Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

"Хартыя’97": Узурпатор дагы утту


Минск -- Белорус полициясы демонстранттарды орой чокуга чаап, кансыратты.
Минск -- Белорус полициясы демонстранттарды орой чокуга чаап, кансыратты.

Белоруссияда кечээки шайлоодо бийликтеги президентке атаандаш болгон тогуз талапкерден жетөө кармалды. Алардын бири милиция менен кагылышта таяк жеп ооруканага түшкөн эле, бирок кийин аны коопсуздук кызматкерлери кармап кетишти. Шайлоо комиссиясы президент Александр Лукашенко жеңип чыкканын жарыялады. Оппозиция добуштар бурмаланды деп эсептейт.

Кечээки кагылыштардан кийин баары болуп 600 адам кармалды, ондогон кишилер жабыркады.

Сабалгандар арасында он чакты журналист бар. Атап айтканда, Russia Today телеканалынын оператору, "Новая газетанын" кабарчысы токмок жеди. Россиянын биринчи телеканалынын кабарчылары кармалып, кийин бошонуп чыгышты. The New York Times гезитинин кабарчысы Жон Хилл да таякталды. Калгандары жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү.

Борбордук шайлоо комиссиясы алгачкы маалыматтарга таянып, президент Лукашенко жеңгенин жарыялаган соң кечээ оппозициянын миңдеген тарапкерлери көчөлөргө чыгышты. Адегенде алар Минскинин борбордук аянтына чогулуп, андан соң Өкмөт үйүн көздөй жөнөштү жана имаратка бир нече ирет жапырык салып киргенге аракеттенди. Аларды таркатканы милиция, ОМОН, ички аскерлердин бөлүктөрү тартылды.

Кагылышка катышкандар ырасташкандай, полиция, атайын күчтөр жана солдаттар адамдарды союлдар менен орой чокуга чаап, жыгылып калгандарды ур-тепкиге алып, таптакыр аяшкан жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматтарында добуш берүүгө борбуйлуу калктын 90 проценти катышып, алардын 80 процентке жакыны Лукашенкону колдошкону айтылат.

Шайлоого катышкандардын 23 проценти жекшембиге чейин эле эртелеп добуш берип салышкан. Ушундан улам оппозициядагы эки талапкер добуштардын кайра саналышын талап кылышты. Лукашенко болсо өзүнүн атаандаштырын "бандиттер жана диверсанттар" деп атап, алар менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын билдирди.

КМШнын байкоочулар миссиясы шайлоо демократиялык нормаларгы ылайык өттү деп тыянак жасашты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү быйылкы өнөктүк "өлкө үчүн керектүү саясий старт болуп бере албаганын" белгилешти.

Оппозициянын тарапкерлерине бийликтердин ашыкча күч колдонгонун Европарламент, АКШ, Германия, Польша, Литва айыпташты. Россиянын президенти Медведев шайлоону жана кечээки окуяларды "белорустардын ички иши" деп сыпаттады. Айрым эксперттер, алардын ичинде Тышкы жана коргонуу саясаты боюнча кеңештин жетекчиси Сергей Караганов ырасмий Москваны шайлоонун жыйынтыктарын шашыла тааныгандан алдын-ала сактандырган эле. "Лукашенко атаандаштарынан ашкере көп добуш алганы чын, бирок шайлоо адилеттүү болгон жок",- деп айтты орус эксперти.

Ал эми Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин орунбасар төрагасы Константин Затулиндин айтымында, "Манеж аянтындагы аламанчылыктан кийин Москва уруксат берилбеген митингдерди принциптүү түрдө колдой албайт".

Белоруссиянын ички иштер министри Анатолий Кулешов коопсуздук күчтөрү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аракеттенгенине ишендирип, милициянын отуздай кызматкери да жабыр тартканын маалымдады.

Кармалгандардын баарына массалык башаламандык уюштурганы үчүн деген айып менен иш козголду. Мындай айыпка жыгылгандар Белоруссияда он беш жыл түрмөгө кесилет.

Белоруссиядагы шайлоого маалымат каражаттары да көңүл бурушту. Жергиликтүү "Хартыя’97" басылмасы "узурпатор дагы утканын", бул жолу ал "өз элине уруш ачканын" белгиледи.

Андан бир күн мурда L'Espresso "шайлоодо добуштар баары бир бурмалана турганын" эскертип, "белорустар буга массалык түрдө нааразылык көрсөтө албайт, анткени бул элде эч качан революциячыл дух болгон эмес" деп жазган эле.

XS
SM
MD
LG