Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Үзөңгүлөштүк диалектикасы: Би-Би-Си Кыргыз кызматы жана “Азаттык”


Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын мурдагы баш кеңсеси - "Буш Хауз". Лондон ш. 22.9.2011.

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматынын мурдагы баш кеңсеси - "Буш Хауз". Лондон ш. 22.9.2011.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын 20 жылдык торколуу тоюна арналган анын мурдагы продюсеринин блогу.

Тээ 1996-жылдын кулжа (июн) айынын 3үндө ачылган маалымат каражаты 20 жылдык туулган күнүн белгилөөдө.

Ошондо төрөлгөн ымыркай ысым алып, торолуп-телчигип, орто мектепти аяктап, дүйнө таанымы кеңейип, коомго аралашып калган жаш ушу бүгүн майрамдык шаан-шөкөткө бөлөнүп жаткан чакта, анын дагы бир замандашы – “Би-Би-Си Кыргыз кызматы” атыккан маалымат каражаты да өзүнүн туулган күнүн жыйырманчы ирет белгилөөдө.

Би-Би-Синин өкүлдөрү Тамара Уолш (оңдо), Хамид Исмаил жана Гүлнара Касмамбетова КТРКда. Бишкек. 31.10.2006.

Би-Би-Синин өкүлдөрү Тамара Уолш (оңдо), Хамид Исмаил жана Гүлнара Касмамбетова КТРКда. Бишкек. 31.10.2006.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы өз берүүсүн обого алгачкы ирет 1996-жылдын кулжа (июн) айынын 3үндө чыгарган.

Бирок ага чейин бир нече ай бою бул кызматка продюсердикке алынгандар (Кубан Абдымен, Арслан Капай уулу, Венера Койчиева) тынымсыз машыгып, обого түз чыккан тартиптегидей эле күн сайын кабарлар, макалалар, ар кыл үндөр, музыкалык каражаттар камтылган кызыктуу үналгы баяндарды жаратып, ички уктуруу шартында иштеген. Башкы продюсер Гүлнара Касмамбетова жетектеген бул машакаттуу жана шыктандырчу камылгалык жүрүм бир нече айга созулган.

Ошол 1996-жылдын биринчи жарымында мен Кыргызстан Сорос корунун ал кездеги жетекчиси, профессор Чынара Жакыпованын жолдомосу менен Лондонго барып, англисчемди өркүндөтүп, ара-чолодо илимий иштеримди улантып жана котормочулук тажрыйбамды тереңдетип жаткан элем. Би-Би-Си Борбордук Азия жана Кавказ кызматынын жетекчиси Бехруз мырза жана Гүлнара Касмамбетова мага сунуш кылып, ушул бир нече айлык даярдык көрүү иштерине ара-чолодо адистик кеп-кеңештеримди берүүмдү өтүнүшкөн. Алардын иштерине анча-мынча кол кабыш кылган жайым да бар эле.

Тигил же бул окуяларга тийешелүү кишилердин жана бул окуяларга ар кыл өңүттөн баа бергендердин үндөрү камтылган ошол “пилоттук” татынакай берүүлөрдүн кээ бирлери гана кийинчерээк колдонулса керек эле...

Ибраим Нуракун уулу, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын мурдагы продюсери. Архив. 22.9.2011.

Ибраим Нуракун уулу, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын мурдагы продюсери. Архив. 22.9.2011.

Дагы бир кызыктуу жагдай – Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы Улуу Британиянын тышкы иштер министрлиги аркылуу каржыланып, ага бир гана шарт коюлат: берүүлөр калыс, так жана бейтарап болушу шарт. “Азаттык” үналгысы деле “бейтарап маалымат каражаты болуу” шарты менен иштейт жана аны АКШ Конгресси каржылайт.

Эки башка мамлекетке таандык бул редакциялар бири-бирине атаандаш чыгып жатканына карабастан, журналисттик чөйрөдө бул эки кызматтын өкүлдөрү бири-бирине өзгөчө колдоо көрсөткөн учурлар арбын.

Муну түшүнүү үчүн Кыргызстандагы көз каранды эмес жана демократиялык баалуулуктарды жогору койгон гезиттер бири-бирин кандайча колдоого алган учурларды эстесек болот.

Айрым алатоолуктар Би-Би-Синин кабарчыларына “силердин “Азаттыктагы” маалыматтарыңар мыкты болуп жатат!” деп алкаган кездерди же, тескерисинче, КТРКдагы түнкү саат 10:00догу сыналгы кабарларыңар жакшы болуп атат” деп “Азаттыкта” иштегендерди мактаган учурлар боло калып жүргөнүн бул атаандаш компанияларда иштеген журналисттер бири-бирине тамашалап кеп салып калышат.

Бюрократтар муну кандайча кабыл аларын билбейм, мен үчүн мунун жакшы жагы – демократиялык баалуулуктар үчүн Би-Би-Си менен “Азаттык” үналгысы эриш-аркак кызмат кылып жатышкандыгы.

Адистерди таптоо жагында да көмүскө жолдор менен бул эки компаниянын жамааттары бири-бирин колдоого алып келишти.

Гвинет Хендерсон (Gwyneth Henderson) айым. Прага ш. 12.9.2006.

Гвинет Хендерсон (Gwyneth Henderson) айым. Прага ш. 12.9.2006.

Би-Би-Сиден мыкты тажрыйба алып, алардын мыкты саамалыктарын “Азаттыктагыларга” тренинг учурларында үйрөткөн адистердин арасында Гвинет Хендерсон айым, Фрэнк Уиллиамс мырза сыяктуу эң мыкты педагогдор жана журналистиканын машыктыруучулары эч качан эсимден чыкпайт.

“Азаттыктын” Мажар, Молдова, Кыргыз, Өзбек жана башка кызматтарында да Би-Би-Сиден келип иштегендер болду.

“Азаттыкка” Би-Би-Сиден өткөн маанилүү тажрыйба – дүйнөлүк жана жергиликтүү жаңылыктарга тийешелүү окуянын үзүмүн камтыган үндөрдү ырааттуу кошуу жана өтө чакан көлөмдөгү үналгы баянда да мурдагыдан алда канча көп адистик жана башка пикирлерди камтуу өрнөгү болду. “Азаттык” үналгысынын мурдагы кызматкери жана деректири катары мен муну бекем тастыктап айта алам.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы бүгүн 20га гана толду, бирок ал тутумуна кирген Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы - тээ 1932-жылдан бери иш алып барып жаткан узун тарыхка ээ редакциянын улантуучусу. Бул жааттан алганда, андагылардын тажрыйбасы 1953-жылы 18-жалган куранда (мартта) обого алгач чыккан “Азаттыктын” кыргызча берүүлөрүндө иштегендерден алда канча узагыраак тажрыйбага ээ.

Британия парламентинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Британиянын мурдагы колбашчысы жана БУУнун Босниядагы аскердик өкүлү Боб Стюарт жана Би-Би-Синин продюсери Арслан Капай уулу. 19.8.2010.

Британия парламентинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Британиянын мурдагы колбашчысы жана БУУнун Босниядагы аскердик өкүлү Боб Стюарт жана Би-Би-Синин продюсери Арслан Капай уулу. 19.8.2010.

Айтмакчы, “Азаттыктын” өзүндө таалим-тарбия жана тажрыйба алган далай журналисттер Би-Би-Си Кыргыз кызматында иштеп, аны чыңдаган өрнөктөр да калыстык үчүн айтыла кетиши керек (маселен, Арслан Капай уулу, Кубат Касымбеков, ж.б.).

Кубат Чекиров, Султан Жумагулов, Надыр Момунов сыяктуу айрым журналисттер бул “атаандаш” эки редакцияларда тең иштеп кетишкен учурлар дагы эсте.

Өз кезегинде, “Азаттык” үналгысы интернет жана мултимедиа жаатындагы саамалыктары менен Би-Би-Си Кыргыз кызматына өрнөк боло алды десек болот.

Алар бири-бирин кайталай албаган өзгөчөлүктөр да бар.

Мисалы, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматында ар бир редакциянын кызматкери башка редакцияларда тигил же бул кандайча чагылдырылганын ички интранет барагы аркылуу салыштырып карай алат. “Азаттыкта” болсо үн, видео жана фотолор орток кампага салынганы менен, обого чыккан үналгы маалыматтардын тексттерин ар ким эле карап салыштыра албайт.

Ошол эле учурда, “Азаттыктын” убакыт, жумурияттын бардык облустарында кабарчыга ээ болуу, интернет жана сыналгы үчүн каржылык артыкчылык жана башка жааттагы кеңири мүмкүнчүлүктөрү Би-Би-Синин Кыргыз бөлүмүнүн чакан жамааты үчүн азырынча кыялдагы нерсе.

“Азаттык” үналгысы менен Би-Би-Си кыргыз кызматы – атаандаштар гана эмес, үзөңгүлөштөр!

Алардын журналисттеринин сапаттуу берүүлөр уюштуруу жаатындагы бири-бири менен “атаандашуусу” да, бири-бирин өзгөчө кыйчалыш учурларда кесиптеш катары колдоосу да ар башка чөлкөмдөрдө байырлап жаткан ар кыл тилдерде сүйлөгөн элдердин коомдорунун жалпы маалыматка эркин жана цензурасыз ээ болушун камсыз кылуу үчүн айдыңдык жана агартуучулук иш-аракеттин зарыл өңүттөрүнө жатат. Менимче, заманбап үзөңгүлөштүктүн сыры дал ушул орток мүдөөдө камтылган.

Торколуу тоюңуздар кут болсун, кесиптештер! Кыргызстандагы маалымат эркиндигин камсыз кылууга багытталган өрнөктүү ишиңиздерге албан ийгиликтер каалайбыз!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG