Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Азербайжанда намаз учурунда атышуу болду


Тале Багирзаде
Тале Багирзаде

26-ноябрда Бакудан алыс эмес жердеги Нардаран кыштагында намаз учурунда полиция менен атышуу болуп, алты адам мерт кетти. Алардын экөө полиция кызматкери экени айтылууда.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы Тале Багирзаде баш болгон 14 киши кармалганын расмий маалымдады. Ошондой эле окуя боюнча кылмыш иш ачылып, Багирзаденин тобуна көмөк көрсөткөндөрдүн бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Кармалгандар кайсы жерде камакка алынганы азырынча белгисиз.

Ички иштер министрлиги атышууда төрт жергиликтүү тургун өлгөнүн кабарлады. Расмийлер алардын бардыгы өлкөдөгү саясий жана социалдык кырдаалга динди колдонуп, тополоң салгысы келген куралдуу кылмышкерлер экенин айтып жатат.

Жарадар болгондор тууралуу азырынча расмий такталган маалымат чыга элек. Анткени полиция кагылышуудан жаралангандарды Сабунчу айылындагы 3-ооруканага жеткирип, айланасын катуу курчоого алган. Оорукананын башкы дарыгери үч адам жарадар экенин айтты.

26-ноябрда Азербайжандын баш калаасы Бакудан анча алыс эмес жердеги Нардаран кыштагында намаз малында мечитте атышуу болуп, төрт жергиликтүү тургун жана эки полиция кызматкери мерт кетти. Кагылышуу өлкөдөгү таанымал диниятчы Тале Багирзадени кармоо операциясында чыккан. Бүгүн окуядан набыт болгон эки полиция кызматкердин сөөгү жерге берилет.

Бейшембиден жумага оогон түнү Бакудан 10 чакырымдай алыс жайгашкан Нардаран кыштагында полиция түнү бою нөөмөттө туруп, катуу көзөмөл менен таңды атырышты.

Ички иштер министрлиги берген маалыматына караганда, атышууда төрт жергиликтүү тургун өлгөнүн кабарлады. Расмийлер алардын бардыгы өлкөдөгү саясий жана социалдык кырдаалга динди колдонуп, тополоң салгысы келген куралдуу кылмышкерлер экенин айтып жатат.

Ок тийип, мерт кеткендердин аттары да жарыяланды. Алар: Талех Камил Багиров, Элман Агаев, Зулфугар Михайлов жана Абулфгаз Бунятов. Азербайжан ИИМи аларга шариатка негизделген ислам мамлекетин куруп, радикал кыймылды баштагысы келген деген айып тагууда.

Азербайжан: намаз маалында атышууда 6 киши мерт кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Күч органдары ошондой эле кыймылдын «штабы» дал ушул Нардаран кыштагында жайгашып, айылдагы эл Азербайжандын мыйзамдуу бийлигин кулатууну пландаган деген маалымат таратты.

Азербайжандагы «Мусулмандар биримдиги» коомун жетектеген Тале Багирзаде исламий теолог, бийликти кескин сындаганы үчүн мурда камалган. Ушул тапта Нардаран кыштагында Багирзаденин тарапташтары нааразычылык билдирип, айылдын борборуна чыгышууда. Полиция аларды катуу көзөмөлдөп жатат.

Полиция Сабунчу айылындагы жарадарлар жеткирилген 3-оорукананы да курчап алгандыктан, өлгөндөр менен жараат алгандардын так саны белгисиз болууда. Оорукананын башкы дарыгери үч адам жарадар экенин айтты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG