Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Беларус калкынын тандоосу кандай болот?


Беларус калкынын 7 миллион кишиси добуш берүү укугуна ээ.
Беларус калкынын 7 миллион кишиси добуш берүү укугуна ээ.

19-декабрда өлкөдө 6 миң шайлоо бекети ачылып, президенттик кызмат үчүн 10 талапкер аттанды. Алардын бири он алты жылдан бери бийликтен түшпөй келаткан Александр Лукашенко (Лукашенка).

Шайлоонун жүрүшүнө миңден ашуун эл аралык байкоочулар көз салышууда.

Мунун алдында шайлоодо бурмалоолорго жол берилерин оппозициячыл талапкерлер айтып чыгышкан. Алар шайлоо өтөрү менен Минск шаарындагы аянтта митинг өткөрөрүн жар салышкан. Бийлик митингдерге карата чара көрүлөрүн эскертти.

Александр Лукашенко уулу Николай менен шайлоо бекетинде. 19-декабрь, 2010-жыл
Серепчилердин баамында, бийлик бул жолу да Александр Лукашенконун колунда калат. Бирок бул жолу Орусия менен да, Батыш менен да мамилелер салкындап, алгачкы ирээт шайлоого башка да талапкерлер аттанды. Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкодон сырткары тогуз талапкерди каттоодон өткөрдү. Серепчилердин болжолунда, “Батыштын акыркы диктатору” деп атыккан Александр Лукашенконун колунда бардык административдик ресурстар топтолгон, андыктан аны кызматтан кетирүү бул жолу деле мүмкүн болбойт.

Беларус лидери бийлик үчүн тырмышпаганын кайталап келет. Ал тургай туугандары аны “эс ал, кызматыңды өткөрүп бер” деп көндүрүп жатканын айтты Лукашенко. Жакында журналисттердин суроолоруна жооп берген А.Лукашенко “мен тууралуу жаман кеп тараганга өзүмдүн гана эмес, апамдын да маанайы чөгүп жүрөт”,-деп айткан.

Лукашенко мындан улам кызматын каалаган убагында тапшырып берерин, бирок “эл ишеним көрсөтсө анда иштегенден башка айла жоктугун” кошумчалады.

Мурдагы шайлоолор өңдүү эле, бул жолу да алдын ала добуш берүү болду. 14-декабрга карата чыккан жыйынтык боюнча, алдын ала добуш бергендер жалпысынан 20 пайызды түздү. Бирок оппозиция бул жыйынтыктан күмөн санаарын билдирди. Себеби алдын ала шайлоодо добуш берүү көз карандысыз байкоочуларсыз өтөт. “Эркин шайлоо үчүн” уюмунун адиси Сергей Калякин “сыртан караган кишиге ырастай көрүнгөн саясий театр уланууда. Анын чыныгы добуш берүү менен салыштыруу мүмкүн эмес”,-деп айтты.

Бирок мындай пикир менен Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина макул эмес:

- Шайлоо бекеттеринде үкөктөрдү кайтарып, түн катып чыгуу үчүн аракет кылгандар алдын ала ойлонуп, мына ушуну тапты.

Беларус тарыхында алгачкы жолу президенттик үчүн атаандаштардын сыналгы, үналгы, гезит беттери аркылуу кайым айтышуусуна уруксат берилди. Бирок мындай дебаттарга Лукашенко өзү катышкан жок. Оппозиция калкты 19-декабрдан кийин нааразылык акцияларына чогулууга чакырды.

Бул ирээт Беларус калкынын 7 миллион кишиси добуш берүү укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG