Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:01

1801-жылы Людвиг ван Бетховен кулагы укпай калганын жакын досторуна биринчи жолу ачык айтат. Ал кезде 31 жаштагы Бетховендин түнкүсүн кулагы шуулдап, жай сүйлөгөн адамдын сөзүн кыңыр угуп, анысын жашыруу үчүн элден кача баштаганына беш жыл аяк баскан эле.

Бетховендин “Мен аянычтуу өмүр сүрүүдөмүн. Мына эки жыл болду: мен ар кандай коомдон качам. Себеби мен адамдарга: "Мен - дүлөймүн!” - деп айта албайм да. Эгер менин кесибим бөлөк болсо, балким антсем болмоктур. Артисттердин үндөрүн даана угуш үчүн театрда оркестрдин жанына отурганга аргасызмын. Алыска отурсам эле аспаптар менен үндөрдүн бийик тондорун ажыратып уга албай калам...” - деп доктор Веглер жана пастор Аменда аттуу досторуна жазган каты сакталып калган.

"Ай сонатасы"

Композитордун чыгармаларынын тизмесине көз салсак, 1796-жылга чейин бир гана эмгек элге жетсе, ал эми 1796-жылы мартта 2-музыкалык пьесанын фортепиано үчүн алгачкы үч сонатасы жазылганын көрөбүз.

Бетховен өмүрүнүн 31 жылын дүлөй өткөргөн жана бул жылдары атын дүйнөлүк музыкага алтын тамга менен чеккен 9 симфония, фортепиано үчүн 32 соната, 60 пьеса жана башка түрдүү чыгармаларды жараткан.

Алардын эң таанымалдарынын бири - “Ай сонатасы” (тагыраак айтканда, "Ай жарыгы" сонатасы).

Бетховен бул чыгарманы жүрөгүн элеп-желеп кылып, аны махабат бешигинде терметкен окуучусу Жульетта Гвиччарди (Julie ("Giulietta") Guicciardi, туулган күнү: 23.11.1782; өлгөн күнү: 22.3.1856) деген жаш кызга арнайт.

Сонатанын таржымалын «Бетховен Европанын жүрөгүндө» деген көлөмдүү изилдөөнүн автору, чехиялык музыка таануучу Олдржих Пулкерттен эшители:

- “Ай сонатасы” (оп . 27, № 2 до-диез минор) 1801-жылы жазылган. Бетховен сонатаны 17 жаштагы графиня Жульетта Гвиччардиге арнайт. Графиня кийин анын окуучусу болуп калат. Татынакай селки, албетте, Бетховендин делебесин козгоп, болочокто туруктуу сүйүүсүнө айланат. Композитор анысын табышмактуу жана терең эмоционалдуу музыка аркылуу чагылдырды. Балким, Бетховен купуя Жульеттага үйлөнсөм деп ойлонгондур. Бул ага ошо кездеги аристократтар коомуна киргенге, чыгармаларынын ойнолушун жеңилдеткенге мүмкүндүк бермек. Бетховен сонатага эч кандай ат берген эмес. Сонатанын көркөм романтикалык ыргагын угармандар ошо замат сүйүп калышты, акырындап барып анын табышмактуу мазмунун да аңдашты.

Соната 1852-жылы Бетховендин музыкалык стилин изилдеген эмгекте «Ай сонатасы» деп аталганча, аны ар кандайча атап жүрүштү.

«Ай сонатасы» деген аталыштын авторлору катары Орус империясынын Мамлекеттик Кеңеши жана орус музыка сынчысы Вильгельм фон Ленцти да санашат. Соната 19-кылымдын башындагы Европанын музыка өнөрүндөгү эң улуу романтикалык чыгармалардын бири эсептелет.




Бетховен бул эмгеги менен ойсоке, бала кыял, өзүмчүл Жульеттанын ысмын өлбөс кылды. Бирок капчыктуу графты тандап кеткен сулуу бийкеч дүлөй композиторго мындай абалында сүйгөн селкисине үйлөнө албастыгы тууралуу чындыкка да көзүн ачты. Азапка салды.

“Ай сонатасы”, кыргыз композитору Сталбек Бактыгулов айткандай, кимдин да болбосун сезимин козгобой койбойт.

Бетховендин өлбөс сүйүүсү

1806-жылы Бетховен өзү Венага келгенден тарта фортепианодон сабак берген Тереза Брунсвикке (Teréz Brunszvik de Korompa) үйлөнөт. Тереза да композиторду сүйчү.

Алар баш кошоор алдындагы ууз көз ирмемди Тереза минтип эскерет: “Ошол күнү биз паркта кездештик. Ал мага: "Мен азыр опера жазып жатам. Башкы каарман менин көкүрөгүмдө, көз алдымда, кайда барсам, ошол жерде. Мен биринчи жолу ушундай бийиктиктерге көтөрүлдүм. Бар-жогу жарык, бардыгы таза, тунук. Буга чейин мен жолдо майда таштарды чогултуп, жанында өскөн ажайып гүлдү көрбөгөн сыйкырдуу жомоктогу баладай болчумун...”, - деди.

Жубайлар никеде төрт жыл гана болушту. Бирок, Тереза айым Бетховенди көзү өткөнчө унутпай сүйдү. Өз портретине “Сейрек гений, улуу сүрөткер, жароокер адамга” деп жазып, ага тартуулайт.

Бетховен 1816-жылы: “Тереза жөнүндө ойлосом эле, жүрөгүм аны биринчи көргөн күндөгүдөй кага баштайт. Бул керемет жанды ойлосом, жүрөгүм көкүрөгүмдөн чыгып кетчүдөй болуп булкунат. Бирок ал менин жанымда жок. Бечара Бетховен, сен үчүн бул дүйнөдө бак-таалай жок! ” - деп үшкүрүнө жазат.

Бетховендин айкели. Вена.

Бетховендин айкели. Вена.

Дили жаш баладай тунук Бетховендин жүрөгү сүйүүгө ачык болгон. "Анын дагы бир сүйүүсү Чехия менен байланышкан",- деди доктор Олдрих Пулкерт:

- Бетховен Чехияга биринчи жолу 1795-жылы жаш өнөрпоз катары келет. Ал Прага шаарындагы аристократтар үчүн Моцарттай эле куттуу конок болот. Ал кезде Прага көркөм өнөрдүн европалык сынчысы эсептелчү. Прагалык ак сөөктөрдүн купулуна толуп, алардын алкоосун алуу өнөрпоздор үчүн Европанын кайсы гана эшигин болбосун ачуучу визиттик жолдомо болгон. Бетховен Прагага экинчи жолу, - сыягы, колдоочу-меценаты, князь Лихновскийдин коштоосунда болсо керек, - келген жана шаардын аристократиялык салондорунда эмгектерин ойногон. Атактуу ырчы мында Мария Боллу менен чогуу концерт берет.

Бетховендин Чехияга кийинки келүүлөрү анын улам күчөп бараткан дүлөйлүгүнө байланыштуу. Ал кезде медициналык жетишкендиктери менен атагы чыккан Теплица курорту Европадан жана андан сырт жактардан келген ак сөөктөр, өнөр адамдары жана ишкерлер жолукчу жай болгон.

Композитор Теплицага акыркы жолу табышмактуу «Өлбөс сүйүүсүнө» келген. Чех жазуучусу Ярослав Челеданын изилдөөсүнө караганда, Бетховендин белгисиз өлбөс сүйүүсү - графиня Альмерия Эстерхази -француз королу Людовик XVIнын
жана аялы Мария Антуанеттанын сарайында кызмат кылган генералдын кызы болгон. Графиня Альмерия Бетховенден пианинодон сабак алган. Шакирти менен устаты өтө жакындашып кетет. Бирок композитор Альмериянын үй-бүлөсүнүн катуу каршылыгына кабылат. Алар үчүн кызынын карапайым музыкантка күйөөгө чыкканы акылга сыйгыс иш эле. Анткени, ал кезде аскердик аристократиянын коомдогу салмагы жарандык аристократиядан өйдө турган. Бул Бетховен үчүн катуу сокку болду. Ал андан кийинки эки жыл бою руханий жана чыгармачылык жактан өзүнө келе албай дендароо болуп жүрдү. Бул тапта Бетховендин кулагы такыр укпай калат жана композитор Чехияга барып дарыланганга кызыкпай калат.

Мына ошол тагдыр анын эркин улам сынап, жоопсуз сүйүү, өлүм тууралуу ойлор улам тынчын алып турган мезгилде Бетховен “Тагдыр мени сындыра албайт. Оо, миң өмүрдү жашасам кандай керемет болмок!” деп тилейт.

Бир туугандары Карл жана Иоганнга жазган керээзинде: "Биздин балдарыбызды жароокер кылып өстүргүлө. Акча эмес, жароокерлик гана аларга бак-таалай берет. Муну мен өз тажрыйбама таянып айтуудамын. Мени жамандык жагдайда жалгыз жароокерлик колдоп-таяды. Өмүрүмдү өзүмө кол салып кыйбаганым үчүн жароокерликке жана көркөм өнөргө милдеттүүмүн”, - деп жазат Бетховен.

"Аппассионата"

Бетховендин Теңир берген ченде жок талантына, бир жактан, ал жашаган коомдогу аристократтык чөйрөлөрдө музыка жогору бааланганы; экинчи жактан Бах, Моцарт, Гайдн жана башка алптар тургузган көркөм дүйнө өбөлгө болгон.

19-кылымдын башында маданияттын Парижден кийинки экинчи Меккеси саналган Венада генийди каржылап, чыгармаларын сатып алып турган ак сөөктөрдүн, мүнөзү чорт композиторду түшүнүп, колдогон досторунун, меценаттардын болгонун да белгилей кетүүбүз шарт.

Алардын бири - болочок жубайынын агасы, жан шерик досу Франц Брунсвикке "Aппассионата” (Appassionata) чыгармасы арналат:

- "Aппасионата” 19-кылымдын башындагы фортепиана музыкасынын эң мыктыларынын бири эсептелет. Аны композитор 1805-жылы жазып, досу граф Франц Брунсвикке арнайт. Соната Бетховендин терең толкундануусун жана 1804-1805-жылдардагы Наполеондун согуштары кездеги чоң окуяларга болгон мамилесин чагылдырат. Наполеон оболу император, анан Италиянын королу деп жарыяланат. Трафальгардын жанында тарыхый салгылашуу болду жана Наполеон Аустерлицтеги үч императордун согушуна камданат. Мунун баарын сонатада коркунуч жана согуш кырдаалдагы олку-солку маанайлар, жааңгер Наполеондун көөдөнүн көтөргөн шаттуу мелодиялар жана эмоционалдуу пассаждар аркылуу берилет.

Бетховен чыгармаларын товар, акыл эмгеги катары сатканы менен, кудай даарыган таланттардын көбүнөн айырмаланып, падышалар менен бай аристократтар алдында тизе бүккөн эмес.

Ал атактуу 3-симфониясын аты Европаны дүңгүрөткөн жана коомчулук демократиянын жышаанчысы деп ойлогон Наполеонго арнайт.

1804-жылы 15-майда Бетховен Франциянын Сенаты Наполеон Бонапартты император деп жарыялаганын угуп, атан төөдөй буркан–шаркан түшөт. “Ал да жөнөкөй бир адам турбайбы!... Ал зулумга айланат,” – деп айкырып, симфониянын титулдук бетин быт-чыт кылып тытат.

Жаңы титулдук бетке “Баатырдык симфония (бир улуу адамды эскерүү белгиси)" деп жазат. Бул эмгектин таржымалы тууралуу доктор Олдрих Пулкерттин кеби:

- "3-симфония ми-бемоль мажор, эмгек. 55, Баатырдык" деп аталган бул чыгарма 1802-1803-жылдардын ортосунда жазылган. Наполеондун Египеттеги экспедициясы жана Италиядагы экинчи өнөктүгү ийгиликтүү аяктап, Люневилде жана Амьенде тынчтык келишимине кол койот. Анын ысмы аристократтар бийлигин төңкөргөн француз революциянын деми менен демократиянын символуна айланат.

Ушундай жагдайда Бетховен Наполеондун тарапкерине айланат жана жаңы симфониясын ага арнайт. Симфониянын 2-бөлүгүндөгү «Аза маршында» Наполеондун аскерлеринин катарында жаңы коомдук-саясий түзүлүш үчүн кан төккөндөр эскерилет.

Бирок 1804-жылы Франциянын Сенаты Наполеонго император наамын ыйгарат. Бул француз революциясынын идеалдарын тануу болчу. Албетте, бул Бетховендин духуна карамандай каршы эле жана композитордун Наполеонго болгон мамилесин суутту.

Ошон үчүн чыгарманын титулдук бетиндеги Наполеонго арналган жазуу өчүрүлүп, анын ордуна баатырларга жана баатырлыкка арналып, «Баатырдык» деп жазылат. Тез эле симфония эң көп ойнолгон чыгармалардын бирине айланат.


Бетховендин Гөтеге берген сабагы

Бетховен ачуусу чукул, мүнөзү азоо чалыш, кыжыры кайнап турганда эч кимдин тилин албаган адам болгон. Ал кокус оркестрдин мүчөлөрүнө же музыканттарга катуу айтып, таарынтып алса, ачуусу тарагандан кийин анысы үчүн кечирим сураган, элдешкен. Бирок композитор бийлик алдында бүжүрөп калган эмес.

Атактуу немис акыны, мамлекеттик ишмер, ойчул Иога́нн Во́льфганг фон Гёте (кыргызча Гөте) мындай деп жазат: "Бетховен, өкүнүчтүүсү, такыр жүгөнсүз жандык, албетте, анын дүйнө жийиркеничтүү деген сөзүнүн чындыгы бар, бирок дүйнөнү не өзүңө, не башкаларга мындан сүйкүмдүү кыла албайсың. Бирок, аны кечирүү жана аёо керек, ал дүлөй".

Иоганн Вольфганг Гөтенин "Фауст" трагедиясынын беларусча котормосунун мукабасы. 2009-ж.

Иоганн Вольфганг Гөтенин "Фауст" трагедиясынын беларусча котормосунун мукабасы. 2009-ж.

Чехиянын - ал кезде аталгандай - Богемиянын батышындагы Теплица курортунда Веймардын улуу герцогунун кеңешчиси Гөтени руху республикачыл Бетховенден алыстаткан бир окуя болот.

Ал жөнүндө Бетховен өзү минтип жазып калтырган: “Королдор, принцтер өздөрүнө насаатчыларды, илимпоздорду жана купуя кеңешчилерди жалдап, аларды ызааттап жана орден бере алат, бирок руху бул аксөөк көрпенделер чөйрөсүнөн бийик улуу адамдарды жарата албайт... Мен жана Гөтеге окшогон эки адам жолукканда, береги мырзалар биздин улуулугубузду сезишет.

Кечээ биз сейилдеп келатып, императордун үй-бүлөсүн кезиктирдик. Биз аларды алыстан көрөр замат, Гөте менин колумду коё берип, жолдун четине чыга берди. Мен аны канча түшүндүрүп да, ордунан козголто алганым жок. Андан соң шляпамды кашыма чейин баса кийип, күрмөмдү (сюртук) топчулап, эки колумду артыма алып, даражасы улук топтун ортосун көздөй кадам шилтедим.

Принцтер жана ордо адамдары койкойо тизилип, герцог Рудольф менин алдымда шляпасын колуна алды. Императордун зайыбы мага биринчи болуп ийилип таазим кылды... Гөте жолдун четинде башын болушунча төмөн ийип, калпагын колунда кармап турду”.

Людвиг ван Бетховен (Ludwig van Beethoven) 1770-жылдын 17-декабрында чокундурулган, бирок анын туулган күнү так эмес.

Залкар композитор 1827-жылы 26-мартта дүйнөдөн өттү. Замандаштары эскергендей, ошол күнү аба ырайы да композитордун кыялына окшош мүнөзүн көрсөтүп, кар бурганактап жаап турган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG