Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Беларус бийлиги - "Интернет душманы"


Интернет эркиндиги үчүн жүрүш, Беларус, 2010-жыл
Интернет эркиндиги үчүн жүрүш, Беларус, 2010-жыл

Чек арасыз кабарчылар уюму Беларусту “Интернет душмандарынын” тизмесине киргизди. Минск социалдык медиа аркылуу уюштурулган ыңкылаптан чочулап, интернетти көзөмөлгө алды, - делинет уюмдун отчетунда. Докладда интернет цензурасына жол берген дагы бир катар өлкөлөрдөгү абал сындалат.

Интернет цензурасына каршы күрөшүү күнүн утурлай жарыяланган докладында Парижде жайгашкан уюм экономикалык каатчылыктан улам өсө баштаган нааразылыктан чочулаган Лукашенка режими бир катар интернет колдонуучуларды, блогерлерди камакка алып, вебсайттарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүн чектегенин белгилейт. Твиттер аркылуу жиберилген каттар болсо демонстранттарды коркутуп-үркүтүүнү көздөгөн.

“Үнсүз нааразылык акциялары учурунда интернет тосмолонгон. Көптөгөн сайттардын мазмуну текшерилип, кээ бирлерине кирүү таптакыр мүмкүн болбой калганын, башкалары болсо виртуалдык чабуулдардын бутасына айланганын көргөнбүз. Ага кошумча интернет колдонуучулар, блогерлер камакка алынган. Январда ишке кирген жаңы мыйзам бийликке интернетти көбүрөөк көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет”, - дейт Чек арасыз кабарчылар уюмунун басма сөз катчысы Люси Морийон.

Уюм 2012-жыл үчүн түзгөн Интернеттин душмандары тизмесине 12 өлкө - Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан, Сирия жана башкаларды киргизген. Бул өлкөлөрдө Интернетти чектөө, анда сын пикирлерин эркин билдирген адамдарды куугунтуктоо, виртуалдык үгүт өңдүү көрүнүштөр кеңири жайылган.

Бул жолу кара тизмеге Бахрейн биринчи жолу камтылган. Араб жазынын кучагында калган Перси булуңундагы ал чакан өлкөдө нааразылык чыгуулар башталганда маалымат агымы дээрлик таптакыр буулуп калган, блогерлер, интернет пайдалануучулар кармалып, байланыш үзгүлтүккө учураган. Камалган активисттердин бири абакта көз жумган.

Докладда белгиленгендей, Иран виртуалдык чабуулдарды ишке ашырып, Сирия бийлигине социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жөнүндө маалымат чогултууга жардам берген.

Казакстан жана Индия интернет эркиндиги начарлаган өлкөлөр катары сыпатталып, уюм тарабынан “байкоо” салынып турмакчы. Мумбаиде 2008-жылы болгон жардыруулардан кийин Индия бийлиги интернетти катуу көзөмөлгө алган. Казакстан болсо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылган учурдагы убадаларын аткарбай келатат, - дешет докладдын авторлору.

“2011-жылы социалдык көтөрүлүш бийликтер тарабынан ырайымсыздык менен басылганына күбө болгонбуз. Мен мунайчылардын иш таштоосу иш жүзүндө көтөрүлүшкө айланганы тууралуу сөз кылып жатам. Өкмөт аймакта интернетти өчүрүп салууга чейин барып, чектен чыккан чарага жол берген. Ага удаа кабарларды чыгарган веб сайттар тосмолонду. Декабарда интернет кафелерди көзөмөлгө алган токтом чыккан”, - деп улантат Морийон.

Чек арасыз кабарчылар уюмун ошондой эле Египет, Россия, Түркия, Таиланд жана эң кызыгы Франциядагы абал камтама кылат. Францияда материалдарды уруксаты жок көчүрүп алууга каршы күрөштүн алкагында интернет трафигин электен өткөрүү багытында кадамдар ташталды.

Жалпысынан болсо уюмдун ырастоосунда, дүйнөдө интернет экриндигин чектөө тенденциясы байкалууда.

Аны менен катар оң жылыштар да жок эмес. Мьянмада маселен, аскердик хунта кээ бир блогерлерди коё берип, кабарларга адистешкен сайттардан тосмолорду алып салды. Венесуэлада өткөн жылы кабыл алынган мыйзам азырынча күтүлгөндөн жумшак болуп чыкты. Ливияда Муаммар Каддафинин кулатылышы менен интернет цензурасына чекит коюлду.
XS
SM
MD
LG