Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Орусияга кошулууга үндөгөн казакстандык соттолду


Петропавловск шаардык соту Игорь Чуприн интернет аркылуу жикчилдикке чакырган деп, 5-декабрда 5,5 жылга эркинен ажыратты. Ал интернетте Казакстандын бир бөлүгүн Орусиянын катарына кошууну жактаган жана үндөгөн деп айыпталды.

Түндүк Казакстандагы Петропавловск шаарында этникалык орустар жана орус тилдүүлөр басымдуулук кылат. Шаар Орусия менен чектешет. Казакстанда 2015-жылдан бери интернет аркылуу жикчилдик жана улут аралык араздашууну козуткан деп кеминде төрт киши соттолгон. Орусия Крымды аннексиялап, Чыгыш Украинада жикчилдерди колдогондон кийин Казакстанда жикчилдик боюнча тынчсыздануу күчөгөнү айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG