Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Хадижанын абакта уланган күрөшү


Хадижа Исмайлова сотто. 15-ноябрь, 2015-жыл
Хадижа Исмайлова сотто. 15-ноябрь, 2015-жыл

Азербайжандык иликтөөчү журналист Хадижа Исмайлованын темир тор артында отурганына бир жыл болду. Бирок буга карабай түрмөдөн, сот залынан ал жемкорлук, өлкөдөгү адам укугунун бузулуусунун бетин ачып, күрөштү уланта берерин айтып келет.

Азербайжанда адам укугунун одоно бузулганы тууралуу акыркы билдирүүсүн Хадижа Исмайлова Бакудагы сот залынан, үн өткөрбөгөн айнек капастын ичинен көрсөттү.

19-ноябрда болгон сот отурумунда журналист микрофонду судья Ильгар Мургузов каалаган учурда өчүрүп салышы ыктымал экендигин билип, айта турган сөзүн ак баракка жазып отургандарга көрсөттү. Анда: “Жекшемби күнү 63-64-камерадагы өспүрүмдөр эшиктерин ургулап, каршылык кылышты. Аларды катуу сабашып, жалгыз камерага бөлүп салышты”, - деген.

Темир тор артында өткөн бир жылда Исмайлова ишмердигин токтоткон жок. Бир нече эл аралык сыйлыктарга да татыды. Бийликтин жемкорлугун ашкерелегенди улантып, мындан ары да ага эч ким тоскоол боло албастыгын айтып келет. 3-декабрдагы кайрылуусунда: “Жолуман кайтпайм. Күрөштү уланта берем. Маанайым аябай жакшы. Сотто да өзүмдү жеңүүчүдөй сезем”, - деген.

Исмайлова өзүнө коюлган салык төлөөдөн качты жана көз боёмочулук кылды деген айыптарды мыйыгынан жылмайып гана угуп койду. Ага карата кылмыш иши президент Ильхам Алиев баш болгон бийликтегилердин жемкорлукка белчесинен баткан акыбалын ачык айтуудан улам атайын токулду деп келет. Түрмөдө жатканда да Исмайлова тынчып калбай, Бакунун четиндеги Күрдахан убактылуу абак жайындагы мыйзам бузуулардын бетин ачууга белсенген.

Элмира Исмайлова кызынын эркиндикке чыгышын бир жылдан бери зарыга күтүүдө. Ал Хадижа жок убакыт өтө эле узарып кеткенин айтат:

- Аябай сагындым. Бир жыл беш жылдай узарды. Ошентсе да чындыкты айтканы үчүн камалганын эстеп, ак экенин билип өзүмдү жооткотом. Ушундан дем-күч алып, чөгүп кетпейин деп жатам. Кудайым Хадижа сыяктууларды дагы көп жаратып, ден соолугун берсин.

Исмайлованын сот залында айнек капастан көрсөткөн билдирүүсүнө бийлик дароо жооп кайтарды. 19-ноябрда Азербайжандын адам укугу боюнча комиссиясынын жетекчиси журналистке жолукту. Анда Исмайлова 18ге чыга элек өспүрүмдөрдү БУУнун балдар укугу боюнча конвенциясына ылайык жалгыз камоого болбой турганын айтты. Аталган комиссиянын жетекчиси Рашид Румзаде Исмайлованын айткандарынан улам атайын иликтөө жүрүп жатканын кабарлады.

Эркиндик ырлары

Күрдахан абагында Исмайлова күн сайын опера ырларын ырдайт. Алгач жанында жаткандар анын бул адатына нааразы болушкан. Бирок Хадижа ырдоо да адамдын бир укугу экенин айтып жатып, акыры шериктерин көндүрдү. Журналистти абакта отургандар башка иш-аракеттери үчүн да сыйлай башташты. Маселен, бир сот отуруму учурунда Хадижа Күрдахандагы камактагыларга күнүмдүк эт азыктары аз берилип жатканын айтып чыккан. Ушундан кийин тамактагы эттин өлчөмү көбөйгөн. Дагы бир жаш кызга апелляциялык кат жазып берип, сотко чейин камакта отуруу өкүмүн өзгөртүүгө көмөктөштү. Хадижанын китептеринин 90 процентин азыр Күрдахан түрмөсүндөгүлөр талашып окушат.

Кабарчы камалардан бир аз мурда ашказанынан операция болгон. Ушундан улам ага үйдүн тамагын ичүүгө уруксат берилген. Апасы ага күн сайын үйдөн азык ташыйт. Исмайлова аны жанындагылар менен тең бөлүшөт. Кызы түрмөгө камалганда андан жүз буруп кеткен тууган-уруктары да болгон. Аларга журналисттин энеси таарынбайт деле:

- Акыркы кезде досторум көбөйдү. Хадижанын курбулары келип-кетип турушат, Фейсбуктан достук суранычын жиберишет. Сыйлык алган сайын мени куттукташат, колдоо көрсөтүшөт. Бирок айрым туугандар бизге жолобой калды. Кызым камалгыча бизди колдогондор азыр деле колдоп атышат. Бизден алыстагандарга түшүнүү менен кабылдайм. Анткени атам 1937-жылы камалган. Ошондо бардык туугандар бизден жүз буруп кетишкен. Кээ бири азыр да ошентти. Аларга таарынбайм, ар кимдин өз иши да.

Үнүн угузгусу келет

Бийлик Исмайлованын түрмөдөгү баяндарын коомчулукка чыгарбоого аракет кылат. Ошол себептүү, Хадижанын жазган каттарынын көбү дарегине жеткен эмес. Бир нече ирет түрмө жетекчилиги камерасын тинтип, кагаздарын, өзүн актоого багытталган документтерин тартып алган.

Ошентсе да, сот болгон сайын Исмайлова президент Алиевдин чет өлкөгө ташып кеткен эбейгесиз байлыктары тууралуу маалыматтарды чыгарып, коомчулук көңүлүн өзүнө буруп келет. Бул боюнча айрым документтери The Washington Post гезити менен бир нече эл аралык уюмдарга чейин жеткен.

Хадижа Ирандын жазуучусу Сахар Делиджанинин “Жакаранда балдары” аттуу китебин азербайжан тилине которду. Китепте 1988-жылы ирандык түрмөлөрдө өлтүрүлгөн саясий туткундардын тагдыры чагылдырылган.

Максаттар жана сыйлыктар

Исмайлова ар бир эмгеги жарыяланган сайын түрмөдө ага кысым күчөп жатканын айтууда. Февраль, март айларында чыккан кат, макалаларынан соң аны абактын карцерине которушкан. Журналистке кагаз бербөө үчүн жактоочусу жана жакындары катуу тинтүүгө алынат. 25-ноябрда Баку соту Исмайлованын үй камагына которулуу боюнча өтүнүчүн четке какты. Азыркы тапта журналист Бакунун №4 аялдар абагында, карантинде жатат. Соттун жети жарым жыл түрмөдө отургузуу өкүмүнө нааразы Хадижа эми Азербайжандын Жогорку Сотуна доо арыз жолдоду. Эгер Жогорку Сот өкүмдү күчүндө калтырса, Страсбургдагы адам укугун коргоо боюнча Европа сотуна кайрылат.

Молдовадагы Исмайлованы жактоочулар
Молдовадагы Исмайлованы жактоочулар

Журналистке АКШнын Улуттук пресс-клубу “Сөз эркиндиги үчүн” деп аталган эң жогорку сыйлыгын ыйгарды. Ал эми эл аралык ПЕН-борбору да 2015-жылдагы сыйлыгын Исмайловага берүүнү туура тапты. Шаршемби күнү ага Швециянын Handels-och-Sjofarstidning гезитинин “Холм баатыры” сыйлыгы ыйгарылды. Бул сыйлык өз эркиндигин адам укугун коргоо үчүн курмандыкка чалгандарга берилет. Эл аралык укук коргоочу, сөз эркиндигин жактоочу уюмдар Хадижа Исмайлованын адилетсиз камалганын тынбай сындап келишет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG