Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Амирбек Азам уулунун алтымышынчы ашуусу


Амирбек Азам уулу Усманов.
Амирбек Азам уулу Усманов.

Кыргыздын таланттуу калемгери, кеңири өңүттө жүргүзгөн журналисттик иликтөөлөрү менен таанымал кесиптешибиз Амирбек Азам уулу Усманов 60 жаштын кырына келди.

Спортчу калемгердин Прагадагы таңы

Амирбек байке Прага шаарынын ажайып таңдарын кар жааса да, нөшөр төксө да, желаргы беттен сыласа да чуркоо менен алектенип жүрүп тосуп келет. Бул жаатта ал чехиялык кыргыздардын ичинен жекече рекорд жаратты десек болот.

Амирбек Усманов Праганын Стромовка паркында. 10.3.2016.
Амирбек Усманов Праганын Стромовка паркында. 10.3.2016.

Быйыл бирдин айында (февралда) жана жалган куран (март) айында мен өзүм да анын спорт жаатындагы тырышчактыгына күбө болдум. Сыртта бир даража суук болгонуна карабастан, ал Праганын Стромовка корук жайында ары-бери жүгүрүп, селкинчек тээп, турникке асылып, дене тарбиясы менен алектенип жүрдү. Йога көнүгүүлөрүн да мыкты жасайт экен. Айтор, бул кишиге теңелем деп жатып аз күндө эле алты кило салмагымдан айрылыптырмын.

Жигиттердей сымбатын жоготпогон байкебиздин алтымыштын капкасын чертип калганына чоочун кишилер эч ишене бербейт десек жаңылышпаспыз.

Баткенден Батышка узак сапар

Амирбек байке 1956-жылы жалган куран (март) айынын 25инде Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Фрунзе районундагы (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы) Чаувай айлында туулган.

Атасы Азам Осмон уулу Чаувайдагы кадыр-барктуу айдыңдардан болгонун айылдаштары саймедирлеп айтышат. Азам ата нечендеген айылдаштарын өз балдарын жогорку окуу жайларга жиберүүгө үндөчү экен.

Азам Осмон уулу, албетте, өзүнүн уулунун сапаттуу билим алуусу үчүн кам көрүп, аны борбор шаардагы спорт мектепке жиберет. Уулу Амирбек 1973-жылы Бишкектеги спорттук жатак мектепти бүткөн соң, Айдаркендин жанындагы Ормуш айлындагы орто мектепте бир жыл дене тарбия мугалими болуп иштеп калат.

Андан соң совет доорундагы далай жигиттердин тагдырына шыбагаланган учур – аскер кызматын аркалоо кезеңи келип, Амир байке 1974-1976-жылдары Кавказ аймагында (Баку жана Тбилиси шаарларында) аскердик кызматта болгон. Орус тилин мыкты билгендиктен, ал сержанттык курска да жиберилген.

Студенттик кезең

Аскердик турмушта бышкан соң, ал чоңураак сереге умтулат. Бир кездери Орусиянын байтактысы жайгашкан шаарда – Санкт-Петербургда (ал кездеги Ленинградда) жайгашкан жогорку окуу жайга тапшырат. 1978-1983-жылдары Ленинграддагы Н. А. Вознесенский атындагы каржы жана экономика институтунда окуган. Бул окуу жайда А. М. Александров, А. Н. Молчанов, П. М. Павлов, А. И. Ротштейн, П. И. Савичев, А. И. Худобин, И. М. Сыроежин, Г. Н. Черкасов, О. И. Шкаратан, ж.б. чыгаан илимпоздор иштешкен.

Ленинграддык доор Амирбек байке үчүн өзгөчө күрдөөлдүү болгон. Мында ал горбачевдук "кайра куруу" доорунда кыргыздын демократиячыл уюмдарынын алгачкы карлыгачынан болгон “Ашар” козголушун уюштуруучулардын бири Жумагазы Усупов (Чоң Аюу) менен бирге студенттик ынтымакты уюштурган. Ленинграддык кыргыз студенттер ошол жылдары кол жазма түрүндө таркатылган студенттик журналды негиздешкен.

Амир байке Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуган Абибилла Пазылов жана башка алатоолук чыгармачыл жаштар менен байма-бай жолугушуп турган.

Амирбек Усманов жубайы Зинагүл менен Прага шаарында. 2016.
Амирбек Усманов жубайы Зинагүл менен Прага шаарында. 2016.

Студент кезинде Мажарстанга (Венгрияга) чейин барып, Борбордук Европанын маданияттуу өлкөсүн ичтен иликтеп, көзү кыйла ачылган.

Албетте, Нева жээгиндеги бул кооз шаарда - “Буурул түндөр шаары”, “Түндүк Пальмира”, “Түндүк Венеция” деген поэтикалык аталыштарга ээ болгон калаада Амирбек байке тапкан башкы нерсе – анын сүйүүсү болду. Нева боюнда таанышкан Зинагүл менен кол кармашып, эки уул (Сейитбек Усманов, Муктар Усманов), бир кыздуу (Саадат Жаанбаева) болушту, эми алар неберелерин тарбиялап жатышат.

Ала-Тоодогу ишмердиги

Амирбек байке Ленинграддан Кыргызстанга кайтып келген соң, оболу адистигине байланыштуу кызматтарды аркалаган. Оболу 1983-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик статистика комитетинде иштеди.

Нечендеген кишилер ага эч кандай тааныш-билиштиги жок эле көмөк көрсөтүп, кеңештерин айтышканын, батир алууга жардамдашканын Амир байке кеп кылып калат.

"Кайра куруу" доору анын студент кезинде кошумча алектенген тармагына – журналистикага биротоло өтүшү үчүн татынакай көпүрө жараткансыды. Азыркы тапта ар ким санжыра жана тарыхты иликтөө менен алектенгиси келген сыяктуу эле, 1980-жылдардын этегинде кыргыз айдыңдарынын жоон тобу публицистикалык макалаларды жарыялоого жана мурда тыйуу салынган темалар боюнча журналисттик иликтөөлөргө тап коюп калышкан.

1989-жылы Амирбек байке КТРдын (азыркы КТРКнын) астанасын аттап, ар кыл кызматтарда иштеп калды.

Нева боюнда таалим алгандыгы эске алындыбы, айтор, КТРдын атынан маанилүү маектер уюштурууга мүмкүндүк алды. Маселен, Амир байке СССРдин туңгуч жана акыркы президенти Михаил Горбачев менен КТР үчүн атайын маек куруп, көгүлтүр экранга чыгарганы эсте.

Бул улуттук сыналгы компанияда Амир байке 1993-1994-жылдары вице-президент кызматын аркалаган.

Ал эми 1994-жылы ал Бишкек шаарында көз каранды эмес “Дасмия” мааалымат каражаттар тармагын уюштурууга катышып, жеке менчик “Дасмия” үналгысынын деректири да болуп иштеди.

“Азаттык” үналгысындагы жылдар

1995-жылы “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” компаниясы өз башкеңсесин Германиянын Мүнхен шаарынан Чехиянын борбору Прага шаарына көчүрмөй болгондо, бир катар кызматтардын журналисттери Германияда кала берүүнү чечишти. Ошондо алардын ордуна тиешелүү жумурияттардан жаңы кызматкерлерге орун ачылды.

Бул орундарга иргөөнүн жүрүшүндө Амир байке да “Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын” Кыргыз кызматына чакырылды. Оболу 1995-жылдын бугу (май) айынын 1инен тартып ал Германиянын Мүнхен шаарындагы “Азаттык үналгысынын” башкеңсесинде кызматкер болуп иштей баштады. Көп узабай, ушул айдын акыркы күндөрү, “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” компаниясы Прага шаарына көчтү.

Амир байке да Прага шаарына келип, ошондон тартып Чехиянын ордо шаарында байырлап келет. Ал бир катар жылдар “Азаттык үналгысынын” деректиринин орун басары милдетин да аркалады.

Ушул тапта штаттан тышкаркы кабарчы кызматын аркалоо менен, абдан кызыктуу маектерди жана башка берүүлөрдү, интернеттик материалдарды жарыялап келет.

Изденген калемгер

Баткендеги Сарт-Ыштаган үңкүрү. А.Усманов менен Тургун Муратов. 20.7.2011.
Баткендеги Сарт-Ыштаган үңкүрү. А.Усманов менен Тургун Муратов. 20.7.2011.

Амирбек Аззам уулу башка калемгерлер байкабаган нечендеген кызыктуу темаларды ачып берди. Маселен, ал Украинага 1920-жылдардын этегинде сталиндик жазалоочу бийлик тарабынан айдалган кыргыз бай-манаптарынын жашаган кыштагын таап, жергиликтүү ажайыпканадагы алар тууралуу маалыматтарды жарыялады. Биринчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, Баткенге чейин келген австриялыктардын тагдырына жана издерине кызыкты.

П.Кокайсл, А.Усманов. Кыргызстан тарыхы: Күбөлөрдүн көзү менен. (Чех тилинде).
П.Кокайсл, А.Усманов. Кыргызстан тарыхы: Күбөлөрдүн көзү менен. (Чех тилинде).

Чех тарыхчысы, доктор Петр Кокайсл менен бирдикте ал жарыялаган “Кыргызстан тарыхы: Күбөлөрдүн көзү менен” (Петр Кокайсл, Амирбек Усманов. История Кыргызстана глазами очевидцев. - Nostalgie, 2012. - 978-80-905365-5-5.) эмгеги кыргыз тарыхын калыс жана жаңыча усулда иликтөөдө өзгөчө орунга ээ десек жаңылышпайбыз.

Ал кыргызчага которуу жаатында да үзүрдүү иш алып барууда. Маселен, Амир байке орто кылымдардагы фарсы тилдүү калктардын маданий бермети болгон айтылуу “Кабуснаме” чыгармасын орус тилинен кыргызчага которгон жана бул котормо 2009-жылы Бишкекте жарык көрдү.

Кыргызстанда “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланган үстүбүздөгү жылы Амирбек байке өзү тапкан оригиналдуу тарыхый маалыматтарды интернетте жана китептерде жарыялоо аркылуу жалпы ишке жекече салымын кошууга умтулууда.

Кажыбас саякатчы жана туризмдин “дааватчысы”

Амирбек Аззам уулу заманбап кыргыз журналисттеринин ичинен тынымсыз саякат кылган жана элди да туризмге тарткан инсан катары да өзгөчө бөлүнүп турат. Аны жаңы муундагы “саякатнаамачы Кеңеш Жусупов” деп бааласак болот.

Амирбек Усманов жубайы Зинагүл менен Прагада фото көргөзмөнү көрүүдө. 06.3.2016.
Амирбек Усманов жубайы Зинагүл менен Прагада фото көргөзмөнү көрүүдө. 06.3.2016.

Амир байке үй-бүлөлүк сапарлары маалында чет жерлердеги дүкөндөрдү эмес, ажайыпканаларды, көргөзмөлөрдү, тарыхый жайларды кыдырып, жергиликтүү калайыктын маданияты, салт-санаасы менен жакындан таанышууга дилгир.

Албетте, өзүнүн бул тажрыйбасын ал “таңуулай албай” калган учурлар да жок эмес. Күлкү келтирген бир учурду унута электе айта кетейин. Өзү көп ирет кезген чехиялык бир курорт шаарчага Кыргызстандан келген бир конокту алып келет. “Баланча музейге кирип чыксаң, мен сыртта күтө турайын” деген анын сунушуна алиги бишкектик конок: “Сиз өзүңүз кирип чыксаңыз, аңгыча мен мобул пивоканада отура турайын” деп жооп узатып, Амир байкени аң-таң калтырган экен.

Дагы бир ишкер конокту бир гүлбакчага алып барса, ал “ой, укмуш экен!” деп айта бериптир. Кийинчерээк Кыргызстанга келгенинде алиги ишкерге кезиксе, Чехиядан көргөнүнүн бардыгын Ала-Тоодо саамалык катары жүзөгө ашыра баштаганына күбө болот.

Маараке ээсине каалоо

Негизинен, Чехияда куттук сөздөр менен тост сүйлөөгө сараң келишет экен. Тек гана “Ден соолук үчүн!” (На здрави!”) деп айтып чектелишет экен.

Биз болсок Амир байкеге: “Ден соолугуңуз жылдыз саякатчыларыныкындай бекем болсун, өмүрлүк жарыңыздын коштоосунда бери дегенде 110го чыгыңыз, бейпилдикке жана бакыбаттыкка балкыган эл-жериңиздин кадырманы болуп жүрө бериңиз, урпактарыңыз залкар иштеринин аркасында Осмонтегиндердин атын алкатып турсун, эсепкериңиздин (компүтериңиздин) кубаты артсын, автоунааңыз туристтик учакка айлансын, шарабыңыздын даамы Омор Хаййамдыкынан кем болбосун, сөз байлыгыңыз Мурза Гапаровдукунан да арбын болсун!” деген кыска каалоо менен чектеле туралык. Бар болуңуз!

XS
SM
MD
LG