Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Баку: сот журналисттин бардык өтүнүчүн четке какты


Исмаилованын соту
Исмаилованын соту

Баку шаарынын соту журналист Хадижа Исмаилованын ишин кароону улантты. Укук коргоочу уюмдар жана Батыш өкмөттөрү бул иштин артында саясат турат деп эсептешет.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматынын штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштеген 39 жаштагы Исмаилова бийликтеги коррупцияны ашкерлеген курч материалдары менен таанылган.

Журналист салык төлөөдөн качуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана көз боемочулук беренелери боюнча айыпталууда.

Энеси Эльмира Исмаилова соттун 18-августтагы жыйынынан кийин кабарчыларга бул процесстин “башынан аягына чейин калпка негизделгенин” айтты.

“Хадижа адвокаттары менен сүйлөшүп алууга кошумча бир жума сураган. Ошондой эле күбө катары катталган Рамал Хусейнов деген кишини өмүрүндө көрбөгөнүн айтып, аны көрсөтмө берүү үчүн сотко чакырууну өтүнгөн. Хадижа соттун күн сайын өткөрүлүшүнө каршы экенин, эки саат камерадан чыгып, сейилдөө укугун сактоо керектигин айткан. Анын бардык өтүнүчтөрүн судья четке кагып келатат”, - деди журналисттин энеси.

Президент Илхом Алиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн финансылык иштерине тийиштүү иликтөө материалдарын чыгарган Исмаилова декабардан бери тергөө абагында кармалууда.

Алдын ала угуулар июлда, ал эми сот процесси 7-августта башталган.

Журналистке адегенде мурдагы кесиптеши Турал Мустафаевди өз жанын кыйуу аракетине чейин жеткирген деген доомат коюлган. Андан кийин дагы эки айып тагылды.

Өткөн айда Мустафаев тартип коргоочуларынын кысымы менен Исмаилованы “каралаганын” моюнга алганы менен, адвокаттардын бул айыпты иштен алып салуу сунушу четке кагылды.

Бир нече күн мурун Мустафаев сүйлөшкөн кызы менен уруша кеткенден кийин өзүн жоготуп койгонун, Исмаилованын анын өз жанын кыйуу аракетине эч тиешеси жоктугун кайталаган.

Бирок судья анын ысымын журналисттин ишинен алып салуудан баш тартты.

Исмаилова Азербайжан өкмөтүн сындагандыгы үчүн камалган таанымал активист, журналисттердин узун тизмесин толуктады.

Журналист өзү бул сот ишин анын оозун жаптыруу аракети катары сыпаттайт.

АКШ жана Батыштын башка өлкөлөрү Баку бийлигинен Исмаилованы бошотууну талап кылышууда. "Эмнести Интернешнл" эл аралык уюму журналистти “абийир туткуну” деп атады. Журналисттерди коргоо уюму анын камалышын кесиптик ишмердигине байланыштырат.

10-августта "Хьюман Райтс Уоч" уюму Элисон де Форж сыйлыгын быйыл азербайжандык журналистке ыйгаруу чечимин жарыялады.

29-июлда болсо Исмаилова АКШнын Улуттук Пресс клубунун сөз эркиндиги жаатында берилчү эң жогорку сыйлыгына татыган.

Ага чейин журналист америкалык ПЕН борборунун сыйлыгын да жеңген.

XS
SM
MD
LG