Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Лукашенко Орусияга опурулду


Лукашенко Минскидеги маалымат жыйында. 3-февраль, 2017 -жыл.
Лукашенко Минскидеги маалымат жыйында. 3-февраль, 2017 -жыл.

Беларус президенти Александр Лукашкенко эң жакын өнөктөшү Орусиянын башкаруучуларына ичи чыкпаганын айтып чыкты. Орусиянын мунайы менен газын өлкөсүнүн көз карандысыздыгына эч алмаштырбай турганын ырастап, Москва ЕАЭБдеги эркин соодага бут тосуп, Беларус азырынча бул биримдиктин пайдасын көрө электигин айтты.

Александр Лукашенконун Орусияга карата нааразылыгы өткөн апта соңунда Минскидеги маалымат жыйында ачык айтылды.

Сын экономикага гана эмес, эки тараптуу кызматташтыктын башка өңүттөрүнө да тиешелүү болчу.

Беларус президенти Орусия бардык макулдашууларды бузуп, эми чек арада коопсуздук зонасын орното баштаганына нааразы:

- Алар чек араны кимден жаап жатышат, отуз чакырымдык чек ара зонасы деген эмне? Алар чек араны бизден жакшы кайтарышабы? Миң эсе жаман кайтарышат. Аларда чек араны коргой турган бөлүктөрү бар. Азыркысын мен саясий ыдык көргөзүү деп санайм. Мындайды жасабоо керек. Азыркы чыңалуу эмнеден чыгып жатат? Балким, Орусияда Беларус кетип калат, Лукашенко Батышты карай бурулду деген чочулоо пайда болдубу?

Орусия Беларус менен мурда ачык эле турган чек арасын көзөмөлдөө боюнча чарага Минск 9-февралдан тарта 80 өлкөнүн жарандарына кыска мөөнөткө визасыз келүүгө уруксат берерин жарыялаган соң барды.

Александр Лукашенко Беларус Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан же Евразия экономикалык биримдигинен чыгуусу мүмкүн деген жоромолдорду четке какты. Бирок Евразия экономикалык биримдигиндеги макулдашуулардын бирдей эмес шарттарынан улам өлкөсү ага кошулгандан бери 15 миллиард доллар жоготконуна көңүл бурду.

Лукашенконун айтуусунда, Беларустун ЕЭАБдин алкагындагы соодасы 2015-жылы 40%, 2016-жылы да 18% кыскарган.

Лукашенконун маалымат жыйыны. Минск, 3-февраль, 2017-жыл.
Лукашенконун маалымат жыйыны. Минск, 3-февраль, 2017-жыл.

Евразия экономикалык биримдигинин келишимдерине карабай, анын өлкөсүндө өндүрүлгөн продукциянын Орусия базарына кирүүсү мурдагыдай эле кыйынчылык, тоскоолдуктар менен коштолууда. Мындан улам Лукашенко Орусиянын расмий өкүлүнө Беларуста кылмыш ишин козгоону да сунуш кылды:

- Тамак-аш продуктуларына тиешелүү. Мен силер көрүп турган, баарыңар билген эң башкы нерсени айтайын. Бул жерде Данкверттер (Россельхознадзордун башчысы Сергей Данкверт - ред.) жана башкалар бар. Биз маселени иликтеп көрүп, мамлекетке зыян келтиргени үчүн Данкверт боюнча кылмыш ишин козгошубуз керек.

Беларус президенти өткөн жылдын соңунда Евразия экономикалык биримдигинин Санкт-Петербург шаарындагы саммитине келбей койгон жана уюмдун жаңы Бажы кодексине кол койгон эмес.

Лукашенко Бажы кодексине кол койбогонунун себебин буга чейинки макулдашуулар иштебей жатканы менен түшүндүрдү.

Беларустун айыл чарбасы Орусиянын атаандаштыгына кабылды.
Беларустун айыл чарбасы Орусиянын атаандаштыгына кабылды.

Минскилик экономист Лев Марголин “Азаттык” радиосу менен маегинде Лукашенко Бажы кодексине кол койбой жатышын ириде мунай-газ тармагындагы соода эрежелери менен байланыштырды.

Марголин белгилегендей, беларус экономикасынын көп секторлору эң ириде ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнүн эмес, Орусиянын атаандаштыгына кабылды. Бирок тамак-аш, азык түлүк өндүрүшүнө келгенде атайлап бут тосуу да бар:

- Кандайдыр бир деңгээлде Лукашенко бул жерде туура эле айтып жатат. Ооба, Беларустун тамак-аш өндүрүшүндө көйгөйлөр бар, мисалы, санитардык жактан. Бирок, баары текшерүүлөрдүн көлөмүнөн көз каранды да. Текшерүүнү иргеп жүргүзүүгө болот, анда маселе чыкпайт. Мамиле чыңалган кезде текшерүүнүн ыргагы көбөйүп, атүгүл жапырт текшере башташат. Эгер кайсыл бир товардын партиясынан нормалар туура эмес чыкса, ошол заводдун же ошол аймактын продукцияларынын баарына тыюу салынат. Евразия экономикалык биримдиги, жалпы базарга карабай Орусия, Беларус тараптан да протекционисттик чаралар али өкүм сүрүүдө.

Россельхознадзор беларус продукцияларынын импортуна акыркы чектөөнү январь айынын соңунда киргизген. Анда Беларустун эки ишканасынан алар Украинада өндүрүлгөн уй этин өзүнүкү катары сатып жатат деп шек саналган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG