Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

27-октябрга аба ырайы


Күз.
Күз.

Бул аптада Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталат, кар аралаш жамгыр жаайт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, унаа кыймылына түйшүк жаратат.

27-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир дыйканчылык аймактарында туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз +2...+7,

Талас жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...+5,

Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +4...+9,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +4...+9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5,

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7,

Бийик тоолуу райондордо -18...-23, күндүз -10...-15 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Түнкүсүн -4…-6 суук, күндүз +3…+5 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG