Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Азербайжан: Оппозицияда талапкер бар, бирок өлкөдө эмес


Рустам Ибрагимбеков
Рустам Ибрагимбеков

Азербайжанда 9-октябрда кезектеги президенттик шайлоо болот. Бул ирет мамлекет башчылыгына талапкер катары таанымал кинорежиссер Рустам Ибрагимбековдун да көргөзүлүшү шайлоо саясий атаандаштык шартында өтөт деген үмүт жараткан эле. Бирок Азербайжанда Ибрагимбековго кылмыш ичи ачылчудай болуп турушу жана анын Орусия жарандыгынан чыгуусунун кечеңдеши жогорудагыдай үмүттөргө суу себүүдө.

Азери оппозициясы өткөн апта соңунда грузин борбору Тбилисиде эки күндүк жыйынын аяктаганда, алар Бакуга президенттикке чыгуучу бирдиктүү талапкери менен кайтат деген үмүт жаралган эле.

Өзү азери интеллигенциясы арасында кадыр-баркы башкаларга салыштырмалуу жогору Ибрагимбеков акыркы жыйырма жылдан бери өлкөнү династиялык ыкмада башкарып жаткан Илхам Алиевдин үй-бүлөсүнө чакырык таштап, Азербайжанга саясий өзгөрүү алып келет деп ойлогону менен ал саясий күрөшкө батыл киришүүдөн азырынча кетенчиктеп тургандай:

- Бакуга сөзсүз барам. Мында эч шек жок. Бирок, бүгүн менин досторум, жолдошторум келбей турууну сунуштап жатышат. Анткени кээ бир укуктук маселелер али чечүүнү талап кылат. Мен ошолор чечилгенден кийин гана барам. Өзүмө катаал сын көз караш менен карайм. Бирок азербайжан эли бийлик алмашуусун ушунчалык көксөп турганын сезүүдөмүн. Алар менин жеңишим үчүн баарын жасашат.

74 жаштагы Рустам Ибрагимбеков Азербайжанда акыркы ирет быйыл январда болгон жана 9-октябрдагы шайлоодо оппозициянын бирдиктүү талапкери катары шайлоо өнөктүгүн баштоо үчүн мекенине 31-июлда келүүнү убада кылган.


Улуттук кеңештин жыйыны. Тбилиси, 30-июль.
Улуттук кеңештин жыйыны. Тбилиси, 30-июль.
Бирок Бакуда Ибрагимбековго каршы кылмыш ишинин ачылыш ыктымалдуулугу жана анын Орусия жарандыгынан чыгуу жараянынын создугуп кетиши ал шайлоого катыша албай калабы деген күмөн саноолорду да жаратууда.

Ибрагимбековдо бир эле учурда Азербайжандын да, Орусиянын да жарандыгы болгондуктан ал кош жарандыгы менен президенттикке талапкер катары каттала албайт.

Мындан улам азери оппозициясынын Улуттук кеңеши Тбилисидеги жыйынында орус президенти Путинге Ибрагимбековдун жарандыктан чыгышын тездетүүнү өтүнгөн кайрылуу жолдоону чечти.

Бирок анын өлкөдө узактан бери жок болушу оппозиция мүчөлөрү арасында нааразылык жана иренжүү жаратышы мүмкүн.

Маселен оппозициядагы “Мусават” партиясынын лидери Иса Гамбар өзү да талапкер иретинде чыгууга даярдыгын, бирок алар азырынча Ибрагимбековго гана ишеним артып турушканын белгилейт:


- Биздин азыркы приоритет Ибрагимбековдун талапкерлигине коюлган жасалма тоскоолдуктардан кутулуу. Аны талапкер катары каттап, жеңишке жетишүү. Азыр биздин ишибиз мына ушуга багытталган. Калган маселелер убагы келгенде чечилет.

Оппозициянын мына ушундай туңгуюк абалга кептелиши азери бийлигинин дымагын күчөткөндөй. Президенттин администрация башчысы Али Гасанов Илхам Алиев акыркы шайлоодо калктын 90%нын колдоосун алганын эске салып, президенттикке талапкер чыгарып жаткан кайсыл саясий күч болбосун диалогго даярдыгын белгиледи.

Бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясынын айрым өкүлдөрү оппозиция талапкери Ибрагимбековдун айланасындагы окуяларды “шоу” катары сыпатташууда.

Мамлекеттик маалымат каражаттарында болсо орус президенти Путиндин алдыдагы визити расмий Москва Орусия менен узактан бери байланышы бардыгына карабай Ибрагимбековго эмес, бийликтеги режимге басым жасарынын белгиси катары мүнөздөлүп жатат.

Орус президенти Бакуга 12-13 –августа келет деп күтүлүүдө. Ибрагимбековду орус жарандыгынан чыгаруу маселеси анын колунда тургандыктан Путин алдыдагы визитинде Илхам Алиевден шайлоонун жылма өтүүсү үчүн эки ортодогу айрым маселелер боюнча чегинүүлөрдү да талап кылышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG