саясий жетекчиси болсо керек деп, Карис Канатбайды атады. Мен отуруп алып, Карис агага узун кат жаздым, Европада калып калган кыргызмын, согуштан кийин калып, ушундай турмуш өткөрүп жатам деп баарын жазып жибердим. Көп өтпөй Карис ага мага кайра узун жооп жазып жибериптир, катташып туралы, бизге кабар берип тур деп.

"Азаттыктын" ардагер-кабарчысы Азамат Алтай айтып жаткан "Түркэли" кыймылы АКШдагы Гувер институнда сакталып турган архивдик материалдарга ылайык, 1950-жылы Мюнхенде түзүлгөн. Анын жетекчиси Карис Канатбай Азамат Алтайга окшоп, согушта немец туткунуна түшүп, андан кийин Батыш Германияны байырлап калган казак болгон.

Согушка чейин ал Орусияда жогорку окуу жайын бүтүргөн билимдүү инженер болгондуктан, бардык документтерге инженер Канатбай деп кол койгон. Батыштагы антибольшевиктик кыймылдардын жыйындарынын протоколдорун окуп көрүп, анын орус тилинде эркин, сабаттуу сүйлөп-жазганына күбө болдум.

Андан тышкары ал немец, англис тилдерин да өздөштүргөн экен. Ошентип, 1950-жылы Германияда уюшулган "Түркэли" уюму Советтер Союзунун курамында жашап жаткан Борбор Азиялык элдерди коммунисттик диктатурадан, Орусияга көз карандылыктан бошотуу, элдин улуттук аң-сезимин ойготуп, өз келечек тагдырын жеке өзү чече алгандай жолго түшүрүү максатын койгон экен. Батыштагы борбор азиялыктардын алгачкы биригүү аракеттери тууралуу Азамат Алтай буларды айтып берди.

- Ушулардын бардыгы 1948-49-жылдары башталган болуу керек. 1951-жылы "Түркэли" журналынын алгачкы санын чыгардык. Анда мен Францияда жашачумун. 1951-жылы Карис Канатбай мени уюмдун Германияда өткөн Түркстандыктардын конференциясына чакырды. 70-80дей киши чогулуптур, арасында көпчүлүгү өзбектер, 20дай казак, 7-8 кыргыз, түркмөндөр дагы 10го жетпейт, 10-15 тажик катышты. Ал жыйынды уюштуруп-каржылаган АКШнын Антибольшевиктик комитети болгон.

1950-52-жылдары Азамат агай жана "Азаттыктын" дагы бир ардагери, маркум Төлөмүш Жакып уулу "Түркэли" уюмунун мүчөлөрү катары ошол жылдары Европада өткөн бир нече антибольшевиктик конференцияларга катышышкан.

Айтмакчы, Борбор азиялык мигранттар ал жылдары жалгыз "Түркэли" уюмун түзгөн эмес, андан башка 1951-жылы Түркстан элдеринин улуттук-боштондук кыймылы жаралып, аны Сарыбай аттуу казак жетектеген. Ошондой эле андан да мурун 1942-жылы согуш жүрүп жаткан чакта Түркстан улуттук биримдик комитети, башкача айтканда "Түркстан легиону" уюшулган. Азырынча сөздү ушул жерден жыйынтыктап, эмкиде жалаң "Азаттыктын" эки ардагер кабарчысы катышкан "Түркэли" уюмунун ишмердиги тууралуу сөз болорун кошумчалай кетмекчимин.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG