Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири, издөөдөгү Алмамбет Анапияевдин Минскидеги өлүмү расмий Бишкекке Бакиевдер маселесин кайрадан көтөрүп чыгууга жүйө болду.

Буга чейинки кайрылуу, чакырыктардан айырмаланып, бул ирет президент жана Тышкы иштер министрлиги мурдагы президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев жана анын адамдары тарабынан Беларустун борборунда жасалган кылмышка көңүл буруп жатышат. Азыркы жагдай Бакиев маселеси боюнча беларус бийликтеринин буга чейинки пикири өзгөрүшүнө түрткү бериши мүмкүнбү? “Азаттык” ушул жана башка суроолор менен бүгүн беларус саясат таануучусу Павел Вусовго кайрылды.

Вусов: Биринчи кезекте Минскиде беларус эмес, кыргызстандык авторитет, кылмышкер өлтүрүлгөнүн түшүнүү керек. Бул такыр эки башка кырдаал. Эгер кыргыз кландары менен байланышкан кылмыштуу топтор тарабынан беларус жаранына карата кылмыш жасалса, бул резонанс жаратмак.

Эгер кыргыз кландары менен байланышкан кылмыштуу топтор тарабынан беларус жаранына карата кылмыш жасалса, бул резонанс жаратмак.

Ал эми Бакиевдин айланасындагылардын же кыргыз жана беларус кылмыштуу топтору ортосунда кандайдыр бир териштирүү же эсептешүү жүрүп жатса, бул көптөрдү, биринчи кезекте президент Лукашенкону кызыктырбайт деле.

Анын саясаты боюнча эң башкысы - беларус жарандары үчүн коопсуздук камсыздалышы абзел. Мындан сырткары Беларуста этникалык жактан ар кандай кылмыштуу топтор аракеттенерин эске алуу керек. Чечен, орус, армян, грузин кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү аракеттенишет.

Бирок баса белгилеп кетүүчү жагдай, кылмыш дүйнөсү Беларуста, Орусиядагыдай же башка постсоветтик республикалардай чоң таасирге ээ эмес. Лукашенко көмүскө бизнес, көмүскө кылмыш дүйнөсүнүн таасири артпашына олуттуу маани берет. Өлкө ичиндеги коркунучтарды жок кылуу үчүн мүмкүн болгон каражаттын баарын пайдаланат. Андыктан, Беларуста каалаганын кылган, уюшма кылмыштуулук жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Албетте, кыргыз кылмыш дүйнөсүнүн авторитетинин Минскиде өлтүрүлүшү, Беларуста баары такыр эле унутуп койгон Бакиев маселесине кайра көңүл бурдурду.

Анткени, Беларуста азыркы баш оору - кайсыл бир Бакиев же криминалдык териштирүүлөр эмес. Азыр Украинадагы кырдаал жана анда болуп жаткан согуш маанилүү болуп турат. Бул окуя постсоветтик мейкиндиктин диктаторлорунун бири али Беларуста жашап жатканын гана эске салды.

Анткени, Беларус үчүн азыркы баш оору - кайсыл бир Бакиев же криминалдык териштирүүлөр эмес, Украинадагы кырдаал жана анда болуп жаткан согуш .

Бирок чынында бул маселе жакынкы келечекте беларус коому, беларус элитасы үчүн деле приоритеттүү маселе болбойт.

“Азаттык”: Кыргыз бийликтеринин эсебинде, Беларуста мурдагы режимдин өкүлдөрү, аларга кызмат кылгандарды кошкондо 50дөй адам башпаанек тапкан. Кыргыз президенти өзүнүн бүгүнкү билдирүүсүндө Беларустун аймагында “криминалдык жана кылмыштуу” элементтердин жашырынып жатышы, өлкөнүн бедели үчүн кара так экенин да эскертет. Минск мурдагы президент Бакиевдин өзүн болбосо да, анын бир катар кылмыштар үчүн айыпталган, соттолгон инисин жана анын адамдарын кармап берүү жагын караштырабы?

Вусов: Дагы бир жолу айтам, бул маселе күн тартибинде турган жок жана беларус бийликтери андайды жасоого барбайт. Экстрадиция маселеси Беларустан башпаанек же калканч алган Бакиевдин өзү же анын жакындары үчүн да каралбайт.

Ал эми Беларустун эл аралык аренадагы имиджи жөнүндө айтсак, ал мурда эле булганган да.

Менимче, кыргыз бийликтеринин Бакиевдерди берүү жөнүндөгү жаңы чакырыгы бир жагынан пиар кадамдай да таасир калтырат.

“Азаттык”: Кыргыз бийликтери азыр Жаныш Бакиевди жана анын жакын жөкөрлөрү деп саналган эки адамды өзгөчө баса көргөзүүдө. Кыргыз милициясы кылмыштын күбөсү деп атаган адам Минскиде Алмамбет Анапияевди ошолор өлтүргөнүн айтып чыкты да. Эгер жок дегенде Жаныш Бакиевдин тегерегиндегилер бул кылмышка шектүү деп беларустун өзүнүн күч кызматтары тарабынан кармалышса, беларус тарап аларды өткөрүп береби?

Bусов: Менимче, эгер бул адамдарды өлтүрүүгө тиешелүү деп кармашса, анда Беларустун мыйзамдары боюнча соттошсо керек. Бирок баары бул криминалдык авторитетти жок кылуу боюнча демилге кимден чыкканына көз каранды. Эгер бул Бакивдердин кланы ичиндеги териштирүү болсо анда ишти жаап коюшары да мүмкүн. Албетте, баары бул криминалдык авторитетти жок кылуу шарттарынын контекстине жараша болот.

“Азаттык”: Бакиевдердин маселеси кыргыз-беларус мамлекет аралык кызматташтыгынын өнүгүшүнө жолтоо бойдон кала береби?

Вусов: Бул Лукашенко үчүн ал жакында чечүүгө камынган маселе же пробема эмес. Бакиев Беларустун, президент Лукашенконун протектораты алдында кала берет.

Андыктан, Бишкек оң жооп алары арсар. Менимче, кыргыз бийликтеринин Бакиевдерди берүү жөнүндөгү жаңы чакырыгы бир жагынан пиар кадамдай да таасир калтырат.

Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун интеграциялык жараяндарына кошулуп, жакында анын толук кандуу мүчөсү болорун эске алганда, Бакиев проблемасы, анын үй-бүлөсүнүн криминалдык өткөн чагы эки тараптуу алакада актуалдуулугун жоготот.

Биз Кыргызстан менен Беларустун ырааттуу жана ар тараптан жакындашуусуна жакын арада эле күбө болсок керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG