Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Айлислинин романындагы "чыркыраган чындык"


Акрам Айлисли AFP агенттигине интервью берүүдө. 13-февраль, 2013

Акрам Айлисли AFP агенттигине интервью берүүдө. 13-февраль, 2013

Жазуучунун жоопкерчилиги жана адабий чыгарма. Бул темага Акрам Айлислинин чуулгандуу “Таш уйку” романына байланыштуу кайрылдык.

Азербайжан жазуучунун Москвада чыкчу "Дружба народов" журналына декабрдагы санында басылган роман-реквиеминде XX кылымдын башында Нахичевандын Айлис кыштагында жашаган армяндарды азерилердин түрктөр менен чогуу кыруусу жана 80-жылдардын аягы 90-жылдардын башында Сумгаитте жана Бакуда болгон коогалаңдуу күндөр сүрөттөлөт.

"Акрам Айлисли романда өз элинин атынан кечирим суроо, эки тарапты бириктирүүгө болгон ниетин айтып жатат..."


Алгач Москвада орус тилинде жарык көргөн чыгармада армяндардын 1992-жылдын февралында Хожалыда азерилерди кырганы тууралуу сөз жок, жазуучу азерилерди мыкаачы кылып көрсөтөт деп сындалууда.

Президент Илхам Алиевдин 7-февралдагы жарлыгы менен Акрам Айлисли Эл жазуучусу наамынан жана президенттик пенсиядан ажыратылды. Бажы кызматында иштеген уулу жумуштан айдалды. Парламент Айлисли азербайжан экенин аныктоо үчүн ДНКсын текшерүүнү талап кылды. Автордун китептери өрттөлдү. Өкмөтчүл “Муасир Мусават” партиясы “Таш уйку” романынын авторунун кулагын кесип келген адамга 10 миң манат (12 700 доллар) байге сайды.

​Романдагы Азербайжан коомчулугун быкынга сайган жана Акрам Айлислинин башкы күнөөсү катары айтылган бир эпиозод.

- Доктор, айнанайын, доктор... өлтүрүштү. Шундай адамды чак түштө уруп-тепкилеп, талкалашты. Мунун баарын ераздар кылды, доктор, ераздар. Беш алты ераз-жигит... Иттин балдары... Качкындар деги эле адам сыйлашпайт, айнанайын доктор...Алар не артисттерди, не акындарды, не жазуучуларды таанысачы. Кимдир бирөөнү армян десең болду! Ошол замат ортого алып, тепкилеп, жырткычтай аяшпайт. Тирүү калтырбайт. Бир да киши аларга даап бара албайт... Мен аларга: “Урбагыла! Бул киши армян эмес, өзүбүздүн адам. Биздин элдин уулу, улуттун сыймыгы, ар намысы”, - деп айтып жаттым. Ким угат дейсиз... Атымды атаганга үлгүрбөдүм. Быкыныма тебишти эле өлүп кала жаздадым. Доктор, мынабу оң капталыма тебишти. Али да зыркырап ооруп жатат.

Бул башкы каарман Нувариш Карабахлинин Бакудагы театрлардын биринде өзү менен чогуу иштеген Садай Садыглыны шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө коштоп келип, хирургга боздоп турган жери.
Гянжа шаарында Айлислинин китептери өрттөлдү


Жазуучу алаамат окуяларды жазганда тарыхый чындыкты карманыш керекпи же коомдун маанайына ылайык жазышы керекпи?

Жазуучуну көркөм чыгарма үчүн бийликтин куугунтукка алуусу, наамынан ажыратканы туурабы?

Ушул суроонун тегерегинде өзбек акыны, коомдук ишмер жана диссидент Мухаммад Салих, кыргыз акындары Эгемберди Эрматов жана Акбар Рыскулов, казак жазуучусу Смагул Элүбай ой бөлүшөт.


Смагул Элүбай: Биринчиден, адамдын төбө чачын тик тургузган окуя. Жазуучуну көркөм чыгарма үчүн кодулоо, кулагын кесебиз деп китептерин өрттөө XXI кылымда Азербайжанда болот деп ойлогон эмесмин. Бул Азербайжандын кадырын түшүрчү окуя деп ойлойм. Экинчиден, Акрам Айлисли чыгармага эл кандай мамиле кыларын билүүгө тийиш эле. Мындай негативдүү реакция болорун билген жазуучу эмнеге ушундай кадамга барды? Бул мага түшүнүксүз. Андай кадамга болочокто Нобель сыйылыгын аламын, дүйнө жүзүнө таанылам деп гана барышы жана ушундай романды орус тилинде жарыялашы мүмкүн.

Акбaр Рыскулов: Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Илимий изилдөө менен көркөм чыгарма ортосунда асман-жердей айырма бар. Илимий чыгарма илимий тактыкты талап кылса, көркөм чыгармада эргүүгө, фантазияга, ойдон чыгарылган каарманга жол берилет. Бирок тарыхый чындык көркөм чындыктан алыс болуш керек дегенге эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Көркөм чыгарманын өзүндө да тарыхый чындыкты акыйкаттык менен жазуу керек.

Балким Акрам Айлисли өз чыгармасында тарыхый акыйкаттыктан тайып кеткен учурлар болсо керек деп ойлом. (Азырынча романды окубагандыктан, анысын так билбейм). Анткени өрт бекеринен чыкпайт да. Бул бир жагы. Айлисли өзү да айтып жатпайбы: “Мен мындайды күткөн эмесмин,” - деп. Бирок маселенин экинчи жагы бар. Бийлик ушундай көркөм чыгарманы катуу кысымга алып, ур-токмокко алыш керекпи? Ошол зарылбы? Кандай айтканда дагы биз сөздүн, ойдун эркиндиги деген заманда жашап жатабыз...

Мухаммад Салих: Сөз эркиндиги жазуучу үчүн маанилүү принцип. Сөз эркиндигин бузган ар кандай нерсеге биз каршыбыз. Акрам Айлислини совет заманыдан бери билебиз. Ал талантуу жазуучу. Бирок ал өз романында азербайжандардын армяндарга каршы уюштурган кызыл кыргынын жазчу болсо, удаа эле азербайжандарга каршы Хожалыда армяндар уюштурган кыргынды да жазыш керек болчу. Аны жазбай коюу адилеттүүлүк эмес. Эгер эки тарап тең ката кетирсе, аны ачык-айкын жана ак ниеттен калыс көрсөтүү жазуучунун парзы. Менимче, бул вазийпаны устат жазуучу Акрам Айлисли аткара албады.

​Эгемберди Эрматов: Менин оюмча Акрам Айлисли романда өз элинин атынан кечирим суроо, эки тарапты бириктирүүгө болгон ниетин айтып жатат. Бирок Азербайжан бийлигинин, элинин жасап жатканы саясатташып, оор нерсеге алып барууда. Жазуучунун башка да китептерин өрттөшкөнү менин жүрөгүмдү титиретти. Бул орто кылымдагы окуяларды эске салат. Жазуучунун бир гана чындыгы бар. Ал чындык үчүн жүрөгү, сезим-ою, жалпы адамзаттык мыйзам менен гана иштөө керек. Жазуучунун чындыгы эртеби-кечпи адилет, акыйкат болуп чыгат. Акыйкат тебеленип, тепселип жаткан учурда жазуучу чындыкты айтыш керек. Айлисли мен Конституцияга ишендим деп айтууда. Ошондо да ал өз улутунун рухун, духун, намысын, адеп-ахлагын, жалпы адамзатка кошуп жаткан салымын жокко чыгарбаш керек эле. Азербайжан эли дүйнөгө эмне деген улуу акындарды жана жазуучуларды берген.


Президент Илхам Алиевдин жардыгында "Айлисли азери элинин рухуна каршы чыгарма жаратканы, азерилерди жалпы адамзат баалуулуктарына каршы келген аракеттер үчүн негизсиз айыптаганы, азери-армян чатагынын маңызын бурмалаганы, алыскы жана соңку тарыхка көө жапканы, жеринен куулган бир миллиондон ашуун мекендештердин абийир, ар-намысы кордолгону" айтылат.

Мындай жемелөөгө Акрам Айлисли макул эмес:

- Андай эмес. Мындай сөз романды бурмалоо. Романда адамдын тагдыры гана сүрөттөлөт. Бул эл "мыкаачы", бул эл "анча мыкаачы эмес" деген баа эч кимге берилбейт. Маселе мында: Элдер достошуусу керек. Кайра кайталайм: Ортодо жек көрүүчүлүк болбош керек. Романда адеп-ахлак маселеси чагылдырылат. Адеп-ахлак проблемасын жашоодон бөлүп кароо мүмкүн эмес. Китепте саясат жок. Бийлик өзү саясатташтырууда. Мен роман мындай каршылык жаратат деп ойлогон эмесмин. Себеби Азербайжан коомуна, сөз эркиндигине кепилдик берген Конституцияга ишенгем. Көрсө, мен жаңылган экенмин.

​Армения жазуучулар союзунун төрагасы Левон Ананяндын азербайжан кесиптеши Акрам Айлислинин китебине байланыштуу “Азаттыктын” армян кызматына берген интервьюдан үзүндү:

- Мен адабият менен саясаттын азыркы салгылашуусун адилетсиз деп ойлойм. Адабиятчынын өз вазийпасы бар... Жазуучу бүгүн калп сүйлөсө, аны эртең башкалар түгүл өз эли сыйлабайт. Азербайжан коллегабызга даңк! Ал чындыкты айтып, өкүнүч менен күнөөнү мойнуна алчу жолдун чыйырын салып, баатырдык кылды. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы, ал жол келечекке багытталган. Дүйнө ондогон жылдар, бир кылым созулган согушту көргөн. Бирок бул эл биригип туруп, жек көрүүчүлүктү, жаман сезимин жана шовинизмди жеңиш керек. Биз жазуучуну колдойлу. Акрам Айлисли каккан коңгуроо Азербайжан элине жана интеллигенциясына оң таасир этет, толерантсыздыктын калың дубалында жарака пайда болот деп үмүт кылалы.




Азербайжан-Армения мамилесинин осолдошу Горбачевдун кайра куруу жылдарынын ортосуна туура келет. Майда улут аралык чатактар ырбап отуруп, 1988-жылы Тоолуу Карабак автоном облусунун армян депутаттары анклавды Азербайжандан Армениянын курамына өткөрүп берүүнү сурап кайрылат. Жикчилдик маанай күчөп отуруп, СССР кыйраганда согуш менен коштолот.

1994-жылы согуш токтогондо армяндар анклав жана андан тыш жактардагы райондор болуп, Азербайжандын 14% территориясын бөлүп кетишет. Чатактын кесепетинен Азербайжандан 230 миң армян, Армения жана Карабахтан 800 миң азербайжан там-жайын таштап кетет. Согуш учурунда айрым бир булактарда 15-20 миң армян, 40-50 миңдей азербайжан өлгөн деп көрсөтүлөт. Ал эми Эл аралык Кызыл Крест уюмунун маалыматына ылайык, Карабактагы согушта армян тараптан 17 миң, азербайжан жактан 25 миң адам апаат болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG