Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Банктардын "саботажы" же банктарды улутташтыруунун жүйөсү


Нью-Йорк тургуну Сити-банктын кеңсесинен чыгып келе жаткан кез. 2008-жылдын 17-ноябры.

Нью-Йорк тургуну Сити-банктын кеңсесинен чыгып келе жаткан кез. 2008-жылдын 17-ноябры.

Глобалдык экономикалык кризистин аягы көрүнбөй турганда, улуттук өкмөттөрдүн олчойгон жардамына карабай, Батыш банктары да эсин жыя албай турган чак.

Банктар берилген жардамды кредит берүүгө жумшабай эле басып жатышкандыктан, улуттук өкмөттөр аларды кантип иштетүүнүн жаңы стратегиясын ойлонуштура башташты. Атүгүл, ырасмий чөйрөлөрдө өлүмтүк банктарды улутташтыруу зарыл деген да кеп-сөздөр айтылууда.

АКШ, Британия, бакубат Европа түгүл, Казак өкмөтү да банктарды жөлөө үчүн миллиарддаган доллар бөлүүдө. Менчик банктар кредит алсын деп, Батыштын улуттук банктары төлөмдөрүн баасын 0, 5 процентке чейин түшүрдү. Өкмөт банктардын баалуу кагаздарын сатып алып, жеке инвесторлор сыягы аларга жарнакчы болууда.

Ага карабай, банктар өкмөттүк жардамды АКШнын турак-жай базарынын башталган каржылык капсалаңда жоготкон чыгымдарын жабууга жумшап, бирок калайыкка насыя берүүгө шашпай жатышат.

Жагдайды дүйнөдөгү ири далдалчылардын бири - Лондондогу BGC Partners компаниясынын талдоочусу Ховард Уилдон мындайча түшүндүрөт:

- Улуттук өкмөттөр банктарга дагы көп каражат берүүгө даяр. Бирок, насыя (кредит) берүү жакшырбады, тескерисинче, начарлоодо. Анткени, банктар абалды түшүнбөдү жана аларды кубаттандырууга берилген капиталды кыймылдатпай кармашууда. Ошентип, дале ишенбөөчүлүк өкүм сүрүүдө.

Мындан улам, экономика биротоло сазга чөгүп кете электе, банктарды күчтөп кредит бердирүү керек деген сунуштар айтыла баштады. Сунуштарды үч топко бөлсө болот.

Биринчи сунуш боюнча, өкмөт кредит бердирүү үчүн банктарга дагы көп акча берүүсү, алар пепада дагы кризис болсо, капиталын жоготуп албас үчүн камсыздоо да сунуш кылышы шарт.

Экинчиси, өкмөт «алашем банктарды» сатып алып, эптеп жан багып жаткан банктарга жардамдашса, бул инвесторлорду тартууга жана алардын кредит берүүсүнө өбөлгө түзөт.

Үчүнчү сунушка жараша, өкмөт кудертсиз банктарды улутташтырып, өзү башкарууга тийиш. Баса, «банктарды улутташтыруу тууралуу» эгерим ойлобогонун АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелози да 25-январдагы теледебатта мойнуна алды.

Бул үч сунуштун эң татаалы, Ховард Уилдондун айтышынча, банктарды улутташтыруу:

- Улутташтыруу - айла кеткендеги акыркы чара. Майда банктарды «Алашем банктарды» түзүү жолу менен улутташтыруу мүмкүн деп ойлойм. Муну, менин оюмча, базар да күтүүдө.

Адистердин пикиринче, өкмөт банктарды улутташтырууну баштагандан мурда анын мүмкүн болчу кесепеттерин эске алышы лаазим. Себеби, улутташтыруунун жүрүшүндө өкмөт баалуу кагаздарды кризиске чейинки баада эмес, арзан баада сатып алат.

Ошондуктан, улутташтыруу жөнүндө күбүр-шыбыр угулар замат жарнакчылар баалуу кагаздарын (акцияларын) үргүлжүң сатышып, банкты кыйратат.

Банк өкмөттүн ээлигине өткөн болсо, андан сааттай иштөө талап кылынат. Ошондо өкмөт карызын төлөй албаган кардарларынын там- жайын тартып алып, сатыкка койууга аргасыз болот.

Деген менен, өкмөттүк банктар элдин акчасын садагага чаппайт. Мурдакы карыздарды төлөп, банктарга болгон ишенимди калыбына келтирет.

Мисалы, 1990-жылдардын башында Швециянын өкмөтү көтөрүм кардарларга карыз берип, борчун кайтара албай өлүмтүк болгон банктарды адегенде улутташтырып, алар кубатына толгондон кийин кайра менчиктештирген.

XS
SM
MD
LG