Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Беларус оппозициясы "шаршемби" акциясын улантты


Граждандык кийимчен полициячылар Минскидеги акциянын катышуучуларын кармап кетишүүдө. 13-июль, 2011.
Граждандык кийимчен полициячылар Минскидеги акциянын катышуучуларын кармап кетишүүдө. 13-июль, 2011.

13-июлда Беларуста президент Лукашенконун өкмөтүнө жана улам кеңири жайылып бараткан экономикалык кризиске каршы нааразылык акциялары өттү.

Ондогон демонстранттар кармалганы маалымдалды.

Ырасмий Минск экономиканы капсалаңдан куткарууда Орусиядан көмөк издөөдө жана өкмөт жети килейген ишканадагы өз үлүштөрүн орусиялык инвесторлорго бериши ыктымал экени кабарланууда.

Оппозиция убадалашкан жеринде кайра чогулду

"Социалдык тармак аркылуу ыңкылап" деп аталган акциянын катышуучулары, Витебск, 13-июль 2011
13-июлда Беларустун борбору Минскиде, Витебскте, Жодинодо, Брестте жана башка шаарларда Интернет байланышынын жардамы менен уюшулган чакан демонстрациялар өттү.

Акциянын катышуучулары кечки саат сегизде чөнтөк телефондорунун коңгуроолорун шыңгыратып, президент Лукашенконун бийлигине жана экономикалык кризиске нааразылык билдиришти.

Полиция шаарлардын белгилүү жайларында алдын ала макулдашып чогулган демонстранттарга бешимге чейин сыпаа мамиле жасады. Бирок шамдан кийин чукул ондогон адамдарды кармап алып, номуру жок, үстү туюк машинелерге жүктөп алып кетти. Оппозициячыл жаштар полициянын колунан суурулуп, көчөдөгү өздөрү курактуу жаштардын арасына сүңгүп кирип кеткенге аракет кылып жатышты.

Александр Лукашенконун авторитардык башкаруусуна каршы бул сыяктуу технологияны пайдаланып уюшулган пикет-жыйындар июндун башынан бери ар шаршемби күнү Беларустун шаарларында тынбай өтүүдө. Акция "Социалдык тармак аркылуу ыңкылап" деп аталат.

Беларустун адам укугун коргоочу “Весна” уюмунун билдиришинче, 13-июлда полиция бир нече кабарчыны да камакка алган. “Азаттыктын” Беларус кызматынын кабарчысы Олег Груздиловичти да Минскиде полиция кыска убакытка кармап, бармагынын изи алынган соң койо берген. Буга чейин камакка алынган оппозиция тарапкерлеринин айрымдары азы он күнгө эркинен ажыратылган, башкаларына түрдүү өлчөмдө айып пул тагылган.

Беларустагы тынч демонстрациянын катышуучуларын камакка алууларын жана күчкө салып кууп-таркатууларын эл аралык коомчулук сынга алды. 13-июлда 16 мамлекеттеги адам укугун коргоочу 37 уюм Беларус өкмөтүнө ачык кат жолдошуп, “конституциялык укуктарына ылайык чогулушуп, өз оюн эркин билдирип жаткан жарандарды куугунтуктоону токтотууга”, ошондой эле алардын камакка алынгандарын бошотууга чакырды.

Лукашенконун өкмөтү оппозиция жактоочуларын камакка алып, сот жообуна тартып жатканы менен кийинки күндөрү аларга карата мамилесин бир кыйла жумшартты. Мисалы, апта башында көз карандысыз “Народная воля” жана “Наша нива” гезиттерин жабуу аракетин токтотту. Бул эки басылма 19-декабрдагы Лукашенкого каршы оппозициянын демонстрациясыны айоосуз таркатууну жана 11-апрелде Минск метросунда болгон жардырууну “натуура чагылдырган” деп күнөөлөнүп жаткан.

Беларус Россиядан алган көгүлтүр отундун буроосу "Газпромдун" колунда.
Президентке акаарат кылды деп күнөөлөнүп жаткан теги беларус польшалык журналист Анджей Почабут мурдакы жумада шарттуу кесилди. Оппозиция журналист абакка айдалышы ыктымал деп тынчсызданып жаткан.

Москва эми Минскиден каалаганын алат

Беларус бийликтери эл ичиндеги нааразылыктарды тереңдетпөө максатында экономикалык кризисти ооздуктоого аракет кылууда. Лукашенконун өкмөтү зарыл акчаны табуу үчүн Москва мурдатан сурап жаткан газ боролорун, мунай ишканаларын, уюлдук телефон операторлорун жана башка компанияларын жарнакташып пайдаланууга же өкмөттүн үлүштөрүн сатууга макул болушу этимал экени кабарланууда. Береги ишканаларга кызыккан кардарлардын арасында “Газпром”, “ЛУКойл”, “Роснефть” сыяктуу жарым өкмөттүк ири компаниялар бар.

Бул боюнча сүйлөшүү азыркыдан бир кыйла ургаалдуу жүрүшү мүмкүн экенин Беларус премьер-министри Мясникович Москвада 13-июлда билдирди. Ал эми Орусиянын финансы министри Алексей Кудрин Беларусту экономикалык реформаны ырааттуу жүргүзбөй жатат деп сындады.

Буга чейин Минск экономиканы стабилдештирүү үчүн Орусия башындагы Евразия экономикалык шериктештигинин корунан 800 миллион доллар кредит алган. Москва кредиттин жаңы траншын бергенден мурда Минскден өкмөттүн ээлигиндеги ири ишканалар орусиялык инвесторлорго сатылат деп бекем убада берүүсүнө жетишкенге аракет кылууда.



Минскидеги бийликке каршы акция, 13-июл, 2011-ж.
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG