Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

АЗАТТЫК: КЕЧЭЭ, БҮГҮН, ЭРТЕҢ (Сүрөт баян)


Мындан туура 55 жыл мурда 1953-жылдын 18-мартында “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги алгачкы уктуруусу обого чыккан. “Азаттыктын” тарыхы ушул күндөн башталган. Учурда мезгилден артта калбай, угарман, көрөрман жана окурмандарынын талабына жооп берген үналгы, сыналгы берүүлөрүн ырааттуу чыгарып келе жаткан, өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан коомдук-саясий, маданий жана илимий турмуштагы жаңылыктарды бейтарап, өз учурунда жана калыс чагылдырган “Азаттыктын” узак жолунан тарыхый көз ирмемдерди сунуш кылабыз.


Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев)

1953-жылы 18-мартта башкеңсеси Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынан кыргыз тилиндеги туңгуч берүү обого чыккан. Алгачкы берүүнү Кудайберген Кожомбердиев алып чыккан болчу.



Улуу Атамекендик согуштун катышуучусу Кудайберген Кожомбердиев Литва аймагында германдык фашисттер тарабынан туткунга алынган. Согуш аяктаган соң, тоталитардык режим мурдагы согуш туткундарына ырайымсыз мамиле кылып жатканынан кабардар болуп калып, өзү эркиндикке чыккан Францияда кала берген. Ал жерде бир катар илимпоздор менен кызматташып, Борбордук Азиянын коомдук-маданий турмушу тууралуу жергиликтүү басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө зор салым кошкон. 1960-жылы “Азамат Алтай” ысмын алат.



Азамат Алтай 1970-жылдын соңунда АКШдан Мүнхенге келип, 1984-1988-жылдары “Азаттык” үналгысынын деректири кызматын аркалаган.


Төлөмүш Жакып уулу

Төлөмүш Жакып уулу 1953-жылы Мюнхенде “Азаттык” үналгысы уюшулганда анын кыргыз бөлүмүнө кирген. Отуз жылдай “Азаттык” үналгысында журналисттик кесипте эмгектенип, бул жакка Батыш өлкөлөрүнүн, Түркиядан кыргыз тилдүү журналисттерди тартып, кыргыз бөлүмүнүн үнүн өчүргөн эмес.


Салижан Жигитов

Табийгатынан шайыр мүнөз, чындыкты таамай айткан Салижан Жигитов “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросун 1995-1996-жылдары жетектеген.


Тынчтыкбек Чоротегин

2003-жылдан бери “Азаттыкты” тарых илимдеринин доктору жана көрүнүктүү журналист Тынчтыкбек Чоротегин жетектеп келатат.





Ушул тапта “Азаттык” үналгысы өлкөдө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан ар кыл тармактагы окуяларды өз учурунда жана так чагылдырып келүүдө.







“Азаттык” үналгысынын кабарчылары бейтарап позицияны карманып, коомдогу бардык окуяларды калыс чагылдырат.









Бүгүнкү күндө “Азаттык” Улуттук телеканал менен биргелешип “Ыңгайсыз суроолор” жана жаштардын кайнаган турмушун чагылдырган “Азаттык+” сыналгы берүүлөрүн ырааттуу чыгарып келет. “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүн “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кеңсесинин деректири, таанымал журналист Кубат Оторбаев алып барып келүүдө.







Жакында болсо “Азаттык+” жаштар берүүсүнүн интернеттеги баракчасы дагы ачылды. (www.azattykplus.kg)

XS
SM
MD
LG