Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

Австрия мигранттардын агымын тосуу максатында кошуна Балкан өлкөлөрү менен чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө макулдашты. Тараптар чек аралар акыр аягы толук жабылышы мүмкүндүгүн да эскертти.

Чек ара көзөмөлүн күчөтүү чечими Евробиримдикке мүчө Австрия, Словения, Хорватия жана Болгария менен Балкан аймагындагы Албания, Босния, Косово, Македония, Черногория жана Сербия министрлеринин Венада 24-февралда өткөн жыйынында кабыл алынды. “Мигранттар менен башпаанек сурагандардын баарын кабыл алуу мүмкүн эмес, ички коопсуздукту жана социалдык биримдикти сактоо үчүн ага чектөө киргизилүүсү керек”, - деп айтылат бул жыйында кабыл алынган декларацияда.

19 пункттан турган документте Батыш Балкандагы миграция агымы кескин түрдө азайышы зарылдыгы белгиленип, аны кыскартуу жолдору да сунушталган. Анын ичинде тиешелүү документи жок, же жасалма документтерди алып жүргөн, эл аралык коргоого муктаж болбогон мигранттарды кабыл алуудан баш тартуу сунушу да бар.

Декларация мигранттарды каттоонун бирдиктүү стандарттарын сактоого да чакырган.

Евробиримдикке агылган мигранттардын жолунда жайгашкан Австрия аз күн мурда эле башпаанек сурагандарды кабыл алууну чектеди. Азыр бул өлкө өз чек арасынан күнүнө сексен качкынды кабыл алат.

Бул өлкөнүн ички иштер министри Йоханна Микль-Ляйтнер мигранттардын агымы кыскарбаса качкындар маселеси Европа Биримдигинде азыркыдан да курчуп кетиши ыктымалдыгын айтты.

Австрия бийлигинин өкүлдөрү биргелешкен декларация Евробиримдиктин ички иштер жана юстиция министрлеринин Брюсселде өтчү жыйынына сунушталарын билдиришти.

Биргелешкен мындай декларация жаңы чектөөлөрдүн айынан Македония менен чек арасында миңдеген мигранттар топтолуусуна алып келген Греция бийликтеринин тынчсыздануусун пайда кылды.

Жаңы чектөөлөр өлкөдө “кичи гуманитардык кризисти” жаратарын айткан Греция премьер-министри Алексис Ципрас “бул маселеде бизге чоң саясий консенсус” керек деп билдирди.

Македон бийликтери ооган качкындарын кабыл алуудан баш тартып, Сирия менен Ирактан чыккан бозгундарды гана өз аймагына кылдаттык жана акырындык менен өткөрө баштаган. Мунун айынан Түркиядан деңиз аркылуу Грек аралдарына өткөн миңдеген качкындар айласыздан Греция аймагында токтоп калууда.

Бул арада НАТО Эгей деңизин көзөмөлдөө планын макулдашканын жарыялады. Ага ылайык Түркия менен Грецияга Эгей деңизи аркылуу мигранттарды Евробиримдикке мыйзамсыз ташыган кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүлөт.

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги кечээ түнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргендей, Түркия менен Греция бири-биринин аймактык сууларына же аба мейкиндигине кире албайт. Ал эми НАТОнун кемелери Грециянын да, Түркиянын да аймактык сууларында аракеттенмекчи.

Бириккен улуттар уюмунун качкындар иши боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди 24-февралда Афинадагы маалымат жыйынында мигранттар агымын тосууга багытталган айрым чектөөлөр качкындарды коргоо эрежелерине каршы келерин айтты:

- Биз качкындар жолундагы өлкөлөргө абай салып турабыз. Айрыкча Батыш Балкандагы өлкөлөр мигранттардын кирүүсүнө чектөөлөрдү киргизүүдө. Биздин оюбузча, ал чектөөлөрдүн айрымдары качкындарды коргоо боюнча жалпы эрежелерге, анын ичинде Европанын эрежелерине да каршы келет.

Жогорку комиссар ошондой эле чек араны жабуу кызматташтыкка жатпасын, чектөөлөрдү киргизүүдөн мурда кылдат ойлонуу зарылдыгын белгиледи.

Миграция боюнча Эл аралык уюм ушул жумада быйыл жыл башынан бери эле Евробиримдик чек арасынан өткөн качкындар менен мигранттар 100 миңден ашканын билдирди. Качкындарга байланышкан бул сан былтыр Евробиримдикте жыл ортосунда, июль айында айтылган болчу. Жалпысынан былтыр Евробиримдикке Жакынкы Чыгыш менен Африка өлкөлөрүнөн жана Ооганстандан бир миллиондон ашуун бозгун жана мигрант кирген.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG