Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Тоолуу Карабахта кырдаал курчуду


Тоолуу Карабахтын картасы.
Тоолуу Карабахтын картасы.

Азербайжан менен Армения талашып жүргөн Тоолуу Карабахта соңку күндөрү кырдаал кайрадан курчуду. Баку менен Ереван атышуулар үчүн бири-бирин айыптап жатат.

Азери тараптын айтымында, соңку күндөрү Тоолуу Карабахтын “көзөмөл тилкесиндеги” атышууларда алар 15 жоокерин жоготту. Ал эми Армения колдогон Тоолуу Карабахтын коргоо министрлигинин ырастоосунда, 28-июлдан бери азери тарап 25 жоокеринен айрылды, 30дан ашууну жаракат алды. Тоолуу Карабахтын коргонуу армиясы болсо беш жоокеринен ажырап, жетөөсү жаракат алган.

Окуялардын мындай өнүгүшү, эки тараптын аскерлерин бөлүп турган “көзөмөл тилкесинде” атышуулардын утур-утур кайталанышы үчүн Баку менен Ереван жоопкерчиликти бири-бирине жүктөп жатат.

Арменияга каршы санкция киргизүү чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылган азери тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, “армян тарап чагымчыл аракеттерге утур-утур барып, алардын куралдуу күчтөрүнүн диверсиялык-чалгындоо топтору көзөмөл тилкесинен өтүүгө бир нече ирет умтулган”.

Тоолуу-Карабахтагы майдан тилкеси. Архивдик сүрөт.
Тоолуу-Карабахтагы майдан тилкеси. Архивдик сүрөт.

Азери армиясынын “диверсиялык топтору” алардын коргонуу тилкесин кесүүнү көздөгөндө, мизи кайтарылганын Тоолуу Карабахтын коргоо министрлиги да айтып жатат. Армения коргоо министрлигинин ырастоосунда, алардын турумдарын көздөй азери тараптан бир суткада ок атуулардын саны “12 миңге” чейин жеткен учурлар болду.

Томас де Ваал Вашингтондогу Карнеги корунун Түштүк Кавказ чөлкөмүнө адистешкен талдоочусу. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде Тоолуу Карабахтагы кырдаал боюнча эки тараптан чыгып жаткан маалыматтарга төмөнкүчө мүнөздөмө берди:​

Кырдаал өзү такай жайында курчуп кетет. Кышында баары окопторунан чыкпай жаткан кезде тынч болот. Чыңалуу жаз менен жайда башталат. Көзөмөл тилкесиндеги азыркы эпизоддор жалпысынан логикалуу эле көрүнүш. Бир тарап баштайт, экинчиси жооп берет да. Мындай шартта бирөөсүн агрессор деп бөлүп көргөзүш кыйын.

Жаңы согуш тутанбайбы?

Азербайжанда коргоо министрлиги кабарчыларды майдан тилкесинен даярдалган репортаждарында аскерий сырды ачпоого чакырса, "Интернет форум" деген коомдук уюм маалымат согушунда артыкчылык кылуу үчүн армян тарап интернет ресурстарды, жаңылык порталдарын иштен чыгаруусу мүмкүндүгүн да эскертип жиберди.

Армения колдогон Тоолуу Карабахтын коргоо министри Мовсес Акопян жергиликтүү медиага берген интервьюларында кырдаалдын курчушунун эки себебин атады. Биринчиси, сүйлөшүү жараянынын Бакунун пайдасына кетпегени. Экинчиси, Азербайжанда жаңы коргоо министринин дайындалуусу.

Тоолуу Карабахтагы көзөмөл тилкеде атышуулардын күчөшүнөн улам Азербайжан менен Армения ортосунда согуш чыгып кетпейби деген да суроолор жаралууда. Армян коргоо министри Сейран Оганян мындай дейт:

- Алдыңкы тилкелерде кырдаал чыңалган бойдон турат. Биздин коңшулар арты согушка айланып кетүүсү мүмкүн чагымды кайсыл учурда болбосун уюштура алат. Бирок бүгүн биздин аскерий-саясий жетекчилик чыңалууну басаңдатуу үчүн колдон келгендин баарын жасоодо. Соңку күндөрдүн окуяларын анализдөө жалпысынан алганда бүгүн кеңири масштабдагы аскерий аракеттерге негиз жоктугун көргөзүп жатат.

Азербайжандык саясий талдоочу Элхан Мехдиев “Азаттыктын” азери кызматы уюштурган талкууда Тоолуу Карабахтагы бүгүнкү окуяларды эки тараптын бири-биринен өч алуусу катары мүнөздөдү:

- Армяндар жаңы согушту каалабайт. Жерди оккупациялап алып, ал жерде олтурушса, аларга согуштун эмне кереги бар ? Азербайжанда болсо согуш баштап, жерди кайтаргыдай эрк жок. Бул жөн эле өч алуу акциялары жана мындай көрүнүштөр аскерлер турган тилкеде улана берет.

Тоолуу Карабахтагы кырдаалга байлагыштуу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да атайын билдирүү менен чыкты. Ал тараптарды ок атышууну токтотуу макулдашуусун карманууга чакырып, ЕККУ уюмунун Минск тобунун арачылык аракеттерине колдоо билдирди.

Армяндар жаңы согушту каалабайт. Жерди оккупациялап алып, ал жерде олтурушса, аларга согуштун эмне кереги бар?

ЕККУнун АКШ, Франция, Орусия кирген Минск тобу кырдаалды жөнгөрүү үчүн азери жана армян президенттерин тезинен кездешүүгө үндөдү.

Орус тышкы иштер министр Сергей Лавровдун айтымында, Путин азери жана армян президенттери менен апта соңунда Сочиде жыйын курганы жатат. Армян тарап президет Серж Саркиясын бул кездешүүгө барарын ырастады.

Баку болсо президент Илхам Алиевдин катышар-катышпасын айта элек.

Армения колдогон жикчилер Азербайжандын армяндар басымдуулук кылган аймагын 1990-жылдардын башындагы согушта ээлеп алган. Анда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган болчу. Тооолуу Карабахтын болочок макамы боюнча сүйлөшүүлөр ок атышууну токтотуу макулдашылган 1994-жылдан бери эле натыйжа бербей келет. Баку Тоолуу Карабахты өзүнүн оккупацияланган аймагы катары санаса, Ереван аймак келечекте да Азербайжандын бир бөлүгү боло албайт деп эсептейт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG