Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Азербайжан: биринчи айым чоң саясатка аттанды


Мехрибан Алиева, 11-май, 2012-жыл.
Мехрибан Алиева, 11-май, 2012-жыл.

Азербайжандын мамлекет башчылыгына эми биринчи айым Мехрибан Алиева даярданып жатабы? Жакында биринчи айымдын бийликтеги партиянын жолбашчыларынын катарына расмий кошулуусу мына ушундай жоромолдорго түртүүдө.

Коомдук кызматтарын, наамдарын эске албаганда да 48 жаштагы Мехрибан Алиева саясий карьерасын парламент депутаты катары мурда эле баштаган. Ал эми өткөн аптада Азербайжандын биринчи айымынын саясий макамы дагы бир тепкичке көтөрүлдү.

Мехрибан Алиева бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясынын төрага орун басарлыгына шайланды. Партия лидери болсо президент Илхам Алиевдин өзү.

2003-жылы бийлик атадан балага өтөр алдында да ушундай эле ыкма колдонулганын эске салган бакулук саясат таануучу Зафар Гулиев биринчи айымдын капыстан эле партия эшалонунун жогорку тепкичине көтөрүлүшү Алиев режимине алдыдагы шайлоодо ийкемдүүрөөк аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк берерин белгилейт:

- “Жаңы Азербайжан” партиясы Гейдар Алиевдин тушунда эле бийликтеги үй-бүлөнүн аспабы болуп калган. Анда Илхам Алиев партия төрагасынын орун басарлыгына 2001-жылкы курултайда шайланган болчу. Өлкөнүн ичинен да, сыртынан да муну дароо эле Гейдар Алиев бийликти уулуна өткөрүп береринин белгиси катары карашкан.

Иш жүзүндө Илхам Алиев бийликке эки жылдан соң жетип, “Жаңы Азербайжандын” төрагасы болуп калды. Эми бийлик Мехрибан Алиевага өтүшү мүмкүн. Мындай кадам жакын арада жасалбаса да, быйылкы президенттик шайлоодо болушу ыктымал. “Жаңы Азербайжан” президенттикке кайра эле Илхам Алиевди көрсөткөнү менен бийлик башка варианттарды да караштырууда. Эгер Илхам шайлоого барбаса, же талапкерлигин алууга мажбур болуп калса, Мехрибан чыга алат.


Быйыл күздө Илхам Алиевдин бийликтеги экинчи мөөнөтү аяктайт. Бирок 2009-Конституцияга 2009-жылы киргизилген өзгөртүү үчүнчү мөөнөткө да жол ачкан. Октябрдагы шайлоодо ага негизги атаандаштардын бири белгилүү кинорежиссер Рустам Ибрагимбеков болору күтүлүүдө.

Рустам Ибрагимбеков Алиевге атаандаш болуп чыгууну көздөөдө.
Рустам Ибрагимбеков Алиевге атаандаш болуп чыгууну көздөөдө.
Анткен менен жергиликтүү жана чет элдик да байкоочулар оппозициядан ким чыкканына карабай, Алиев шайлоону оңой эле жеңерине ишенишет.

Азери парламентинин депутаты, “Жаңы Азербайжан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Евда Абрамов президент эми бийликти шайлоо аркылуу жубайына берген жатат деген жоромолдорду толугу менен четке какты:

- Бул кеп-сөздөрдүн баары абсурд. Мехрибан Алиеванын жаңы кызматы менен президенттик шайлоонун кандай байланышы бар? Ал (Мехрибан Алиева) аркылуу “Жаңы Азербайжан” партиясын кеңейтүүнү көздөйт. Партиянын социалдык базасы чоңойот. Президент бул кызматты күчтүү Азербайжанды курууда аны кимдир бирөө колдоп туруусу үчүн түздү.

Бирок Илхам Алиев бийликтен баш тартпаган күндө деле президенттикти жубайына өткөрүп берип коюшу мүмкүн деп боолгогондор муну авторитардык башкарууга жана байлык адилетсиз жол менен саналуу кишинин колуна топтолгонуна нааразылык күчөгөнүнө байланыштырышат.

REАL деп аталган оппозициячыл кыймылдын мүчөсү Эркин Кадырлинин көз-карашында, коомдук кызыгуу жана тополоңдор көбөйгөнүнөн улам Алиев бийликти тандалган тар чөйрө арасында топтоштурууну көздөгөндөй:

- Ал жубайын орун басарлыкка партия ичинде президент таяна ала турган адамдар саны ушунчалык азайып кеткендиктен улам алып жаткан болушу ыктымал. Алар бийлиги бар чөйрөнү чектешүүдө. Үй-бүлө форматындагы табигый чөйрөнү тандап жатышат деп айтсак болот.

Мехрибан Алиева да тектүү жердин кызы, интеллектуалдардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Илхам Алиевдин кайын-журтун Азербайжанда Пашаевдер кланы деп коюшат.

Мехрибан Алиеванын атасы Ариф Пашаев - Улуттук авиация академиясынын ректору. Эжеси Наргиз Москва мамлекеттик университетинин Азербайжандагы бөлүмүнүн башчысы. Атасынын иниси Хафиз Пашаев Азербайжандын АКШдагы элчиси болгон, азыр тышкы иштер министринин орун басары.

Мехрибан Алиева атасы Ариф Пашаев менен.
Мехрибан Алиева атасы Ариф Пашаев менен.
Алиевдердин үй-бүлөлүк байлыгы он миллиондогон, балким жүз миллиондогон доллар деп айтылып жүрөт.

Азербайжандын эбегейсиз энергия ресурстарынан жана бийлик бир колдо турганынын натыйжасында жыйналды делген дүйнө мүлк өлкөнүн маданиятына да болуп көрбөгөн инвестиция тартуулады. Ал маданий долбоорлордун көбүнүн башында Мехрибан Алиева өзү жана анын эки кызы турат.

Азербайжан эски совет аймагынын полиция күчтөрү да мыкты жабдылган жана каржылаган өлкөсү деп саналат. Жеке адамдар же саясий топтор нааразылык билдирип көчөгө чыгайын десе, дароо эле ой-боюна койбой күч менен таратылышат же камалышат.

Мына ушул көрүнүштөрдөн улам Азербайжан оппозициясы жана укук коргоочулар Алиевди мамлекеттик иштерде жек-жаатчылыкка жол берген, өлкөнүн байлыгын жана ресурстарын бир үй-бүлөнүн колуна топтогон, жарандардын укугун такай бузуп келатат деп айыпташат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG