Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

"Бакиев маселесинде Минск мунасага барбайт"


Валер Карбалевич.
Валер Карбалевич.

Кыргызстандын сыртынан соттолгон мурдагы президенти Курманбек Бакиев Беларуста “Эл достугу” ордени менен сыйланышы боюнча минскилик саясий талдоочу Валер Карбалевич "Азаттык" менен ой бөлүштү.

"Азаттык": Курманбек Бакиевге ыйгарылган сыйлык кандай сыйлык, адатта ал кимдерге берилет?

Карбалевич: Бул - Беларустун башкы эмес, бирок маанилүү сыйлыгы. Адатта ал Беларус менен кызматташтыкка кандайдыр бир салым кошкон чет элдик жарандарга, же эл аралык ишмердик менен жигердүү алектенген беларус жарандарына ыйгарылат.

“Азаттык”: Сиздердин өлкөдө да орден-медалдар салтанаттуу жагдайда тапшырылса керек. Сыйлангандар арасынан Бакиевди көрө алдыңыздарбы? Беларус медиасы бул факты жөнүндө эмне деп жатышат?

Карбалевич: Ооба, Беларуста да сыйлык тапшыруу салты бар. Сыйлык тапшыруу салтанатын теледен көрсөтүшөт. Лукашенко бир нерселерди айтат, сыйлангандар ыраазычылык билдирет. Бирок Бакиевге байланыштуу мамлекеттик да, көз карандысыз да маалымат каражаттарында эч кабар болгон эмес. Бакиев сыйланганы, кыргыз тышкы иштер министрлиги беларус элчисинен түшүндүрмө талап кылып, кайрылганы тууралуу жаңылыкты азыр гана кыргыз маалымат каражаттарына шилтеме жасоо менен кабарлашууда.

“Азаттык”: Беларус бийликтери кыргыз тарапка кандай расмий түшүндүрмө бериши мүмкүн?

Карбалевич: Менимче, беларус тарап Бакиев мырза Беларустун жараны, Кыргызстандын буга эч тиешеси жок деп эле жооп берип коёт. Расмий Бишкек Беларустун расмий бийликтеринен башка комментарийди же билдирүүнү күтпөй деле койсо болот. Ал эми бул факт (Бакиевдин сыйланышы) Лукашенко Бакиев боюнча турумунда ырааттуулукту карманып жатканын көргөзөт.

“Азаттык”: Курманбек Бакиевге жакында Кыргызстанда кезектеги сот өкүмү чыкты. 2010-жылдын 7-апрелиндеги кан төгүү үчүн ал өмүр бою түрмөгө кесилди. Ал башпаанек тапкан Беларуста болсо мамлекеттик сыйлык ыйгарылып жатат. Лукашенконун азыркы чечиминин артында анын Бакиев менен жакшы ымаласы түрткү берген жеке фактор эле жатабы же саясий фактор да барбы?

Карбалевич: Беларуста жеке жана саясий фактор шайкеш келе берет. Лукашенко үчүн кандай бийлик болбосун ал ыйык нерсе. Бийликтин күч менен кулатылышын ал кылмыш деп эсептейт. Бийликтен кулатылган президенттер ичинен Беларуста иш жүзүндө Бакиев гана башпаанек алганы менен кезинде оор абалда калган, бийликтен кулатылган башка саясатчыларга да башпаанек берүү жөнүндө сөздөр жүрүп, сунуштар жасалган. Маселен, соңку ирет Лукашенко Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке, ага дейре Саддам Хусеинге (Ирактын мурдагы диктатору), Слободан Милошевичке (Югославиянын мурдагы президенти) саясий башпаанек берүүгө макул болгон. Атүгүл Муаммар Каддафиге да башпаанек берүү жөнүндө сөздөр жүргөн. Бул эми Лукашенконун жүрүм-туруму, стили.

Ал бийликтен кулатылган жетекчилердин баарын, балким ушундай кырдаалды өзүнө алуу менен аяп жатса керек. Андыктан ал Бакиев маселесинде чегинүүгө, расмий Бишкек менен эч кандай мунасага барбайт. Бул Лукашенко үчүн принципиалдуу иш. Анткени мунасага баруу - жүзүңдү жоготуу дегенди билдирет. Жүзүңдү жоготсоң, ага кайыл болгудай бир нерсе туруш керек да.

Беларус Кыргызстанга экономикалык, же тышкы саясий маселелер боюнча көз каранды эмес. Ушундан улам мен беларус бийликтеринин чегинүүгө барышына түрткү берүүчү нерсени көрө албай турам.

“Азаттык”: Кыргызстан негиздөөчүлөрдүн бири Беларус болгон Бажы союзуна кирүүгө камынып жатат. Азыр жогорку деңгээлде эки тараптуу саясий байланыш жок. Бишкек Минскидеги элчисин чакыртып алган. Эки өлкө карым-катнашынын келечегин кандай болжолдойсуз?

Карбалевич: Эгер тараптар Бакиев проблемасын бөлүп караса, кыргыз-беларус карым-катнашын өнүктүрүүгө башка эч тоскоолдук көрүнбөйт. Экономикалык жактан, саясий жактан, ЖККУнун алкагында, эгер Кыргызстан кошулса Бажы союзунун алкагында да. Бирок мен түшүнгөндөн расмий Бишкек бул проблеманы бөлүп карагысы келбейт. Эгер андай болсо бул чатак көпкө уланчудай. Беларуста бийлик алмашпасы анык. Балким Кыргызстанда бийлик алмашып, жаңы президент, жаңы өкмөт келгенде алардын бул маселеге мамилеси башкача болоттур.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG