Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Беларуста 24-октябрда жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, айдоочу жыл ичинде мас абалында экинчи жолу машине айдап кармалса, машинеси тартып алынат.

Тартып алынган машине сатууга коюлуп, түшкөн акча мас айдоочунун айынан жабыркаган адамга төлөнөт же казынага түшөт. Машине арак ичип алган адамдыкы эмес, бөтөн бирөөнүкү, айталы, айдоочунун тууганына же досуна тиешелүү болсо да конфискацияланат.

Мас абалында машине айдап, биринчи ирет кармалгандар, машинесин мас бирөөгө айдаганга уруксат бергендер жана алкоголго текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткандар үчүн жаза да катуулады. Алар 13 миллион беларус рублин же 1415 доллар төлөп, үч жылга шоферлук лицензиясынан айрылат. Айып пулдун көлөмү ошентип мурдагыга караганда үч эсеге көбөйдү.

Азыр Беларуста орточо эмгек акы АКШ доллары менен эсептегенде 600 доллар болот.

Мас айдоочуну "чөнтөгүн кагып алып тарбиялоо"

Эгер башка өлкөлөр менен салыштырып көрсөк, Беларуста мас айдоочу төлөөчү айып өлкөдөгү орточо айлык акыдан 2,4 эсеге көп. Мындай айып пул Кыргызстанда орточо эмгек акынын бери дегенде 17,6 - 23,5 процентине тете. Грузияда орточо айлыктын 35 процентине барабар; Украинада орточо маянадан 1-1,2 эсеге, Британияда айыпкер тарабынан азы бир айлык, көбү эки айлык эмгек акыдан көп айып төлөнөт. Андан тышкары мас абалда машине айдаган адам Британияда 3 айдан алты айга чейин камалат.

Беларустун Гродно шаарынын четиндеги жол кырсыгы. 31-май, 2013

Беларустун Гродно шаарынын четиндеги жол кырсыгы. 31-май, 2013

Беларус бийликтери мас айдоочуларга каршы мыйзамды катаалдантуунун зарылдыгын алардын кесепетинен жол кырсыктарында майып болгон же өлгөн адамдардын көбөйүүсү менен түшүндүргөн.

Жаңы мыйзам азыркы чектен чыккан бейбашчылыкты токтотуу үчүн абдан зарыл болчу дейт Беларус парламентинин мурдагы төрагасы Станислав Шушкевич:

- Мен муну аябай туура мыйзам болду дейм. Катаал чарага барбай, биздин өлкөдө кээде болуп жүрчү чектен чыккан мыйзамсыздыктарды токтотуу мүмкүн эмес. Жаңы мыйзам мас абалында машине айдагандардын жоопкерчиликтен кутулуусун оорлотот. Мыйзам түшүнгөнгө жеңил жана баары ачык-айкын жазылган. Эгер МАИнин инспектору каныңызда бир нече промиль алкоголь тапса, жоопкерчиликтен кутулуп кете албайсыз. Совет заманында айдоочунун мас экени анын кебетесине же дем алганда бөлгөн жытына карап аныкталган. Азыр анализ кынтыксыз жасалат. Элдин жашоо шарты өзгөрдү. Демек тартип бузуучуларга мамилени да өзгөртүү зарыл. Азыр бирөөлөрдүн жоопкерсиздигинен өлгөн адамдар көп. Жигиттер мотору кубаттуу машинелерди минип алып, башка адамдарды көздөрүнө илишпейт. Алардын жана арак ичип машине айдагандардын кесепетинен көптөгөн адамдар апаат болууда. Муну токтотуш керек. Ошон үчүн мен бул өтө туура чара болду деп эсептейм.



Эли 9,5 миллионго чукул Беларуста жылына мас абалында машине айдаган 55 миңден ашуун адам кармалат. Алардын миңге жакыны арак ичип бир жылда экинчи жолу колго түшкөн. Быйыл тогуз айда арак ичип алган 34 миңден ашуун айдоочу кармалган.

Мас айдоочунун машинесин тартып алуу адилеттикпи?

Арак ичкен адамдын машинесин тартып алуу, аны базарга чыгарчу кызматтарда коррупцияны жайылтат деген кооптонуулар айтылууда. Айдоочулардын иши боюнча адистешкен адвокат Олег Маркевич конфискацияланган машинени сатуунун жобосу жакшы иштелип чыккан эмес деген пикирде:

- Тартып алынган машинаны сатуу механизми жакшы ойлонулган эмес. Жакшы автомобилдер базарга чыгарылбастан чиновниктердин тааныш-билиштерине сатылып кетери күмөнсүз. Коррупциянын жышааналары азыртадан даана көрүнүүдө. Биринчи күндөн эле милицияга баш ийбеген учурлар болду. Ичип алган айдоочу машинесинен сөзсүз айрыларын билгендиктен МАИнин инспекторуна токтобойт да. Ал колго түшпөс үчүн өзүнүн акыркы мүмкүнчүлүгүн пайдаланып калганга умтулат.

Тамаша сүрөт. Беларус.

Тамаша сүрөт. Беларус.

Мас кейпинде машине айдап баратып, жол кырсыгына себепчи болуп, андан эки же андан көп адам курман болсо, рулдагы адам 10 жылга чейин кесилет. Мурда мындай кырсыкка жооптуу айдоочу 3 жылга эркинен ажыратылчу.

Береги эреже беларус жарандарына катар өлкөдө жашаган чет өлкөлүк букаралар үчүн тиешелүү. “Бул жобо бардык адамдарга тегиз колдонулат. Кылмыш жасалган убакыт жана кылмыш жасалган жер принциби бар. Тартип кайда бузулса, ошол өлкөнүн мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартылат”, - деп билдирди Беларустун башкы прокурору Александр Конюк.

Кыргызстанда жол кырсыгы жыл сайын көбөйүүдө. 2012-жылы 5 803 жол кырсыгында 1054 адам набыт болгон. 2011-жылы 4018 ирет жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 1018 адам өлгөн. Ал эми аварияда жараат алгандардын саны бир жылда 1755ке көбөйгөн. Адам өмүрүнө зобун келтирген кырсыктардын 12 проценттен көбү үчүн арак ичип алып, машине айдагандар жооптуу.

Анткен менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол-кайгуул кызматынын акими Талантбек Исаев мас айдоочуларга каршы Беларустагыдай катаал чара колдонууну колдобойт. Бирок генерал айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүү зарыл деген ишенимде:

- Биринчиден, Беларусту Кыргызстан менен салыштырып болбойт. Беларустагы бийлик авторитардык режимге жакын. Андай тартип Кыргызстан үчүн туура болбойт деп ойлойм. Бирок айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүү керек. Биздин Жогорку Кеңешке ал боюнча киргизген сунушубуз азыр каралып жатат. Мас абалында машине айдаган адам КРнын Административдик кодекси боюнча 1, 5 миң сомдон 2 миң сомго чейин айып пул төлөйт же 3 айга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Биз айып 50 миң сом болсун же мас болуп машине айдаган адам 4 жылга чейин айдоочулук укугунан ажыратылсын деп сунуш кылганбыз. Депутаттар сунушту комитеттерде карап чыгып, айып пулдун өлчөмүн 50 миң сомдон 9 миң сомго түшүрдү. Бул да мурдагыга караганда бир топ акча. Буга да макул болуп жатабыз.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрага орун басары Нурбек Алымбеков арак ичип алып машине айдагандарга каршы экономикалык чараны күчөтүүнү жактайт. Ал бирок Беларустагыдай катаал эмес, Орусиядагы сымал чараны колдойт:

- Мас айдоочуга каршы чараны күчөтүү керек. “Коопсуз шаар” программасы кабыл алынган эле, ал ишке ашпай калды. Качан гана айдоочу жол эрежесин бузганын чөнтөгү менен сезгенде тартипти бузбай каларын дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө. Айып пулдун өлчөмүн Беларустагыдай көбөйтпөстөн, Орусиядагы өлчөмгө жеткирсе жакшы болот эле.

Мас айдоочу чет өлкөлөрдө кандай жазаланат?

Орусияда 1-сентябрдан тарта мас абалында машине айдагандардын жоопкерчилиги катаалдады. Арак ичип кармалган жаран айдоочулук күбөлүгүн бир жарым жылга жоготот. Андан тышкары 30 миң рубль же 1 миң доллар жазана төлөйт. Эгерде экинчи жолу мас абалында машине минип жүрүп кармалса, ага үч жыл машине айдаганга тыйуу салынат жана казынага 50 миң рубль төгөт. Азыр Мамдума бул мыйзамды катуулатуунун үстүнөн иштөөдө. Биринчи окуудан өткөн долбоордо кимдир бирөө айдоочу күбөлүгү кайтарылгандан бир жыл айланбай жатып мас абалында машине минип баратып колго түшсө, кылмыш жазасына тартылып, чоң суммада айып төлөөгө тийиш. Ошондой эле мыйзам долбоорунда эркинен ажыратуу жана мажбурлап иштетүү каралган.

Алматы-Астана кан жолунда башка машинени сүзүп алган кыргызстандык машине. "За рулем" (Казакстан) журналы, А.Алексеевдин фотосу. 23-август, 2013

Алматы-Астана кан жолунда башка машинени сүзүп алган кыргызстандык машине. "За рулем" (Казакстан) журналы, А.Алексеевдин фотосу. 23-август, 2013

Британияда мас абалында рулга отурган адам 5 миң фунт же 7 миң еврого чейин айып төлөп, алты айга чейин эркинен ажыратылат жана кеминде 12 айга машине айдоо укугун жоготот. Он жыл ичинде экинчи жолу тартипти бузса, азы үч жылга машине айдоого тыйуу салынат. Мас абалда кимдир бирөөнүн өлүмүнө себепчи болгон айдоочу максимум 14 жылга абакка кесилет; минимум эки жылга машине айдоо укугунан ажырайт жана айдоочунун лицензиясын алуу үчүн кайра экзамен тапшырат.

Канаданын бул жааттагы мыйзамы бир аз жеңил. Мас болуп машине айдаган адам полициянын колуна түшүп калса, биринчи жолкусунда 1 миң доллар айып төлөйт жана 1 жылга машине айдоо укугун жоготот. Экинчи ирет тартип бузса, 30 күн түрмөгө отургузулат жана эки жылга машине айдоосуна тыйуу салынат. Ал эми үчүнчү жолу арак ичип алып машине минген адам - Канаданын мыйзамы боюнча - 120 күнгө абакка салынат жана үч жылга машине айдоо укугунан ажырайт.

Жапонияда мас айдоочу авария болгон жайдан качып кетсе, машине айдоо укугунан он жылга ажыратылат. Жапонияда мас айдоочунун машинесине түшкөн бойго жеткен курактагы жүргүнчүгө 3 миң доллар өлчөмүндө жазана салынат.
Кэ бир мамлекеттерде, анын ичинде Азербайжан, Армения, Сауд Арабияда рулдагы айдоочунун бир уурттам алкоголь ичкенине уруксат жок.

Кытайда машине айдаган адамдын канында алкоголь 0, 02 процент болсо, ал 200 юандан 500 юанга чейин айып төлөгөнгө катар бир айдан үч айга чейин машине айдоо укугун жоготот. Ушу тапта 1 доллар 6,1 юанга барабар. Эгер кандагы алкоголь 0, 08 процентти түзсө, 15 күнө чейин түрмөгө түшөт; үч айдан алты айга чейин лицензиясынан айрылат жана 500 юандан 2000 юанга чейин айып төгөт. 2011-жылы 1-майдан тарта кирген мыйзам боюнча, мас абалында машине айдаган адам жарым жылга чейин камоодо кармалат. Бул түрмөгө отурганга караганда жеңил жаза саналат.

Кыргызстан Беларустун жолу менен бара албайт...

Кыргызстанда да мас болуп машине айдаган адамдарды чөнтөккө соккон мыйзамды катуулатса болобу? Мындай суроого Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин төрага орун басары Нурбек Алымбеков мындай жооп берди:

- Жеке айдоочуга, Кыргызстандын мыйзамы боюнча, айып пулду 100 эсеге чейин гана көтөрө алат экенбиз. Же эң көп болгондо 10 миң сом айып салуу мүмкүн экен. Кызмат адамдарына: начальниктерге жана башка жетекчилерге 50 миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга өтө ашып барса 100 миң сом айып салса болот. Биз мыйзамдарда ушундай тоскоолдуктарга кабылдык.

Жол боюнда жаткан мас. Түркмөнстан. 9-октябрь, 2013.

Жол боюнда жаткан мас. Түркмөнстан. 9-октябрь, 2013.

Мас абалында машине айдаган айдоочуларды жазалоо боюнча Беларуста 24-октябрда күчүнө кирген жаңы тартип тууралуу аңгемени уланталы.

Беларус парламентинин экс-спикери Станислав Шушкевичтин айтымында, жол эрежесин, мыйзамды сактоо жаран кайсы кызматта болбосун, кайсы өлкөдө жүрбөсүн, анын ыйык милдети болуу керек. "Антпесе, бийликтин жогорку эшелонундагылар машине айдоонун тартибин бузуп, мыйзам алдында жооп бербей калган учурлар чанда болсо да бар", - дейт Станислав Шушкевич:

- Президентке жакын адамдардын бири, Брест облусунун губернатору жол кырсыгын жасап, татыктуу жазасын албай калды. Мындай фактылар аз болсо да бар. Бул такыр туура эмес. Адам кандай гана кызматта же жумушта иштебесин мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Мисалы, Кошмо Штаттардын мурдагы мамлекеттик катчысы машинесин туура эмес жайга токтоткону үчүн айып пул төлөдү. Жогорку мамлекеттик кызматтагы жана дүйнөгө таанымал адамдар менен да мындай окуялар болгонун билебиз. Алар мыйзамга ылайык жооп беришкен.

АКШнын мурдагы мамкатчысы Хиллари Клинтон 11-октябрда Лондондогу Эл аралык мамилелер боюнча падышалык институтка “Эл аралык дипломатияга кошкон олуттуу салымы үчүн” сыйлык алганы келген болчу. Клинтон айым салтанатта сыйлык алып жаткан тушта, аны тейлеген “Мерседестин” айдоочусу туура эмес жайда токтоп турганы үчүн Лондондун полициясы ага 80 доллар өлчөмүндө жазана салганын Daily Telegraph гезити маалымдаган.

Чоң кызматтагы адамдардын өздөрү же балдарынын, милиционерлердин, атүгүл дипломаттардын жол эрежесин бузуусу, же мас болуп машине айдаганы Кыргызстан үчүн болуп жүргөн көрүнүш. 17-октябрда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрага орун басары, генерал Борис Полуэктов мас абалында машине айдап, 21 жаштагы кызды уруп кетти.

Былтыр мартта автокырсык боюнча айыпталган Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу 7 жылга соттолуп, бирок 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген. 2011-жылы Азамат Өмүркулов айдап бараткан Land Crusier машинеси менен "Ауди" унаасы сүзүшүп, жыйынтыгында үч адам каза тапкан. Тергөө авария үчүн Азамат Өмүркуловду күнөөлүү деп тапкан. Мэрдин уулунун иши создугуп жаткан кезде ошо кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун акыркы жыйырма жылда жогорку кызматтагылардын, же акчалуу бай адамдардын балдары мыйзам алдында жооп берген учур болбогонун жар салып чыккан.


Адвокат Олег Маркевич мас болуп алып машине айдагандардын автомобилин тартып алууну түпкүлүгүндө жаман жөрөлгө деп эсептейт жана андай адамды жазалоонун жолдору Беларустун мыйзамдарында кенен көрсөтүлгөнүн айтат:

- Ар кандай жеке мүлктү тартып алуу эзели жаман нерсе. Андан көрө кимди да болбосун Кылмыш кодексинин негизинде, болбосо административдик жол менен жазаласа болбойт беле! Анын үй-бүлөсү машинени бизди дачага ташып турат деген үмүттө чогултканын берген чоң атасы менен чоң энесинин акчасына алгандыр. Эмнеге бир дардес адамдын кесепетинен анын үй-бүлөсү жапа чегиш керек? Ансыз да ал өз жүрүм-туруму менен үй-бүлөсүн түйшүккө салып жүрбөдү беле... Сиз бүтүндөй бир үй-бүлөнү жазалагандай, эмне алар жыргап жатат деп ойлойсузбу? Бир адам үчүн анын үй-бүлөсүн жазалоо моралга сыйбаган нерсе. Арак ичип алып машине айдаган адамды бар мыйзамдарга таянып, жазалоо керек. Эгер айдоочу эки жолу жол эрежесин бузчу болсо, айталы, кимдир бирөөгө материалдык чыгым келтирсе, аны кылмыш жообуна тартыш керек. Ал үчүн мыйзамда баары каралган.

Беларус жарандары арасында мас айдоочуларга колдонулчу жаза адилеттүү эмес, эмне үчүн окшош эле кылмышты жасаган адамдар ар башкача айыпка жыгылат дегендер да бар. Алардын бири, “Стоп ГАИ” сайтынын ээси жана редактору Александр Старченко жаңы мыйзам Совет заманындагы "мүлктү тартып алуу" саясатына үндөшүп турганын айтат:

- Кылмыш жасаган адам кылмышкер экени талашсыз. Бирок биздин мыйзам буроону аябай катуу бурап жиберди деп ойлойм. Эмне үчүн автомобиль ээсинен тартып алынып жатканы түшүнүксүз. Аны эмнеге шыр эле конфискация деп аташты? Конфискация дебей, жазаны аткаруунун чарасы деп атаса болбойт беле. Автомобилди ээсинен алып, бир нече айга машине сакталчу жайга коюп салса болот эле го... Же 100 миң, 200 миң, 300 миң, болбосо 500 миң рубль өлчөмүндө айып төлөтсө болбойт беле. Эмне үчүн окшош кылмыш жасаган кылмышкер эки башка жоопко тартылат? Мыйзам бардык адамдарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, анын алдында ар бир жарандын укугу тең болуш керек да. Бирөөнүн автомобили “Жигули”, ал эми экинчисиники “Мерседес” болгон учурда, эмне үчүн биринчи кылмышкер 300 доллар, экинчиси 50 миң доллар айып тартат?

Эскерте кетели, Беларустун жаңы мыйзамына ылайык, машинени тартып алуу эрежеси уурдалган автомобилдерге колдонулбайт. Тактап айтканда, кимдир бирөө уурдалган машинени минип жүрүп же сурабай минип кетип кылмыш жасаса, ал үчүн автомобилдин ээси жооптуу эмес. Машине тартып алынбайт.

СССР: Жыйналышка салып “эзмейдин үзүрү”

Эл ичинде автомобиль айдоонун жол-жобосун бузуу Совет доорунда азыркыдай кеңири жайылган эмес болчу, анткени айдоочунун күбөлүгү билими жок адамдарга дээрлик берилчү эмес дегендер арбын. Бул маселе боюнча
Беларустун мурдагы лидери Станислав Шушкевичтин көз карашын сураганымда, ал кезде мас абалында машине минип кармалган адам жөнүндө маалымат ал иштеген мекеме-ишканага жөнөтүлгөнүн, мындай кабар кызматтык өсүүгө бөгөт болушу да мүмкүн экенин айтты:

"Путинка" водкасы кардарларды күтүүдө. Калининград. 23-июль, 2013

"Путинка" водкасы кардарларды күтүүдө. Калининград. 23-июль, 2013

- Анын себеби өтө жөнөкөй. Совет заманында мас болуп машине айдаган адам милициянын колуна түшүп калса, ал жөнүндө анын иштеген жерине кабарланчу. Анан тиги кишинин жумушунда жыйынга салуу, уяткаруу башталчу. Азыр кокус милицияга мас болуп түшүп калсаң, жумушуңда илгеркидей эзме окуялар болбойт. Совет бийлиги кезде бардык нерсе адам эмгектенип, айлык алган жерге байланган эле. Азыр анын бири жок. Колунда бар, көзүнө май толгон адамдар машине айдоонун тартибин бузса, акча төлөп кутулуп кетишет. Анан да ал кезде милиция азыркыдай коррупцияга баткан эмес. Мен Беларустун мамлекеттик автоинспекциясы катуу коррупцияланган деп айта албайм. Бирок анын катарында коррупция бар.

Кымбат машине же "Жиптерди" мингендердин, же ата-энеси чоң кызматтарда иштегендердин, атүгүл погончон офицерлердин кызматына шилтеп, жол эрежесин сактабай, каршы линияга кирип кетүүсү же кутурган өгүздөй маңдайында келаткан машинелерге айбат көрсөтүп айдоо Кыргызстанга да мүнөздүү илдет. Бул жосун тууралуу Жол-кайгуул кызматынын акими Талантбек Исаев мындай дейт:

- Жалаң эле чоңдордун балдары эмес, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да жол эрежесин бузуп алып, күбөлүгүн МАИнин инспекторуна көрсөтүп кетип калат. Себеби чөнтөгүндө күбөлүгү бар. МАИнин кызматкери токтотсо, эч нерсе кыла албайт дешип, атайлап жол эрежесин бузушат. Андай менталитетти таштообуз зарыл. Күч түзүмдөрүбү, Жогорку Кеңешпи, министрликпи - бүт баары үчүн жолдо жүрүүнүн идеологиясы бир болуш керек. Жолдо министр да, депутат да, прокурор да, аким да, карапайым жолоочу да баары тең деп элге айтып, түшүндүрүү абзел. Себеби жол адамды сен чоң кызматтасың, сен студентсиң деп бөлбөйт. Жолдо бардык адам бирдей. Элдин психологиясы оңдолмоюнча, жолдо бири-бирибизди урматтап, сыйлабасак, Кыргызстандын жолдорундагы башаламандык токтобойт.

Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Дүйнөлүк банктын эсептөөлөрүнө караганда, Кыргызстан 2011-жылы жол-транспорт кырсыктарынан улам 250 миллион доллар чыгым тартты. Бул ички дүң жыйымдын 4,3 процентине тете акча.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG