Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Нобель сыйлыгын беларус жазуучусу алды


Светлана Алексиевич
Светлана Алексиевич

Нобель сыйлыгы 2015-жыл үчүн беларус жазуучусу Светлана Алексиевичке ыйгарылды. Калемгер өзү сыйлык тарыхтын тегирменинде упурап жоголбой калган беларус элине жана өлкөгө таандык экенин билдирди.

Бирок дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлыкка татыктуу болгон 67 жаштагы жазуучунун чыгармалары Ата Журту Беларуста мамлекеттик деңгээлде баалана элек жана президент Лукашенко бийликте турган жылдары басылып чыккан эмес.

Светлана Алексиевич кесиби боюнча журналист жана документалдуу көркөм проза жанрында жазат. Ал адабият дүйнөсүнө 1985-жылы “Согуш аялдын жүзү эмес” деген маектерден түзүлгөн чыгармасы менен кирген. Китеп Ата Мекендик согуш жылдарындагы аялдын совет адабиятында түзүлгөн образын бузат деп эки жыл басылбай кармалып жатканы менен жалпы союздук Ленин комсомолу атындагы сыйлык менен бааланып, миллиондогон нускада басылган. Жазуучунун мына ушул жана кийин жазылган “Цинк табыттагы балдар”, "Чернобыль батасы”, “Секонд хэнд убагы” эмгектери дүйнөнүн 20дан ашуун тилинде жарык көргөн.

Нобель сыйлыгы Светлана Алексиевичке “көп үндүү жаңырган чыгармачылыгы - азап чегүүнүн жана кайратмандыктын биздин убактагы эстелиги” деген аныктама менен ыйгарылды. Бул жөнүндө Швециянын илимдер академиясынын туруктуу катчысы Сара Даниус айым жарыя кылды.

Берлиндеги Hanser басма үйүнүн директору Карстен Кредель беларус жазуучусунун чыгармаларынын Германияда чыгарылышына чоң салым кошкон адам. Анын пикиринде, постсоветтик славян республикаларында бүгүн жүрүп жаткан саясый жараяндарды аңдап-түшүнүү үчүн Алексиевичтин чыгармаларын окуу керек.

- Эгер кимдир бирөө мурдагы Совет империясына кирген өлкөлөрдө эмне болуп жатканын түшүнгүсү келсе, кимде ким Орусия, Украина, Беларуста эмне болуп жатканын түшүнүүнү кааласа, ал Светлана Алексиевичтин чыгармаларын окушу зарыл. Совет империясы жок болгон, бирок анын адамдары али өмүр сүрүүдө.

Кределдин айтуусунда, Алексиевичтин китептери адамдарга сүйлөөгө, алардын үнүн башка бирөөлөрдүн укканына мүмкүндүк берет.

- Жана ал бул үндөрдөн өзүнчө хор уюштурат. Жана бул шыгыр эбак жашоосун токтоткон, бирок өкүм сүрүп жаткан доор тууралуу эпос.

Нобель сыйылыгынын жаңы ээси өзү да 8-октябрда Минск шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, көркөм эмгектери советтик жана постсоветтик турмушту чагылдырганын айтты.

- Менин оюмча, ар бирибиз өз-өзүнчө жашап жаткан жокпуз. Эмгектерим менин уруумдун, советтик, постсоветтик, беларус, орус маданиятынын туундусу. Аларды мен отуз жыл бою жаздым да.

Светлана Алексиевич биринчи жолу Нобель сыйлыгын алчу үч талапкердин бири деп 2013-жылы аталган. Анын алдында Швецияда жазуучунун “Секонд хэнд убагы” китеби чыккан болчу. Бирок ал жылы сыйлык канадалык Элис Монро айымга, былтыр француз Патрик Модианиге буйруган экен.

Москвалык жазуучу-публицист Дмитрий Быковдун оюнча, Светлана Алексиевичтин лауреат деп тандалышы Нобель сыйлыгы боюнча комитетти эң алды чыгарманын көркөмдүк сапаты эмес, социалдык мааниси кызыктырганын күбөлөйт. Ал бирок Алексиевич публицистикалык тилдин чебери экенин танбайт. Мындай пикирге Сергей Навымчук толук кошулбайт.

- Светлана Алексиевичтин жазгандары түз мааниден алганда көркөм проза эмес. Биз көркөм прозанын үлгүсү деп билген не Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романына, не Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына, не Василь Быковдун повесттерине, не Флобер менен Мопассандын романдарына окшобойт. Анын жазгандары жанры боюнча документалистика. Нобель сыйылыгы Уинстон Черчиллге “Экинчи дүйнөлүк согуш” деп аталган эскерүүлөрү үчүн берилгенин унутпасак. Бул мемуарлар дээрлик жыл сайын дүйнөнүн кайсы бир тилинде жарык көрүп турат. Ошол эле убакта ал кездеги көптөгөн англис жазуучуларынын чыгармалары унутулуп калды. Ошон үчүн Алексиевичке Нобель сыйылыгынын ыйгарылышынан эч кандай конъюнктураны көрбөдүм.

Быйыл букмекердик компаниялар жапан жазуучусу Харуки Мураками, кениялык Нгуи Ва Тхионго, америкалык Филипп Рот, австриялык Петер Хандке жана норвегиялык драматург Юн Фоссе лауреат аталат деп төлгө салып жатышкан.

Светлана Алексиевич 2000-жылдардын башында Беларустан чыгып кетип, Германияда жашап жүрдү жана Ата Журтуна эки жыл мурда кайтып келди. Беларус парламентинин 1990-96-жылдардагы мүчөсү Сяргей Навымчук айткандай, жазуучунун бийликке жакпаганы кемчиликти бетке айтканында.

- Светлана Алексиевич көз карашы боюнча демократ инсан. Ал жакында эле Путинди Украинага аскер киргизгени үчүн сындады. Ал Беларустун лидери Александр Лукашенкону колдобойт. Алексиевич беларус экенине карабай, жалаң орус тилинде жазгандыктан беларус улутундагы интеллигенттер ага кандайдыр бир деңгээлде сын көз менен карашат. Себеби Светлана беларус маданиятын, беларус тилин жана улуттук интеллигенцияны татыксыз сындаган. Беларус тили азыркы бечара абалга начар тил болгону үчүн эмес, 200 жыл бою күчтөп орусташтыруу жүргүзүлгөнү үчүн кабылып отурат.

Бул жагдайга карабай, Светлана Алексиевичке Нобель сыйылыгынын ыйгарылуусу беларус эли жана өлкө үчүн чоң сыймык, бирок бийликке жакпайт дейт Навымчук.

- Албетте, бул Беларус үчүн чоң окуя. Албетте, муну бийлик өтө жаман кабыл алат. Президент Лукашенконун тушунда Алексиевичке бир дагы адабий сыйлык берилбеди. Ал Германияда жашап жүрүп, эки жыл мурда Минскиге кайтып келди. Биздин улуу жазуучубуз Василь Быков Чехияда, анан Германияда жашап жүрүп көзү өттү. Демократиялык коомчулук тарабынан сыйлык даркан окуя ирети кабыл алынганынын дагы бир себеби мына ушунда. Дүйнөлүк коомчулук адабиятка катар Беларустагы жагдайга да көңүл бурат. Тарыхый чен өлчөмдөн алганда, сыйлыктын мааниси саясый конъюнктурадан кеңири. Светлана Алексиевич Нобель сыйылыгын алган биринчи беларус аял.

Светлана Алексиевич дүйнөнүн эң негизги адабий сыйлыгын алган 14- аял жана 108-лауреат болду. Анын чыгармалары буга чейин мурда америкалык сынчылардын улуттук сыйылыгын, Эрих Мария Ремарк атындагы, Иоганн Готфрид Гердер атындагы жана башка адабий сыйлыктарга татыктуу болгон.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгын түрк дүйнөсүндө жазуучулардан биринчи болуп 2006-жылы түркиялык калемгер Орхан Памук алган.

XS
SM
MD
LG