Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Азербайжан: армян жаранынын табышмактуу өлүмү


Маркум Карен Петросянды суракка алып баратышат.
Маркум Карен Петросянды суракка алып баратышат.

Армениянын жараны Азербайжан менен чек арадагы айылдардын биринде таң калычтуу жагдайда кармалып, бир күндөн кийин каза тапты. Бул окуя эки өлкө ортосундагы чыңалууну күчөттү.

31 жаштагы Карен Петросян 7-августта азербайжан-армян чек арасындагы айылдардын биринде чай сурап жүргөн жеринен кармалган.

Эртеси күнү Азербайжан бийлиги армян тыңчысы катары камалган Петросян жүрөгү кармап көз жумганын билдирди.

Мындай окуя дароо Еревандын кыжырдануусун жаратып, Тышкы иштер министрлиги өз жаранынын өлүмү үчүн азербайжандарды айыптаган билдирүү таратты. Билдирүүдө Баку эл аралык келишимдерди бузуп жатканы сындалат.

Аскер туткундарынын, барымтадагылардын жана дайынсыз жоголгондордун иштерин караган Армениянын мамлекеттик комиссиясы көз карандысыз медициналык экспертиза өткөрүүгө эл аралык эксперттерди чакырды.

Петросяндын өлүмү сыяктуу эле анын чек арадагы азербайжандардын Ак-Булак айылында пайда болушу да табышмак бойдон.

Армян бийлиги Петросян көпчүлүк аймактарда белгиленбеген чек араны байкабай өтүп кеткен жүздөгөн жөнөкөй жарандардын бири экенин билдирди.

Маркум жашаган Армениянын түндүк-батышындагы Чынар айылындагы Петросяндын агалары ал токойго отунга кетип эле дайынсыз жоголгонун айтышкан. Ал эми Ак-Булак айылынын тургундары күтүүсүз пайда болгон Петросянды видего тартып алганга да үлгүрүшкөн.

Фарида Тагиева Петросянды биринчилерден болуп Ак-Булак айылынан байкаганын, аны бейтааныш адам үйүнүн жанына чакырганын “Азаттыкка" айтты.

«Ай, эмне кылып атасың?- деп сураганымда, ал «чай, чай» деди. Бул жерде бир армян жүргөнүн айтып, уулумду чакырдым. Уулумдун «Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Эмнеге энемди коркуттуң?» - деген суроолоруна, ал «менде курал жок, коркпоңуз» - деп жооп берди.

Ушул эле айылдын дагы бир жараны Мамедов Петросян куралсыз, тынч жүргөнүн тастыктады.

«Ал келгенде мен кол берип учурашымыш болуп, чап жабышып дароо эки колун артка кайрып, чөнтөктөрүн текшердим. Курал же бычак бар го деп ойлодум эле. Эч нерсе тапкан жокмун. Ал куралы жок экенин айтып, каршылык көрсөткөн жок», - деген Мамедовдун айтымында, Петросяндын жанында уюлдук телефону гана болгон. Андан дагы аскер формасын кийген адамдардын сүрөттөрү табылган. Петросян болсо байкесинин сүрөттөрү деп түшүндүргөн. Ошентсе дагы айылдыктар аскерлерди чакыртып, чоочун кишини алардын колуна тапшырган.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Петросян тыңчы экенин, ал өлкөгө үч агент менен кошо киргенин, алар чек араны өтүп жатканда мина жарылып, үч шериги каза тапканын айтып чыкты.

Интернетте жарыяланган видеодо колу кишенделген Петросян жогорку даражадагы аскер адамынын кабинетинде сурак берип жатканы көрүнөт.

Бул видеолор эки тараптан тең интернетке жарыяланган:

Андан кийин армян туткун аскер көйнөк кийип, өтүкчөн тизелеп отурат. Ак-Булак айылындагылар тартып алган кыска видеодо ал башка кийимчен эле. Видеодо ошондой эле тыңчы экенин моюнга алган Петросяндан алып жүргөн делген курал-жарак көрсөтүлөт.

Армениянын Коргоо министрлиги Бакунун айыптоолорун четке кагып, Петросян кыйноолордон кийин видеодогу сөздөрдү айтып, “тыңчы” экенин моюнга алган деп билдирди.

Өткөн айда азербайжан жараны талаштуу Тоолуу Карабах аймагында армян күчтөрү тарабынан кармалган. Ал кадрлар дагы интернетке чыккан. Анда 59 жаштагы Дилькам Агаров колдору кишенделип, суракка баратканы көрүнөт. Эки окуянын сценарийлери окшошуп кеткендей.

Агаров болсо ушул күнгө чейин камакта.

Азербайжан менен Армения ортосунда чыңалуу Тоолуу Карабак аймагындагы соңку уруштан улам эки аптадан бери курч абалда.

XS
SM
MD
LG