Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Президент телерадио кызматкерлерин куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда маалымат таратуунун жаңы түрлөрү пайда болуп, атаандаштык болуп көрбөгөндөй күчөгөнүнө карабастан, теле жана радио коомдук пикирге эң таасирдүү курал бойдон калып жатканы айтылган. Ар бир элдин өз алдынчалыгын, кайталангыс маданиятын жана тилин сактап калуу милдети биринчи кезекте бул тармактагы кызматкерлерге жүктөлгөнү да белгиленип, аларды Кыргызстандын эгемендиги менен улуттук коопсуздугун чыңдоого салым кошууга чакырган.

Бүгүн Кыргызстандын телерадиоберүү тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешүүдө. Бул күн өкмөттүн 1995-жылы 23-декабрдагы токтому менен бекитилген. Мындан 58 жыл мурда дал ушул күнү кыргыз тилиндеги алгачкы телекөрсөтүү обого чыккан.
Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган. 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар cоветинин алдында радиокомитет уюштурулуп, кыргыз телерадиосунун түптөлгөн күнү катары тарыхта калды. (NT)

XS
SM
MD
LG