Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:48

Конгрессмен Бакудагы укук коргоочунун тагдырына кабатыр


Эмин Гусейнов абакта отурган жаш активист Эднан Хажизадеден кабар алганы түрмөгө барган учур. Апрель, 2010

Эмин Гусейнов абакта отурган жаш активист Эднан Хажизадеден кабар алганы түрмөгө барган учур. Апрель, 2010

Америкалык конгрессмен Дана Рохрабахер Бакудагы АКШ элчилигин азербайжандык таанымал адам укугун коргоочуга көмөк көрсөтпөгөнү үчүн сындады.

Саясий куугунтукка алындым деген Эмин Гусейнов 2014-жылдын август айынан тарта Швейцариянын Бакудагы элчилигинде баш калкалап отурганын 11-февралда Foreign Policy кабарлаган.

Foreign Policy журналынын жазышынча, Гусейнов былтыр августта полиция камакка алат деп коркуп, Швейцариянын Бакудагы элчилигинен баш паанек сурагандан мурда АКШ элчилигине кайрылган.

12-февралда бул маселе жана Азербайжандагы адам укугунун абалы АКШ Конгрессинин Европа өлкөлөрү менен кызматташуу субкомитетинде угулду. Бул жыйынга Гусейновдун жубайы, АКШ жараны Сара Полворс да катышты.

АКШ Конгрессинин Тышкы иштер комитетиндеги Азербайжандагы абалга арналган талкууда Дана Рохрабахер сүйлөөдө. 12-февраль, 2015

АКШ Конгрессинин Тышкы иштер комитетиндеги Азербайжандагы абалга арналган талкууда Дана Рохрабахер сүйлөөдө. 12-февраль, 2015

Субкомитеттин төрагасы, республикачыл Дана Рохрабахер Кошмо Штаттардын Азербайжандагы дипломаттарын “суу жүрөктүк” кылышкан деп сындады:

- Эмин Гусейновду бийликтер издеп жатканы айкын болгондон кийин ал Кошмо Штаттардын элчилигинен жардам сураган. Биздин элчилик аны артка кайтарган. Бирок Швейцариянын элчилиги ага башпаанек берип, бүгүн ал ошо жерде. Швейцариялыктар америкалыктарга караганда жүрөктүүлүк кылган.

11-февралда Швейцариянын коомдук телеканалынын билдиргенине караганда, Гусейнов полиция аны кармап албашы үчүн элчиликке кирип баратканда, өзүн Швейцария жаранымын деп айткан.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Хельсинки комиссиясынын теңтөрагасы Крис Смит 12-февралда Азербайжан президентине кайрылып, укук коргоочунун Швейцария элчилигин таштап, өлкөдөн чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк берүүнү сурады.

- Баарынан өкүнүчтүүсү - журналисттерди коргоп, сөз эркиндигин жайылтууга салым кошкон Гусейнов мырзаны куугунтуктоо адам укугун коргоочу активисттерди репрессиялоо боюнча чоң өнөктүктүн бир бөлүгү.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Нина Огнянова да Азербайжан бийликтерин Э. Гусейновго каршы кылмыш ишин жабууга жана “бийликти сындоочулардын үнүн басуу үчүн жалган жалаа колдонууну токтотууга” чакырды.

АКШ Мамдепартаментинин атын атабоону өтүнгөн расмий кызматкеринин 12-февралда “Азаттык” радиосуна айтымында, таанымал адам укугун коргоочуну Азербайжан бийликтери “тез жана аман-эсен” өлкөдөн чыгарып жиберүүсү үчүн “ызы-чуусуз” дипломаттык аракеттер көрүлүп жатыптыр.

Эмин Гусейнов - Кабарчылардын эркиндиги жана коопсуздугу институтунун негиздөөчүсү жана мүдүрү. Бейөкмөт институт Азербайжан президенти Илхам Алиевдин өкмөтүн өлкөдө сөз эркиндигине кысым көрсөтөт деп сындап жүрчү. 2008-жылы полициянын кызматкерлери аны сабап, өлтүрөбүз деп коркуткандан кийин ооруканада жатып дарыланган. Гусейновду жана башка азербайжан адам укугун коргоочуларды бийликтин куугунтуктоосун буга чейин Эл аралык мунапыс уюму бир нече жолу сындаган.

Азербайжандын АРА агенттигинин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хикмет Хажиевге шилтеп кабарлашынча, прокуратура Э. Гусейновду салык төлөгөн эмес, катталбаган гранттарга байланыштуу мыйзамсыз бизнеске аралашкан деп күнөөлөгөн. Хажиевдин билдиришинче, Гусейнов 7-июлдан тарта бир нече жолу тергөөгө чакырылганда сурактан качып, Швейцария элчилигине кире качкан экен.

Норвегиялык “Адам укугу үйү” фонду 11-февралда жарыялаган билдирүүдө айтылгандай, учурда иши соттогу адам укугун коргоочулар Расул Жафаров, Интигам Алиев жана Лейла Юнус да мыйзамсыз ишкердик кылган жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Ушундай айып менен Шайлоону көзөмөлдөө жана демократияга окутуу борборунун башчысы Анар Мамедли 5,5 жылга, активист Башир Сулейманлы 3,5 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG