Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Азербайжанда Эл жазуучусу Акрам Айлисли наамынан президенттин жардыгына ылайык кол жууду. Буга калемгердин “Таш уйку” аттуу романы себеп болду. Чыгарма Азербайжанда нааразылык толкунун жаратты.

Азербайжандын өкмөтчүл “Муасир Мусават” партиясы “Таш уйку” романынын авторунун кулагын кесип келген адамга 10 миң манат (12 700 доллар) байге сайды. Бул жөнүндө партиянын төрагасы Хафиз Хажиев жекшемби күнү жарыя кылды.

Эл жазуучусу Акрам Айлислинин “Таш уйку” деп аталган романы жакында Москвада чыгуучу “Дружба народов” журналында басылган. Чыгармада азерилердин армяндарга жасаган кол салуулары, атап айтканда кезинде Баку менен Сумгаитте болгон тополоңдор сүрөттөлөт. Бирок армяндардын азерилерге жасаган агрессиясы, атап айтканда 1992-жылдын февралындагы Хожалы кыргыны чыгармада камтылган эмес.

“Таш уйку” романына нааразы болгон азерилер Акрам Айлислинин китептерин өрттөштү. Айрымдары атүгүл аны азери жарандыгынан баш тартууга үндөштү. Натыйжада президент Илхам Алиев элдин кайрылууларынан улам деген жүйө менен калемгерди Эл жазуучусу наамынан жана 1250 доллар өлчөмүндөгү президенттик стипендиядан ажыратты.

Президент жардыгында "Айлисли азери калкынын духуна каршы келген чыгарма жаратканы, азерилерди жалпы адамзаттын баалуулуктарына каршы келген аракеттер үчүн негизсиз айыптаганы, азер-армян чатагынын маңызын бурмалаганы, алыскы жана жакынкы тарыхка көө жапканы, жеринен куулган бир миллиондон ашуун мекендештердин абийир, ар-намысы кордолгону" айтылат.

​Буга дейре ондогон роман-повесттери, драмалары жарык көргөн жазуучунун өзү болсо бийлик аны наамынан ажыратуу менен кызыл сызыктан өтүп кетти деп эсептейт:

- Мен алардан наам берүүнү суранган эмесмин. Наамды менин азыркы романым үчүн ыйгарышкан эмес. Бөлөк чыгармаларым үчүн алгам. Муну кантип түшүнсө болот? Менин башка китептериме да тыюу салышабы? Мен мындай жардыкты күткөн эмесмин.

Куугунтук жазуучунун жеке өзү менен эле чектелбегендей. Маалыматтарга караганда, калемгердин Бажы мекемесинде, чоң кызматта турган уулуна иштен кетүүнү сунуш кылышкан. Улуттук драма театр Айлислинин “Мени сүйбө” деген драмасын сахнага чыгаруудан баш тарткан.

​Цензура күчөгөнүн айрымдар Айлисли чыгармаларында Бакудагы башкаруучу элитаны сынга алганы менен байланыштырышты. Ал “Таш уйку” романында армян-азери жаңжалын сүрөттөөдөн тышкары интеллигенцияны бекер батир бере коюп сатып алган, коррупциялашан чиновник аркылуу мурдагы президент, маркум Гейдар Алиевдин образын бергендей.

Билгендердин айтымында, Айлисли жарык көрө элек, “Чоң тыгын” деген чыгармасында ата-бала Алиевдерди сатиранын тили менен сындаган.

Акын Рустам Бехруди “Азаттыктын” азери кызматы менен маегинде бийликтер жазуучуну өкмөткө каршы демонстранттарга жана саясий оппоненттерге репрессияны күчөткөн кезде куугунтуктап жатканына көңүл бурду.

Анткен менен Бехруди анын калемдеши армян-азери чатагынын бир гана өңүтүн сүрөттөп, жаңылыштык кетирген деп санайт.

- Азербайжанда көйгөй көп. Бирок аларды чечкендин ордуна жазуучуну романы үчүн кодулап жатышат. Бул адабиятты түшүнбөгөндүк. Бул жерде сөз эркиндиги, эркиндик тууралуу кеп жүрүп жатат. Жазуучуну куугунтуктоону туура эмес деп эсептейм. Бирок ошол эле учурда автор менен романдын кээ бир бөлүктөрү боюнча макул эмесмин. Эгер армяндар Бакуда сабалып, өлтүрүлгөн болсо, буга түрткү берген себептерди да жазуу зарыл.

Азери жазуучусунун куугунтукталышына Арменияда кылдат байкоо салышууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарына мындан улам Азербайжандагы режимди сындагыдай жаңы мүмкүнчүлүк жаралды.

Армениянын Жазуучулар союзунун төрагасы Левон Ананяндын пикиринде, Айлислинин чыгармасы мактоого арзыйт:

- Мен чындап эле Акрам Айлислинин бул романды жазышын эрдик деп эсептейм. Бул иш жүзүндө бүгүн Азербайжанда мамлекеттик деңгээлде пропагандаланган идеяга чакырык таштоо. Экинчи жагынан мен жазуучунун кадамын акылга сыярлык жана табигый аракет деп эсептейм. Анткени чынчыл жазуучу чынчыл патриот боло албайт. Ал унчукпай койо албайт.

Азери жазуучусу болсо өз кезегинде армян кесиптештерине чакырык таштады. Акрам Айлислинин айтымында, ал азери тараптын кыянатчылыктарын романында атайлап эле сүрөттөгөн. Эми армян жазуучулары да ушундай кадамга барышы керек. Бирок армян жазуучулары эки элди көркөм чыгарманын жардамы менен элдештиребиз деген Айлислинин сунушуна көнөбү, же жокпу - бул азырынча белгисиз.

Жекшембиде Гянжа шаарында бир топ адамдар Акрам Айлислинин китептерин өрттөштү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG