Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Габаладан алган таасир


Габаланы көрүү үчүн жылына миңдеген туристтер келет.
Габаланы көрүү үчүн жылына миңдеген туристтер келет.
Түрк тилдүү өлкө башчыларынын 3-саммити өткөн Азербайжандын Габала шаары кооз жаратылышы, коюу токойлору, тарыхый жерлери менен туристтерди өзүнө тартып турат.

Аянты 1500 чакырымдан ашыгыраак чакан шаар негизинен туризм эсебинен жашайт. Азер жаштарынын көбү ушул туристтик тейлөө тармагында иш менен камсыз болгон.

Габалага баш бакканда эле үйлөрдүн кашаалары, жол жээгинин ирээттүүлүгү көз жоосун алат. Балким, мамлекет башчыларынын келишине карата камылга көрүшкөндүр. Кандай болгон күндө да тушкелди салынган үйлөр, ар кандай бийиктикте, ар кандай түскө сырдалган дарбазалар жок. Жол боюндагы үйлөрдүн баары түспөлдөш дарбазалар менен тосулган. Көчөлөрү кенен, таза.

Габаланын жаштарынын көбүнчөсү тейлөө тармагында иштейт. 16-август, 2013-жыл
Габаланын жаштарынын көбүнчөсү тейлөө тармагында иштейт. 16-август, 2013-жыл
Кечки саат ондо көчөгө чыгып, бир да автобус көрө алган жокпуз. Бул сааттарда ал тургай такси табуу кыйын экен. Аңгыча жол жээкте токтоп турган унааны көрүп ага карай бастык. Анда отурган Илмон мырзадан коомдук унаа тууралуу сурап жатып, кепке тарта кеттик. Жердиги бакулук бул айдоочу, Габалага келип иштеп жаткан экен. Илмон шаардын өзгөчөлүгү тууралуу кеп салды.

- Эли жакшы, байгер турат. Баары жетиштүү деп айтса болот. Коомдук транспорт катары автобус каттайт. Такси чакыртсаңыз шаардын кайсы бурчунан болбосун каалаган жериңизге бир манатка же 1 еврого алып барат. Башка шаарга барам десеңиз, 2 же 3 евро акы төлөйсүз.

Азербайжан мунайдан өлкөсү болгондуктан күйүүчү башка керектелүүчү каражаттарга салыштырмалуу кыйла арзан. Габалада бензиндин литри жарым манат же 30 сомдун тегерегинде. Тамак-аш баасы Бишкекке салыштырмалуу жогору.

Биз барган шаарда социалдык камсыздандыруу жакшы болгондуктан, жаштар арасында миграция агымы күчтүү эмес. Муну жергиликтүү журналист айым Этайе Аббасова айтты. Анын маалыматында, шаардыктардын орточо айлык акысы 500 манат же бизче 30 миң сомго чукул.

- Мейманканаларда мындан да жогору айлык алып иштегендер бар. Мен катардагы эле жумушчуларды айтып жатам. Бул жерде туристтик тейлөө тармагында адистер даярдалат. Алар көбүнчө түркиялыктардан үйрөнүшөт, бирок жумушка алынгандар жергиликтүүлөр. Жыйынтыктап айтканда, алган айлыктары керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү.

Калаа калкынын көпчүлүгү туризм, анын ичинде мейманкана тармагында иш менен камсыз болгон. Калкынын саны 15 миңге жетпеген шаарда 1000 орундуу мейманканалар бар. Габаланын жана жака белиндеги кыштактардын тургундарын кошкондо элдин саны 75 миңге чыгат. Алар да саякатчыларды коштогон гид катары, сейилдөөгө унаа каражаттарын берип иштешет.

Шаар ортосунан кайсы тарапка бет алба, токойлуу бөксө тоолорго такаласың. Вандам, Енгиджа сыяктуу белгилүү туристтик кыштактар, каштан токою, бийик чокулары чындыгында кооз. Шаардан 20 чакырым алыстыкта байыркы кавказ албан элин көрүүгө болот дешти. Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Илкин Абасалиев шаар тууралуу азыноолак маалымат бергенге үлгүрдү.

- Габала 600 жыл бою байыркы Кавказ Албаниясынын борбору болуп турган. Бул жерде азыркыга чейин байыркы шаардын калдыктары сакталып калган. Чухур деген конуштан алыс эмес жерде табылган археологиялык табылгалар, Габала биздин кылымга чейин IV- III кылымдардан XVIII кылымга чейин кол өнөрчүлүгү, соодасы өнүккөн ири шаарлардын бири экенин далилдеп турат.

Ушундай тарыхый жайларды же жөн эле жаратылыштын кызыгын көргөнү шаарга жылына миңдеген саякатчылар каптайт. Габаланы кайсы тарабынан туруп караба, эрте жаздагыдай жапжашыл. Жергиликтүү тургундардын айтымында, калаа фундугу, жаңгагы, алмасы, жүзүмү жана шабдалысы менен да атактуу экен.

Бирок сыртынан байкалбаганы менен көр тирилик көйгөйлөрү Габалада деле бар экен. Муну карапайым куруучу Семурдун сөзүнөн байкоого болот.

- Куруучу болуп фирмада иштейм. 700 манат айлык алам. Жалган айтканда эмне, айлык жетпейт. Үч балам бар. Балдарымды, өзүмдү, жубайымды кошкондо беш жанбыз. Маянаң бир айга толук жетиш үчүн 14 миңдей манат керек.

Баса чакан шаар суусундуктарды чыгарган, пианино жасаган заводдору, 16 гектарды ээлеген Азербайжан боюнча эң чоң Диснейленд сыяктуу аттракцион паркы жана жылда өтчү классикалык музыканын эл аралык фестивалы менен да өлкө ичинде белгилүү.

Габаладан кийин менде бир ой жаралды. Ушул сыяктуу Кыргызстандагы кооз жерлерге туристтик шаарларды курууга эмнеге болбосун? Айталы гектарлаган жаңгак токойлуу Арстанбапта же табияты көркөм Сары - Челекте. Дегеле кыргызда керемет жерлер көп эмеспи. Болгону ошол байлыгыбызды акыл жана аярлык менен колдонуу маданияты, киреше булагына айлантуу чеберчилиги жетишпегенсийт.
XS
SM
MD
LG