Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Кулаган учактагы жүккө байланыштуу активисттер акцияга чыгышты


Кыйраган учак.
Кыйраган учак.

Жарандык активисттер кыйраган учактагы жүктүн чоо-жайын тезинен аныктоо талабы менен акцияга чыгышты. Ушул тапта талаптары жазылган жазууларды көтөрүп, Өндүрүш Токтонасыров, Кален Төрөгелдиев жана Жеңиш Жумалиев парламент имаратынын алдында турушат.

Түркиядагы АСТ Airlines авиакомпаниясы буга чейин Бишкекке 52 жолу жүк ташыганын, кулаган учактагы жүк да Бишкекке келатканын билдирген эле. Бирок кыргыз тарап муну четке кагып, жүктөр Стамбулга баратканын ырастоодо.

Өкмөттүн жүйөсүндө "Манас" аба майданынын четиндеги Дача айылына кулаган “Боинг-747-400” учагы май куюу жана экипаж алмаштыруу максатында конгону келатып кырсыкка учураган.

38 өмүр кыйылган апаатты эл аралык комиссия иликтеп жатат. Парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия жүктүн чоо-жайын териштирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG