Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:46

Беларус жыл башынан бери улуттук акчасын арзандатпоо үчүн өзүнүн алтын-валюта корунун 20 пайыздан көбүн сатты.

Беларус акчасы - рубль арзандап кетет деп корккон эл болгон пулун доллар, еврого алмаштыруу үчүн узак кезекке туруп жатканын маалымат булактары кабарлады.

Катаал жагдайдан чыгуу үчүн Лукашенконун өкмөтү Орусия үстөмчүлүк кылган Евроазия экономикалык кызматташуу уюмунан 2 миллиард доллар жана Москвадан 1 миллиард доллар сурады.

Акча рыногундагы тополоң

Беларус акчасы - рубль январдан бери 1, 6 пайызга арзандады. Бирок акча кунун жоготот деген чочулоодон улам соңку эки-үч аптада рублду доллар же еврого алмаштырууну каалаган адамдар сарапканаларда узак кезек күткөн учурлар арбын болду.

Чет элдик валюта сатып алуу үчүн банкта кезекте турган адамдар. Минск. 6-апрель 2011
Улуттук банк күнүмдүк керектөө үчүн казынада нак валюта ченелүү калгандыктан февралдын аяк ченинде чет элдик жабдууларды ишканалар өздөрү сырткы базарда иштеп таппаган акчага же банктан сатып алынган валютага сатып алууну чектеген чечим чыгарды.

14-мартта болсо бир айга каражат жылдырбай, топтолгон акчага валюта сатып алынсын деген токтом чыкты.

Бирок бул чара элди жана ишкерлер чөйрөсүн ого бетер дүрбөткөнү болбосо, башка эч пайда алып келбегендиктен бир апта өтпөй токтотулду. Мындай шартта чет өлкөгө чыгууга визасы бар жан башына 200 доллардан акча алмаштырылып жатты. Мунун баары Беларустун алтын-валюта корунун азайышына түрткү берди. 1-январдан 1-мартка чейин кор 20 процентке кыскарып, 4 миллиард долларды түзсө, 1-апрелге карай дагы 250 миллион долларга жакын азайды.

Чет элдик валютанын тартыштыгынын негизги негизги себеби - минскилик экономист Андрей Фисенконун айтышынча - Беларустун тыш өлкөлөргө өзүндө өнүрүлгөн жана жасалган товарларды аз сатып, бирок сырттан товарды валютага көп ташып келгенине барып такалат.

Орусия премьер-министри В. Путин жана Беларус президенти А. Лукашенко Минск. 15-март, 2011
“Эгер өлкөнүн соода балансын алсак, биз тышкы базарга сырттан сатып алгандан бир кыйла аз товар сатабыз. Же соода балансыбыз минус менен кетүүдө. Биз тышкы рынокко көп товар сатып, валюта таппасак, чет өлкөдөн товар импорттоо үчүн валютаны кайдан алабыз? Ошентип күнүмдүк керектөөгө жетерлик валюта жок болуп жатпайбы”,- деди Андрей Фисенко.

Экономисттер акча рыногундагы капсалаңды 1-июлдан чет элден ташылчу унаалардан алынчу төлөмдөрдүн көбөйтүлүшү менен түшүндүрүшөт. Анын алдында мүмкүнчүлүгү барлар өзү үчүн же пайда көрүү үчүн Батыштан унаа сатып келгенге умтулгандар арбыган.

Ал үчүн евро же доллар мурдагыдан көп керек болду. Натыйжада, ырасмий маалымат боюнча, март айында жарандар 768 миллион доллар өлчөмүндө чет элдик валюта сатып алышкан. Акча кунун жоготот деген эл алтынга да жан уруп, бир айда 470 килодон көп алтын сатылды. Бул былтыр сатылган алтындын 30 пайызы.

Кредит берүү да саясаттын уландысы

Декабрдагы президенттик шайлоо алдында Орусия Беларуска сатылчу мунай-газды кымбаттатып жаткан тушта бир кыйла көбөйтүлгөн пенсиялар, стипендиялар жана бюджеттик мекеме-ишканаларда маяналар да беларус акчасынын арзандашына таасир эткенин айтпай кетүүгө болбойт.

Президент Лукашенконун өкмөтү финансы рыногун туруктуу сактоо максатында 31-мартта Евроазия экономикалык кызматташуу уюмунан 2 миллиард доллар жана Орусиядан 1 миллиард доллар карыз сурады. Ал үчүн, албетте, Москвага экономиканы стабилдештирүү планы кошо жөнөтүлдү. Планда монетардык саясатты катаалдантуу, структуралык жана салык реформасын жүргүзүү, өкмөттүк чыгымдарды кыскартуу каралган.

Беларус экономисти Сергей Чалый структуралык өзгөрүүлөр тез жүргүзбөсүн жана Москва да өз шартын койгонун айтат:

- Алар арийне өз шартын койду. Бирок ал ачык талкууланган жок. Шарт өтө конкреттүү экени талашсыз. Анткени биздин жагдайбыз өтө жаман жана өзүбүздү жарга такап алганбыз. Ошондуктан Орусия эмне каалаганын талап кыла алат.

Москва узак жылдардан бери Минскини мунай иштетүү, химия өнөр жайы, мунай-газ боролору, машине куруучу ишканалары сыяктуу маанилүү тармактарынын акцияларын сатууга ынандыра албай жүргөн. Ошондой эле ички базарын орусиялык товарларга кенен ачууга чакырып жаткан.

Андыктан Орусия учурдан пайдаланып, кредитти айтылган тармактардагы ишканалардын акцияларына же тең орток башкарууга алмаштыралы деп шарт коюшу турган иш. Москва насыя берүүнүн алдында коючу талаптын максаты - Беларус экономикасына башын батырып алууга багытталганын Эл аралык саясый экспертиза институтунун директору Евгений Минченко баса белгиледи. “Ошол эле маселелер: Активдерди менчиктештирүү. Орусиялык капиталдын жана товарлардын Беларуска, анын базарына киргенине жолду ачуу,- дейт москвалык эксперт Минченко.

(Москва эки жылдай мурда ушундай кысталыш абалдан пайдаланып, “Белтрансгаздын” тең акцияларыны жана мобилдик-оперативдик байланыш компаниялардагы мамлекеттин үлүшүн сатып алып койгон.)

Евгений Минченко
Бирок Лукашенко зарыл акчаны тез арада аларына ишенич жок. Орусиянын каржы министринин орун басары Дмитрий Панкин 5-апрелде Интерфакска Москва эч кандай убада бербегенин жана Беларустун макроэкономиканы реформалоо планын кылдат изилдеп жатканын билдирди.

Москванын Беларустагы таасири болочокто дагы өсөрү калетсиз. Буга чейин эл аралык майданда, өзгөчө, Батыш менен Орусия ортосунда дарчыдай ойногон Лукашенко бул ирет анте албайт кейпи. Ал жөнүндө москвалык серепчи Минченко: “Лукашенко жакшы көргөн оюнду же Орусия менен Батышка, Кытай менен Латын Америкасына кол булгап ойногонго мүмкүнчүлүк болбойт”,-дейт.

Ырасында эле, Лукашенко бул ирет Москванын тузагынан чыкпайт сыягы. Себеби декабрдагы президенттик шайлоо алдыда Европа Биримдиги Беларуска 4,2 миллиард доллар жардам убада кылган. Аны алуу үчүн шайлоо калыс жана адилет өткөрүлүш керек болчу. Бирок Лукашенко шайлоону калыс өткөрмөк тургай, анын кайра шайланышына нааразы оппозицияны куугунтуктоого киришти. Ошондон кийин Евробиримдик сунушун артка алып, Беларуска жаңы санкция киргизген. Ошон үчүн азыр Лукашенко ойночу саясый майдан тар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG