Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

Азербайжан: Хижаб талашы кимге керек?


Нарадан айылынын тургундары пикетке чыгышты, 18-декабрь, 2010

Нарадан айылынын тургундары пикетке чыгышты, 18-декабрь, 2010

Азербайжанда бийликтер мусулман аялдар кийчү хижабга тыйуу салышкандан бери жүздөгөн кыздар мектептерге бара албай калышты. Өкмөт башына жоолук салынып жүрүү өлкөдө жаңы киргизилген униформага каршы келээрин айтууда. Бирок секулярдык өкмөттүн чечими исламдашып бараткан өлкөдө кескин нааразылыктарды жаратты.

Азербайжанда бул суроо соңку кездери чоң саясий жаңжалга айланып баратат.

Өткөн аптанын бейшембисинде шийилердин “Ашура” диний майрамындагы иш-чарада баш калаа Бакунун четиндеги Нардаран айылына бир нече миң адам чогулду. Алар хижабды чечкиле деген бийликтерди сындашты. Динаятчылар топтолгон элге кайрылып, “ишенимиңер үчүн өлүмгө да даяр болгула” дешти.

“Келгиле, бирге кыйкырабыз: Биз хижабды чечпейбиз! Андан көрө өлгөнүбүз артык эмеспи?! Бул жөн эле сөз болбош керек. Силер ишенимиңер үчүн өлүмгө да даяр тургула”, - деген сөздөр айтылды.

Демонстранттар Билим берүү министри Мисир Мардановдун сүрөтүн өрттөштү
Расмий Баку болсо мусулман аялдар башына салынып жүргөн хижаб Советтер союзундагыдай мектеп формасына такыр туура келбей турганын айтып, ошон үчүн ага тыйуу салынганын билдиришти. Бирок анын айынан чыккан жаңжал азыр секулярдык өкмөттү өтө опурталдуу абалга кептеп койду окшойт. Анткени жумуриятта шариаттын жолунда жашоону каалагандар улам көбөйүп баратат.

Адвокаттар менен адам укугун коргоочу активисттер да өкмөттү бул чечими үчүн сындап жатышат. “Азербайжандын конституциясында хижабга тыйуу салынбагандан кийин, кыздар мектепке хижабчан келишине өкмөт тыйуу салганга укугу жок”, - дешет алар.

Азыр жүздөгөн кыздар ушунун айынан мектепке да барбай калышты. Алардын бири – Бакунун тургуну, 11-класстын окуучусу Вусала Кулиева.

“Мен эч качан хижабымды таштабайм, - деди ал “Азаттыктын” кабарчысына. - Алар бизге хижабга тыйуу салган бир да документ көрсөтүшкөн жок. Мен алардын оозеки айткан эрежелерине түшүнбөйм жана аткарбайм”.

Ата-энелер да расмий бийликтин чечимине нааразы болуп жатышат
Ата-энелердин позициясы да ушундай. Алар да эмне үчүн Билим берүү министри Мисир Марданов оозеки эле кыздарга “жоолугуңарды чечкиле” дегенине түшүнбөй жатышканын айтышат. Хижабга тыйуу салган мыйзам же токтом чыкпагандыктан, ата-энелер бул оозеки билдирүүлөрдү тааныбайбыз дешет. Айрымдар кыздарын мамлекеттик жалпы билим берүүчү орто мектептерден менчик мектептерге да которуп жатышыптыр. Анткени менчик мектептерде униформа деген талап жок.

Маселеден диний эле эмес, саясий өңүттү көргөндөр бар. Адвокат Интикам Алиевдин ишениминде, азыр хижабдын айланасындагы жаңжалдын баары жасалма эле киргизилди. Анткени коомдун көңүлүн мүмкүн болушунча коррупцияга жана социалдык проблемаларга байланыштуу маселелерден оолак кармаганга аракет көрүлүп жатат.

“Хижаб - бул диний аң-сезимдин бир бөлүгү, - дейт адвокат. - Менимче, азыр элдин көңүлүн олуттуу социалдык жана саясий проблемалардан башка нукка буруш үчүн эле аны атайылап киргизип жатышат”.

Азербайжанда калктын 96% мусулмандар түзөт. Бирок расмий бийлик Советтер союзу учурундагы секулярдык баалуулуктарды карманып келүүдө.

АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү диний эркиндик жөнүндө жакында жылдык баяндамасын жарыялаган. Баяндамада Азербайжандагы түрдүү диний агымдарды кармангандарга, алардын ичинде, исламга да чектөөлөр киргизилгенин белгилешкен. Маселен, акыркы жылдары жабылган мечиттер, диний китеп-баракчаларды таркатууга киргизилген чектөөлөр жөнүндө сөз болду. Керек болсо, элди намазга чакырыш үчүн азандын жаңырыгын да пасайтышкан экен. Бир топ кишилер полициядан кордук көрүшкөнүн, алардын сакалын күчтөп кырдыртып салышканын айтып даттанышкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG