Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Азербайжан эл аралык сынга кабылды


Венгрия экстрадициялаган Рамил Сафаровду Азербайжанда "баатыр" катары тосуп алышкан. 31-август, 2012-жыл.
Венгрия экстрадициялаган Рамил Сафаровду Азербайжанда "баатыр" катары тосуп алышкан. 31-август, 2012-жыл.

Азербайжандын дарегине Венгриядан өткөрүп алган офицерин эркиндикке чыгаргандан бери эл аралык сын күчөдү.

Евробиримдик Бакудан түшүндүрмө сураса, ЕККУнун Минск тобу бул окуя Азербайжан менен Армениянын ортосунда ансыз деле жакшы эмес ишенимге доо кетиргенин белгиледи. Бакунун чечимине ага офицерди өткөрүп берген Венгрия да нааразычылык билдирди.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун басма сөз катчысынын айтымында, Азербайжан биримдикке мүчө Венгриядан түрмөдө олтурган офицерин өткөрүп алууда берген убадасын бузгандай.

Майя Косьянчич “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маеги учурунда белгилегендей, учурда Брюссель Бакудан бул иш боюнча түшүндүрмө күтүп жатат:

- Биз билген жана чогулткан маалыматтарга негизденсек, Рамил Сафаровду өткөрүүдө Азербайжан менен Венгриянын ортосунда макулдашылган белгилүү бир шарттар менен милдеттемелер сакталган эмес. Ушундан улам биз Азербайжан тараптан эмне үчүн мындай болгону жана аймактагы морт кырдаалга коркунуч туудурган аракеттер эмне үчүн уланып жатканы боюнча түшүндүрмө алууга аракеттенүүдөбүз.

Азербайжан Венгрия экстрадициялаган офицерин эркиндикке чыгарышын Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц, Биримдиктин президенти Херман ван Ромпей да сынга алышты. Ага чейин Бакунун кадамына АКШ терең тынчыздануусун билдирген.

Ал эми ЕККУнун АКШ, Орусия, Франция тең төрагалык кылган Минск тобу жагдайды азери жана армян тышкы иштер министрлери өз-өзүнчө талкуулаган соң бул окуя Тоолуу Карабах жаңжалын тынч чечүү боюнча аракеттерге көлөкө түшүрдү, эки ортодогу ишенимге доо кетирди деп эсептеди.

Венгер бийликтеринин ырастоосунда, азери офицери Баку ал жаза өтөөнү мекенинде да улантарын убада кылган соң өткөрүлгөн.

Будапештеги нааразылык акциясы. 4-сентябрь, 2012-жыл.
Будапештеги нааразылык акциясы. 4-сентябрь, 2012-жыл.
Расмий Будапешт азери элчисин тышкы иштер министрлигине чакыртып, Бакунун кадамы “кабыл алынгыстыгын” айтса, премьер- министр Виктор Орбандын өкмөтүнүн Азербайжан менен макулдашуусуна нааразы эки миңдей адам шейшембиде демонстрацияга чыкты.

Будапешттеги демонстранттардын бири Ласзло Мухари мындай дейт:

- Адам өлтүргүчтөр улуттук жек көрүүчүлүк негизде жасалган кылмыш баатырдык катары саналары анык өлкөлөргө экстрадицияланбоосу керек. Демократиялык мамлекет үчүн бул кабыл алынгыс.

Мурдараак венгер гезиттеринин бири Азербайжан Венгриянын наркы түрк лирасына байланган өкмөттүк бонддорун сатып алуу аркылуу ага 3 миллиард еврого чейин насыя берерин жазып чыккан эле.

Бирок венгер расмий өкүлдөрү азери офицеринин мекенине берилиши менен өкмөттүк бонддордун чыгарылышынын кандайдыр бир байланышы бардыгын төгүндөштү.

Венгер соту Рамил Сафаровду армян офицери Герген Маркарянды уктап жатканда өлтүргөнү үчүн отуз жылга дейре жеңилдик алуу укугунан ажыратуу менен өмүр боюу түрмөгө кескен. Тергөөнүн материалдарына караганда, ал муну балта жана бычак колдонуу менен ишке ашырган.

Окуя 2004-жылы болгон. Эки офицер тең НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагындагы окууга барышкан.

Сафаров сотто армян кесиптешин өлтүрүүсүн ал Азербайжандын желегин булгап, өлкөнү кордогонунан улам деп түшүндүргөн.

Азербайжанда эмне дешет?

Сафаров мекенине келер замат азери президенти Ильхам Алиев ага кечирим берсе, Коргоо министрлиги мурдагы лейтенантты майор чинине көтөрдү. Түрмөдө өткөргөн сегиз жылдан ашуун убакыт үчүн айлык акысын төлөп, бекер батир ыйгарды.

Буга ачууланган Армения Венгрия менен дипломатиялык мамилесин токтотуп, атүгүл президент Серж Саркисян өз билдирүүсүндө эгер Азербайжан таңууласа, өлкөсү “согушууга” даярдыгын айтып жиберди.

Ошентип, Бакунун дарегине эл аралык коомчулуктан жапырт сын күчөгөн кезде, Азербайжандын өзүндө эмне деп жатышат?

Бакудагы Чыгыш- Батыш изилдөө борборунун башчысы Арастын Оруджлунун “Азаттыкка” айтканына караганда, өкмөттүк жана бийликчил маалымат каражаттарынын таасири астындагы көпчүлүк албетте президенттин чечимин колдойт.

Ильхам Алиевдин жактоочулары Батыштан айтылган сынга өз контраргументтерин да келтиришүүдө. Бирок ошол эле учурда бул укуктук эмес, саясий чечим деп санагандар Азербайжанда да бар:

- Мен өзүм бул маселеде шашып, Азербайжандын дагы бир жолу сынга алынуусуна жүйөө жаратуунун кажети жок эле деп санагандардын биримин. Менимче, Рамил Сафаровго кечирим берүү укуктук эмес, көп жагынан саясий чечим. Бирок кандай болгон күндө да, бүгүн аймактагы чыңалуу күчөп кетишине тынчызданып жаткан эл аралык коомчулук Арменияга да кысым көргөзүүсү керек. Анткени армян жетекчилиги Рамиль Сафаров бошотулганы жана ага кечирим берилгени тууралуу фактыга өзгөчө агрессивдүү реакция жасады. Менимче, Азербайжанды бир тараптуу сындоо толугу менен өзүн-өзү актабайт. Бул жерде эки тараптын тең жүрүм-туруму эске алынуусу керек.

Саясат таануучу Арастын Оруджлу “Азаттык” менен маегинде азери офицеринин эркиндикке чыгышы менен байланышкан окуя Тоолуу Карабах боюнча сүйлөшүүлөргө терс кесепетин тийгизүүсү мүмкүндүгүн, атүгүл маал-маалы менен ок атылып турган чек арада локалдык кагылыштырга да алып барышы ыктымалдуулугун кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG