Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Беларус: Минскинин чордонундагы метродо жардыруу болду


Минск метросунда жардыруудан жабыркагандарга тез жардам көрсөтүлүүдө. Беларус. 2011-жылдын 11-апрели.
Минск метросунда жардыруудан жабыркагандарга тез жардам көрсөтүлүүдө. Беларус. 2011-жылдын 11-апрели.

11-апрелдин (дүйшөмбүнүн) кечинде Беларустун баш калаасы Минскидеги метро бекетинде жардыруу болду. Бери дегенде 11 киши набыт болуп, 126сы жарадар экени кабарланууда. Жардырууну ким ишке ашырганы азырынча белгисиз. Өлкөнүн баш прокурору Андрей Швед бул окуяны «террордук акт» деп билдирди.


Жардыруу дүйшөмбүдө жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 6да «Октябр» метро бекетинде (президент Лукашенконун сарайынан 100 метрдей алыс жерде) орун алды.

Окуянын күбөлөрү катуу үн чыккандан кийин жардыруу болгон метро бекеттен бети-колу канга боёлгон адамдар чыга баштаганын айтышат.

«Октябр» метро бекети Беларус башкалаасынын тарыхый борбору деп саналат.

«Октябр» аянтында Республика сарайы, андан ондогон кадам аттаганда эле президенттин аксарайы турат.

«Азаттыктын» беларус кызматынын кабарчысы Валентина Аксак жардыруу болгондо өзү да метронун ичинде экен:

«Абдан катуу кулак жарган үн чыкты. Төбөдөн бир нерсе талкалангандай болду. Анан жогорудан күйгөн сыныктар түшө баштады. Жалындаган сыныктар эскалаторго түшүп, жалын жайыла баштады. Өрт адамдарга дагы жармаша баштады. Эскалатор токтоп калды дагы жарык өчтү. Бекеттин ичи дароо түтүнгө чулганып калды».

Валентина бир нече адамдын күйүп жатканын өз көзү менен көргөнүн:

«Көптөгөн кишилердин сөөгү жөн эле күйүп жатты. Алардын чачтары, кийимдери күйүп жатты», - деп телефондон айтып берди.

Шаардык өзгөчө кырдаал башкармалыгы болсо азырынча «жардыруунун себеби белгисиз, жеринде куткаруучулар иштеп жатышат» деп гана билдирди.

Жардыруу кечкурун метродо эл жык-жыйма болуп турган кезде болгон.

Бул жардыруу болгон жерде метронун эки бекети - "Октябр" менен "Купаловской» - өткөөл аркылуу туташат. Андыктан, жардыруу террордук иш-аракет катары бааланып, эл көп каттаган жер атайын тандалган деген божомолдор дагы айтылды.

«Интерфакс» маалымат агенттиги ондон ашуун киши набыт болуп, жүздөн ашуун адам жаракат алышты деп кабарлады.

Жардырууга күбө болгон «Азаттыктын» беларус кызматынын дагы бир кабарчысы Алена Струв телефон аркылуу буларды билдирет:

«Жардыруу болгон жерге тез жардам машиналары келип жатат. Жөө адам жүрчү жолдун баары канга боёлгон. Менин жанымда турган жаш келин алар «Кастричницкая» бекетинде жеткенде эле, капкараңгы болуп поезд токтоп калганын айтат. Андан соң колу-буту жок жаткан адамдарды көрүптүр. Эми ал жерде анын көргөнү - кан, анан жулунган дене мүчөсү дейт».

Туиттер желесинде пайда болгон маалыматтарда айрымдар "жардыруу метронун платформасында болду" дешсе, дагы бирөөлөрү "поезд бекеттен өтүп баратканда болду" дешет.

Азырынча жардыруу боюнча расмий маалымат бериле элек.

Президент Александр Лукашенка бул кооптуу окуяга байланышту өкмөттүн чукул жыйынын чакырганы кабарланды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG