Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Тоолуу Карабак боюнча Армения-Азербайжан жаңжалы токтоду. Эки тарап тең бул тууралуу кабарлады. Кагылыш төртүнчү күн дегенде басылды.

Тоолуу Карабактын коргонуу армиясынын маалымат катчысы Сенор Асратян “эки тараптуу макулдашуунун негизинде” ок атышуу токтогонун кабарлады. Келишим 5-апрелде саат 12де жетишилгенин Азербайжандын Коргоо министрлиги да бышыктады.

2-апрелдин таңында кайра тутанган Карабак чатагында 20 армян мерт болуп, 72си жаракат алганы, 26 кишиси дайынсыз жоголгону кабарланды. Ал эми Азербайжан 16 аскерин жоготкону маалымдалды. АПА маалымат агенттиги армян тараптын ок атуусунан Агдам районунда өспүрүм кыз жайран болгонун да жазды.

Тоолуу Карабактагы кыйраган үйлөр. 4-апрель, 2016-жыл

Тоолуу Карабактагы кыйраган үйлөр. 4-апрель, 2016-жыл

ЕККУнун Минск тобу Венада 5-апрелдин кечинде жыйын курмакчы. Аталган топ Карабак чатагын тынч чечүү үчүн түзүлүп, АКШ, Орусия, Франция теңтөрага, чатакташкандар жана дагы бир топ өлкө мүчө экенин эскерте кетели.

Арийне, мындай сүйлөшүүлөр маселени акыр аягына чыгарарына ишенбегендер көп. Азербайжандык саясат талдоочу Хикмет Гажизаде алардын бири:

- Кайра эле бири-бирин айыптай башташат. Анан Азербайжан жерибизден армян аскерлери чыгып кетсин дейт. Ошону менен тарашат. Бул жолугушуудагы эң мыкты жетишкендик – кезектеги атышууну токтотуу. Албетте, убактылуу. Кийинки жаңжалга чейин. Мындай жолугушуулар бир жылда бир нече болот. Бирок, натыйжа жок. Азербайжан өз аймагынан армян аскерлери чыгып кетсин дейт. А армяндар биздин мында эч тиешебиз жок, бул Карабак, алар көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп атат дейт, жана башка.

Жолугушуу жыйынтыгы чыга электе эле атышуу токтогонуна карабай абал чыңалган бойдон калууда. Эки өлкөнүн тең стратегиялык түйүндөрү, коопсуздук күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

Тоолуу Карабак. 4-апрель, 2016-жыл

Тоолуу Карабак. 4-апрель, 2016-жыл

Чатактын акыр аягына чейин чечилбей кала бериши чөлкөмдө каалаган учурда аны жандантып, геосаясий оюнга айлантууну көздөгөн күчтөргө пайда экенин эскерткендер бар. Кесепети чатакташкан эки өлкө менен тең чектешкен Грузияга тиерин жергиликтүү эксперттер белгилешет.

Маселен, Грузияда жашаган армян жана азерилердин кагылышып кетүүсү, чагымчылдык аракеттер да болуп кетүү ыктымалдыгы айтылууда. Аскердик аналитикалык “Арсенал” журналынын баяндамачысы Темур Чачанидзе:

- Тоолуу Карабакта жаңжал башталган 90-жылдары Грузияда Армения тарапка созулган газ түтүгү, Ереванга бараткан поезд жардырылган. Ошондой эле Тбилисиден Бакуга багыт алган автобустарга мина коюлуп, алар Азербайжанда жарылган. Албетте, курмандыктар болгон. Мындай көрүнүштөр биздин аймакта азыр да болушу мүмкүн.

Атышууларда жаракат алып, Степанакертедеги оорукана түшкөн жаш балдар.

Атышууларда жаракат алып, Степанакертедеги оорукана түшкөн жаш балдар.

Канткен күндө да дүйнөлүк коомчулук маселени тынч сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактоодо. Талдоочулар Украина, Сирия чатактарынан кийин мындай жагдай Батышка да, Орусияга да кереги жоктугун айтышат. Айрымдары Орусия акыркы убактарда эки өлкөнү тең курал-жарак менен түзүк эле жабдыганын, кагылыш чыкса аны жайгарган тарап катары көрүнүп, анын артында таасирин арттыргысы келгенин белгилешет.

Бул арада ЕККУнун Минск тобу 9-апрелде жаңжал аймагына келе турган болууда. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да жакын арада Грузия, Азербайжан, Арменияга сапар тартарын айтты.

Тоолуу Карабактагы жаңжал алгач 1988-жылы тутанган. Негизинен армян улутундагылар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусунун жетекчилиги ошол кездеги Азербайжан ССРинен бөлүнүп чыгуу ниетин билдирген.

Алты жылдык согушта 30 миңдей адам набыт болгон. Акыры элдешип, ок атышпоо келишимине кол коюлганына карабастан, эки тарап тең бир нече ирет аны бузуп, жаңжалдар чыгып турган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG