Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Лукашенкого аял талапкер атаандаш чыкты


Татьяна Короткевич. Минск, 10-сентябрь, 2015-жыл.
Татьяна Короткевич. Минск, 10-сентябрь, 2015-жыл.

Беларуста 11-октябрда кезектеги президенттик шайлоо өткөнү жатат. Президент Лукашенко анда жеңерине бөркүндөй ишенгени менен ага чакырык таштадык дегендер да чыкты. Бирок оппозиция элди шайлоону бойкоттоого үндөөдө.

Беларустун быйылкы шайлоосуна адегенде алты талапкер аттанып, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы элден топтогон колунун кеминде 100 миңи жарактуу делген төрт гана талапкерди каттады.

Алардын ичинен Татьяна Короткевич президенттикте түбөлүк калууга ыктагандай көрүнгөн Александр Лукашенконун бул шайлоодо негизги атаандашы деп эсептелүүдө.

Трактор заводунун жумушчуларынын кызы, жогорку окуу жайдын окутуучусу, 38 жаштагы Татьяна Короткевич - азыр “Чындыкты айт” деген кыймылдын өкүлү.

Татьяна Короткевич эл менен жолугууда. Брест, 30-сентябрь, 2015-жыл.
Татьяна Короткевич эл менен жолугууда. Брест, 30-сентябрь, 2015-жыл.

Ал “Азаттыктын” беларус кызматы менен маегинде 20-30% добуш алууга үмүт артып жатканын белгилөө менен оппозициялык лагердегилерден жарыштан чыгып, шайлоону бойкоттоо жөнүндөгү чакырыгынан баш тарткан себебин мындайча түшүндүрдү:

- Бүгүн демократиялык кандидат жалгыз гана мен болгондой кырдаал түзүлүп калды. Социология элдин 30 пайызы демократиялык талапкер үчүн добуш берүүгө даярдыгын көргөзүүдө. Алардын бир бөлүгү шайлоого келбейт, бирок көпчүлүгү келет. Албетте, Лукашенконун рейтинги стабилдүү. Менин талапкерлигим үчүн жүз миңден ашуун киши кол коюп, шайлоого катышуумду тапшырышты. Бир катар партиялардын жана кыймылдардын өкүлдөрү кирген менин командам да бул өнөктүккө жигердүү катышуумду колдоп жатат. Өзүм да шайлоодон чыгып кетүүнү алысты көрбөгөн кадам деп эсептейм. Мындай кадамга барсам, кайра Лукашенкого жардам берген болом. Эгер альтернатива чыкса бул режимге чакырык да. Антпесе биз ага жардам берген болобуз.

Татьяна Короткевичти айрым талдоочулар президенттик шайлоого катышуу менен Лукашенко атайылап жардам берип жаткан саясатчы айым катары да карашат.

Президенттик шайлоону бойкоттоо чакырыгы оппозициянын 23-сентябрдагы демонстрациясында көтөрүлдү.

Өлкөнүн көз карандысыздык доордогу алгачкы жетекчиси Станислав Шушкевич да мына ушундай пикирди кармангандардын бири.

Шушкевич “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус кызматы менен маегинде буларга токтолду.

- Бизде шайлоо болбойт. Шайлоо 1996-жылдан бери эле жок да. Эгер шайлоо жок болсо ага катышуунун кандай зарылдыгы бар? Болгону Лукашкенконун гана легитимдешүүсүнө жардам бересиң. 1994-жылкы алгачкы шайлоодон башкасын цивилизациялык дүйнө тааныган эмес. Орусия жана анын шериктери гана тааныган. Эгер шайлоого эл 50 пайыздан аз келсе, биз өз турумубузду коргой алмакпыз. Анда биздин шайлоону Батыш да тааныбай турганына мен кепилдик берем. Бизде чынчыл адамдар өткөргөн социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы бар. Ага ылайык, калктын 57 пайызы бойкот эмне экенин билбейт, Лукашенкого добуш берүүгө даярлардын көрсөткүчү 27 эле пайыз. Эгер мындай шартта баары бойкот үчүн иштесе, бул жакшы жыйынтык бермек.

Азыркы шайлоо 62 жаштагы Лукашенконун бешинчи мөөнөткө барышы болот.

2010-жылы декабрда өткөн акыркы шайлоонун жыйынтыгы нааразылык акциялар, 800дөй адамды массалык камоо, президенттикке талапкерлерди, алардын жактоочуларын соттоо менен коштолгон.

Бул шайлоону утурлай ал абактагы саясий айыпкерлерге кечирим берип бошотту. Бирок азыркы шайлоодо талапкерликке каттала албай койгон Бириккен жарандык партиянын лидери Анатолий Лебедько “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде белгилегендей, башкача ойлонгондорго куугунтук 12-октябрдан кийин кайра уланбайт деген кепилдик жок:

- Себеби, 2010-жылы да эки айга либералдаштыруу болуп, бирок ал бир эле түндө кайра бууланып кетип, массалык камоолор менен аяктаган. Мен өзүм да төрт ай абакта отуруп чыктым. Ооба, бүгүн да кайра ошол либералдашуу келди. Бизге эл менен байланыш түзүүгө аргасыздан мүмкүнчүлүк берип жатышат. Биз да аны максималдуу колдогонго аракеттенүүдөбүз. Бирок бул шайлоо өнөктүгүнүн бир өзгөчөлүгү бар. Акыркы 20 жылдан бери бийлик үчүн иштеп келген шайлоо модели чирип калды. Добуш берүүгө карата азыркыдай апатия жыйырма жылдан бери болгон эмес. Бул Лукашенко үчүн абдан оор маселе. Элди шайлоо бекеттерине айдап кирүү үчүн эмне кылышат мен элестете албай турам.

Адатта Беларустун шайлоосуна калктын 80-90% катышты деп жарыяланат. Соңку шайлоодо Лукашенко дээрлик 80% добуш алган. 1-октябрда өкмөт жыйында сүйлөп жатып, ал “президенттик шайлоого эл майрамга баргандай болсун, чет элдиктер каалагандай баалай берсин”,- деп айтты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG