Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

МУРАТ САРАЛИНОВ: МАКСИМ БАКИЕВ УОКко ПРЕЗИДЕНТ БОЛБОЙТ


Өлкөнүн Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти Мурат Саралинов Орусиянын "ГазпромАзия" ишканасына кызматка чакырылып жаткандыктан спорт чөйрөсүндө президент Курманбек Бакиевдин эки уулунун бири Улуттук Олимпиада Комитетине президент болот деген кеп арбыган. УОКтун жетекчилиги алмашуусу ыктымал деген пикирлер да айтылууда. Ошондуктан спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш УОКтун президенти Мурат Саралиновго жолугуп, ушул жагдайлар тууралуу маектешкен.

- Мурат мырза, Улуттук олимпиада комитетинин президенттиги, жетекчилигинен сырткары дагы башка ишке өтүп атыптырсыз. Ушуну түшүндүрүп берсеңиз. Себеби коомчулукта ар кандай пикирлер болуп атат?

-«Газпромнефть Азия» деген чоң компаниябыз бар Кыргызстанда. Ошол жерге мени вице президент кылып жумушка чакырып атышат. Бир ойго келдим, анткени балдарым дагы чоңойюп атат. Анын үстүнө Улуттук олимпиада комитетинде коомдук жумуш. Анан мен ойлодум, өзүмдүн потенциалымды жогорку деңгээлде дагы көрсөтүп, алдыңкы компания болгондон кийин, биздин бюджетке көп өзүнүн салымын тийгизип аткандан кийин ушул жерден дагы өзүмдүн чеберчилигимди көрсөтүп, өзүмдүн Кыргызстаныма жакшы жумуш кылып берсем деген ой.

- Бул боюнча Улуттук олимпиада комитетинин уставы дагы жол береби?

- Ооба, өзүңүздөр билгендей эл аралык практикада дагы ушундай экен. Бул коомдук жумуш. Анан Улуттук олимпиада президенти башка жумушта да иштөөгө болот. Анткени бул жерде команда жакшы болсо, мындай деле көп нагрузка жок. Өзгөчө олимпиада оюндарына, Азия оюндарына жакындаганда акредитация процессин өткөрөт. Эл аралык олимпиадалык комитетинин программалары бар, ошолорду биз мамлекеттик агенттик менен биримдикте чечип, эч проблема жок анда.

- Сиз «Газпромдун» тармагына кызматка кетип атат деген пикир айтылгандан баштап Улуттук олимпиада комитетинде жетекчилик алмашат экен, президенттин эки уулу тең эки федерацияны жетектейт да, бири күрөш федерациясын жетекчесе, бири дзюдо жана ок атуу федерациясын жетектейт. Андан сырткары да бир нече талапкерлер дагы президенттикке атсалышат экен деген пикирлер айтыла баштады коомчулукта. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

- Бизде Улуттук Олимпиада Комитетинде исполком бар. Ал жерде татыктуу инсандар иштейт. Бүгүнкү күндө президент болом деген эч ким заявка берген жок. Анан сиз айткандай Максим Бакиев, Марат Бакиевдер президент деген сөз, алар менен өздөрү менен дагы сүйлөшкөм, андай ою жок. «Хаят» мейманканасында Максим Бакиев өзү дагы айтып кетти, менин жумушум күрөштү жогорку деңгээлге көтөрүп, мындан ары дагы жакшы ийгиликтерге жетсек деген оюн айтып кетти. Ал эми Марат менен жумуш боюнча көп кездешип турабыз, анын Улуттук коопсуздук комитетинде жумушу көп, ок атуу менен дзюдону жогорку деңгээлге көтөргөнгө жардам берип эле ошону жакшы жолго салып алсак деген эле ой мене иштеп жүрөт. Ошондуктан бул жөн эле сөз. Эгерде татыктуу бир инсан чыкса, жакшы программасын берсе, Улуттук комитетти мындан да өйдө деңгээлге көтөрөм десе, анда аны ассамблеяга коебуз дагы, ал жерден чечебиз өзүбүз билгендей.

- Күрөш федерациясын жетектеген Максим Бакиев балбандар үчүн кандай жардам, салымдарды кошуп атат?

- Эки федерациянын президенттери бар, Абилдаев, Турганбаевдердин дагы салымдары чоң, анткени булар 10 жылдан бери иштеп келатат. Максим Бакиев болсо акыркы кезде ушул федерацияны башкарып, мен айтып кетер элем, абдан чоң салым кошту. Анткени бүгүнкү эле ийгилик менен кала бербестен эртең күнү да күрөштү өнүктүрүшүбүз керек. Колуңда бизнесиң, тегеректеги меценаттар болбосо, мындай үйүктү көтөрүш абдан оор. Эл аралык федерациянын ичинде дагы чоң жумушту жүргүзүш керек. Кыскасын айтканда дипломатия жумушунда абдан көп жумушту жасады. Мына акыркы кезде эле 3 млн. сомго 25 клемди республиканын ар кайсы аймактарына таратып берди.

- Сөзүңүзгө аралжы, 2004-жылы экс президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевди дагы бокс федерациясына президент кылып, андан кийин Улуттук олимпиада комитетине президент кылып шайлашкан да. Ошондон баштап кризис тереңдеп кеттиби?

-Айдар Акаев иштейт беле, иштебейт беле, анткени иштегенге убакыт да болгон жок. Президент болуп шайлангандан кийин шайлоо процесстери башталып, талаш-тартыштар болуп кетти. Ошондуктан мурунку президенттин уулу иштейт беле, же иштебейт беле деп мен айта албайм.

- Эл аралык олимпиада комитетинен чыгып калуу коркунучу жаралып, бир нече долбоорлор, программалар да жабылып сыноодо турбадыбы. Кризистен кандайча алып чыктыңыздар?

- Улуттук Олимпиадалык Комитет бул эл аралык олимпида комитеттин бир филиалы болот. Ошондуктан ар бир нерсени ошол жак менен кеңешип, ал жака кабар берип жасаш керек, бул жакта эле баарын кыла бербей. Конгресстерде талаш-тартыш болуп бир кишибиз инфаркт болуп кайтыш болуп кетти. Ошондой нерселерди Улуттук олимпиада комитети жактабайт. Аларга өзүнүн имиджи керек. Бүт программаларга санкция коюлуп, бары жабылган болчу. Спорт күйөрмандары, федерациялар колдоп ошол кезде биз президент болуп калдык Улуттук комитетке. Анан айтып атпаймбы, жакшы команда түзүлүп, эч деле кыйын нерсе кылып жиберген жокпуз. Барыбыз баш кошуп эле өз орду менен ордуна койдук дагы, элд аралык өкүлдөрүн чакырдык, көлдөн чоң форум өткөрдүк. Ошонун баарын эл аралык олимпиадалык комитеттин мүчөлөрү келип көрүп, бизди колдошуп, бүгүнкү күндө эч проблема жок.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG