Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Аскер бөлүктөн курал сатууга айыпталып ИИМдин бөлүм башчысы кармалды


Аскер бөлүктөн көп сандагы курал-жарак сатууга байланыштуу аскер кызматкерлери менен бирге ИИМдин 10-башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров билдирди.

Анын ырасташынча, бул кылмыш боюнча Чек ара кызматынын кызматкерлери, эс алуудагы ардагери жана милиция кызматкери кармалды. Алар учурда камакта. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Буга чейин Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып кармалган эле. Комитет төрагасынын айдоочусу Калашников үлгүсүндөгү үч автоматты сатууга айыпталган. Ал эми Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун ок уурдалганы белгилүү болгон.

Бул окуядан кийин президент Алмазбек Атамбаев Башкы Штабдын башчысы жана Башкы прокурорго аскердеги коррупцияга каршы чара көрүү тапшырмасын берген.

Башкы Штаб бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын маалымдап, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрага басары баш болгон 14 офицер кызматтан алынганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG