Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Беларус каатчылык капшабынан чыга элек


Минсктин акча алмаштыруу жайлары көбүнесе бош турганы менен кокус доллар же евро түшсө бир нече жүз метрге созулган кезек пайда болот.

Минсктин акча алмаштыруу жайлары көбүнесе бош турганы менен кокус доллар же евро түшсө бир нече жүз метрге созулган кезек пайда болот.

Беларуста өлкө быйыл кабылган экономикалык кризис басаңдаганынын белгилери байкалбайт. Экономисттер кышты утурлай азык-түлүктүн, отун-суунун, башка эл керектөөчү товарлардын баасы дагы кымбаттаарын белгилеп жатышат. Экономикалык каатчылык Беларусту саясий өзгөрүүлөргө алып барбайбы?

Экономикалык кризис алып келген айрым кесепеттерди эле айтсак, улуттук акча –долларга карата курсун бери дегенде 36%га жоготту. Ал дагы нарксызданат деген кооптонуулар бар. Сырттан импорттолгон товарлардын баасы күндөн-күнгө өсүшү менен инфляциянын ыргагы быйылкы жылы 55тен 75%га чейин жетет деп болжолдонууда. Бул кризис президент Александр Лукашенконун 17 жылга созулган бийлигине олуттуу чакырык таштагандай болду. Өкмөткө каршы нааразылык акцияларын полиция утур-утур басууда.

Беларустун пост-советтик биринчи лидери, 1991-94-жылдары бийликте турган кыска убакыт ичинде рыноктук реформаларды жүргүзүүгө аракеттенген Станислав Шушкевич азыркы кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу – режимдин өзгөрүшү деп эсептейт:

- Экономиканын өнүгүшү үчүн мурдагыдай эле стимул, эркиндик жок. Оор шарттар таңууланууда. Азыр Минсктен эркин жүгүртүлгөн валютаны сатып ала албайсыз, чет өлкөгө чыгуу кыйын. Иш жүзүндө Темир көшөгөнңн ордуна экономикалык көшөгө орноду. Саясий өзгөрүүлөрсүз Беларустун ойдогудай өнүгүүсү мүмкүн эмес.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус борборунда болгон кабарчысы Том Балмфорс баамдагандай, Минсктин көчөлөрүнөн кризистин белгилери дароо эле байкалат. Маселен, азык-түлүктүн эт сыяктуу негизги түрлөрүн дүкөн текчелеринен табыш кыйын. Өндүрүшчүлөр товарын акчасынын курсу стабилдүү жана наркы бар коңшу Орусияга барып сатууга ашыгышууда.

Минсктин акча алмаштыруу жайлары көбүнесе бош турганы менен кокус доллар же евро түшсө бир нече жүз метрге созулган кезек пайда болот. Бирок элдин баары эле алмаштырууга жетишпейт. Абдан зар болгондор акчасын алмаштыруу аракетинде туристтердин артына түшүүдө.

Кыштын жакындашы менен кымбатчылык күчөйт деген беларустар кант, өсүмдүк майы өңдүү товарлардын корун топтоп жаткан кези. Күйүүчү майдын баасынын кымбаттоосу уланууда. Ушул дүйшөмбү күнү эле айдоочулардын газ баасы кымбатташына каршы нааразылыгына жол бербөө үчүн полиция Минск шаарынын борбордук бөлүгүнө унааларды киргизбей койду.

Минсктеги Мизес иликтөө борборунун экономисти, оппозициядагы Бириккен жарандык партиянын төрага орун басары Ярослав Романчуктун пикиринде, кризис азыр баштапкы эле баскычында турат. Валюта кризиси алдыда системалуу кризиске өтөт:

- Бул Советтер союзундагы кризистин башталышындай көрүнүп турат. Советтер союзу мунай сатканы менен эркин жүгүртүүдөгү валютаны көп өлчөмдө ала алган эмес.

Романчук кошумчалагандай, сентябрда беларустардын кирешеси дагы төмөндөйт. Отун-суунун, жол киренин баасы өсөт. Андыктан күздө жаңы нааразылык акциялардын толкунун күтүүгө болот:

- Коммуналдык кызматтын баасы кымбаттап, баалар реалдуу көтөрүлгөндө, кирешелер азайгангда массалык нааразылык акцияларынын чыгуу тобокелчилиги жогору. Мен социалдык нааразылыктарды ушундан улам болжоп жатам.

Элдин интернеттеги социалдык сайттар аркылуу уюшулган тынч нааразылык акциялары жай бою ар шаршемби сайын өтүп келди. Анын алкагында активисттер ар шаршембиде полиция таратканга чейин чогулуп турушту. Уюштуруучулар бул акцияларды 14-сентябрга чейин убактысынча токтотушкан. Анда нааразылыкка салттуу оппозициянын өкүлдөрүнүн да кошулуусу белгилеген.

Бирок минсклик экономист Сергей Чалый нааразылык акциялары бийликти алмаштыргыдай деңгээлге жетпейт деген ойдо:

- Алар албетте нааразы болушат, күңкүлдөшөт, даттанышат, бирок жанбагууга аракеттенишет. Андыктан бийликке бул тараптан ( эл) кандайдыр бир коркунуч тууларына күмөнүм бар. Эгер бийлик топтору ичиндеги нааразылык сарай төңкөрүшүнө же ушул сыяктуу нерсеге эле алып келбесе, башка варианттарды мен көргөн жокмун.

Экономикалык каатчылыктын капшабын жеңилдетүү үчүн Беларус акча жагынан жардам сурап Орусия менен Эл аралык валюта коруна кайрылган. Москва көгүлтүр отту салыштырмалуу арзан баада берүүгө көнгөнү менен ири каржылык жардам Беларус мамлекеттик ишканаларын, анын ичинде энергетикалык инфраструктурасын менчиктештирүүгө барганда гана берилерин айтып, мындай болсо аларды орус компаниялары сатып аларын ишара кылган. Эл аралык Валюта кору болсо Беларустун маселесин 29-августта караганы жатат. Бирок экономисттердин айтымында, кандай жардам болбосун ал структуралык реформаларга байланыштырылат.

Минсклик экономист Сергей Чалый азыркы бийлик мындай реформа жүргүзөрүнө анчалык ишене албайт:

- Эл аралык валюта кору алдын ала бир нерсени көргүсү келери түшүнүктүү. Эмнеге даяр экениңерди көргөзгүлө дейт. 29-август келерки дүйшөмбү. Биздин бийлик экономикалык кырдаалды оңдогусу келсе, Эл аралыык валюта кору менен кызматташтыкты көздөсө кандайдыр бир кадамдарды жасоосу керек.

Яна Кобзова –Тышкы иштер боюнча Европа Кеңешинин Беларус боюнча талдоочусу. Анын пикиринде, өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү реформа зарылдыгын түшүнөт, бирок Лукашенконун каршылыгынан улам буга бара албай турат:

- Эң жогорку жетекчилик, өзгөчө президент Лукашенко бул реформаларга бут тосууда. Ал кандай реформа болбосун, бийлигим чектелип калат деп кооптонот.

Азыркы кризис тутанар алдында Беларуста президенттик шайлоо өтүп, айлык акылар, пенсиялар көтөрүлгөн болчу. Талаштуу шайлоонун арты анын жыйынтыгына нааразы болгондорду, президенттикке талапкерлерди оппозиция активисттерин токмоктоо жана камоолор менен коштолгон эле. Беларус бийлигинин жогорудагыдай жоругуна нааразы болгон АКШ менен Евробиримдик Минскиге санкциялар менен жооп берип, шайлоо алдында бир аз оңоло түшкөн мамиле кайра бузулган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG